You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орусия аракты азырак ичип калды
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2003-2016-жылдар аралыгында алкоголдук ичимдиктерди ичкен орус жарандары 43 пайызга кыскарганын маалымдады.
Буга орус өкмөтүнүн алкоголдук ичимдиктерди азайтуу чаралары жана сергек жашоого үндөгөн өнөктүктөрү себеп болду, дейт уюм. Ошондон улам Орусияда жашоо узактыгы боюнча көрсөткүч оңолду. Учурда орусиялык эркектер орточо эсеп менен 68 жашка, аялдар 78 жашка чыгып жатат. Бул Орусия үчүн рекорддук көрсөткүч.
Орусия бир учурда алкоголдук ичимдикти эң көп ичкен мамлекеттер катарына кирген. 2003-2018-жылдар аралыгында алкоголдук ичимдиктен улам пайда болгон илдеттерден ажал тапкандардын саны дагы кыскарды.
Алкоголго каршы өнөктүктөрдү мурдагы президент Дмитрий Медведев баштаган. Өнөктүк убагында алкогол ичимдиктерди жарнама кылууну чектөө, ичимдиктерге салыкты көбөйтүү жана айрым убакыттарда анын соодасына тыюу салуу чаралары каралган.
Сара Рэйнсфорддун анализи
Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы
Алкоголго киргизилген чектөөлөр Орусиядагы эң чоң өзгөрүүлөрдүн бири катары саналууда. Москва шаарында түнү менен алкоголдук ичимдик саткан, аракка толгон киоскилер жок. Түн ортосунда көчөгө чыгып, тамекинин түтүнү толгон кепе сыяктуу бөлмөгө кирип, балык менен пиво иче албайсыз. Алкогол ичимдикти дүкөндөн кечки саат 11ге чейин гана алсаңыз болот.
Андан тышкары алкогол сатып алсаңыз деле, аны көчөдөн ичүүгө болбойт жана полиция муну көзөмөлдөп турат. Мыйзамды сыйлабагандарга айып пул салынат.
Алкоголго болгон чектөөлөрдөн тышкары, орус өкмөтү сергек жашоо боюнча өнөктүк жүргүздү. Москва негизинен орто катмарга басым жасагандай. Учурда орусиялыктардын көбү ден-соолугуна, туура тамактанууга көңүл бурат.
Ага карабастан бул маселе ден-соолуктан тышкары, экономикалык абалга дагы байланыштуу. Орусиянын жарды үй-бүлөлөрүндө арак ичүү дале кабыргасынан турат. Үйдөн жасалган алкоголдук ичимдиктер дагы кеңири пайдаланылып келет. (AT)