You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Экс-президенттин байлыгы менен саясий тагдыры талкууда
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстанда Жогорку Кеңеш экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окуудан кабыл алгандан тартып мурдакы президент Атамбаевдин топтогон байлыгын текшерүүнү талап кылгандар болуп жатат. Ошол эле убакта мындай аракеттин саясий кооптуулугун эскерткендер да чыгууда.
Экс-президенттин кол тийбестик укугун алуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өтөөрү менен эле Атамбаевдин жоопкерчилигин кароо жана анын байлыгын текшерүү керек дегендер четтен чыкты.
Долбоор экс- президент менен азыркы президенттин ортосунда каршылык курчуган учурга дал келип калгандыктанбы, айтор көпчүлүк жаңы мыйзам Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу үчүн жазылып жатат деп эле түшүнүүдө.
"Бул киши азыр даярданып жатат. Мен билем, Казанга, Гоага чыгара албай калган бир топ акчасы үйүндө. Укук коргоо органдары Атамбаевдин туугандарын, бөлөлөрүн, күйөө балдарын, өкүл балдарын, бүт баарын тыңшатып, текшериши керек. Бүгүн барып туруп тинтүүгө алса бери дегенде эле бир миллиард доллар чыгат. Ошону менен карызды жаап койсо болот. Бул кишини тууган туюшкан, куда-сөөктөрүн кошуп көзөмөлгө алуу керек. Ушул кезде акчаны катып жатышат",- деген эле Бишкектен мурдагы башчысы Нариман Түлеев жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде.
Атамбаев мамлекеттин эсебинен байыганбы?
Түлеев экс-президент мамлекетке тартылган ири долбоорлордун эсебинен өзүнө байлык топтогонун айтып чыккан жалгыз саясатчы эмес. Мурдагы мамлекет башчынын дарегине карата мындай дооматтар анын саясий атаандаштары тарабынан соңку учурда байма-бай айтылууда.
Экс-президенттин байлыгы жөнүндө сөздүн ырбашына бир жагынан Алмазбек Атамбаевдин өзүнүн билдирүүлөрү да себеп болгонсуйт.
Мурдакы президент саясатка аралаша электен мурун эле миллионер ишкер болгону "Апрель" телеканалына берген маегинде айткан эле.
"Мен убагында өз эмгегим менен байыгам. Бишкекте бир канча чоң заводдор меники болчу. Ресторандан чач тарачка чейинки майда-чүйдө бизнестеримди айтпай эле коёюн. 2002-жылы Түркиядагы бизнесимден түшкөн жылдык накталай кирешем 1 миллиард 900 миллион сомго жеткен. Ошончо акча тапкан киши, ошол каражатка өзүнө үй салса бул дагы күнөө болуп эсептелеби? Мени текшербей, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, миллиондогон акчаларга үй салып жаткандарды текшеришпейби. Өмүр бою мамлекеттик кызматта жүрүп мультимиллионер болгон Түлеев Атамбаевди камаш керек деп кыйкырып жатпайбы",- деген эле Атамбаев.
Авторитардык мамлекеттерди башкарган президенттердин бардыгы өлкө эсебинен байлык топтойт деген көз караш кыргыз саясий коомунда кеңири жайылган. Мунун башкы себебин, президентке болгон көзөмөлдүн жоктугунан көрүшөт. Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Равшан Жээнбеков:
"Ал эми Атамбаевдин акчалары боюнча айтсам, анын үйүндө миллиарддаган долларлар болушу мүмкүн эмес. Анткени биздин анчалык чыгымды көтөрө турган экономикабыз жок. Бийлик саясий жактан дагы, укуктук жактан дагы Атамбаевдин үйүн тинтүүгө ала албайт. Анткени бийлик үчүн мамлекетте кооптуу жагдайларды жаратып алуу коркунучу бар. Ошондуктан мындай кадамдарга бара албайт".
Айрым саясат талдоочулар мурдагы жана азыркы президенттин ортосундагы саясий конфликттен кийин экс-президенттердин кол тийбестиги жөнүндөгү мыйзам долбоорун саясий өңүттөн дагы алып карашууда. Анткени экс-президентке кандайдыр бир деңгээлде басым жасоо аракети болуп жаткандай дейт алар.
"Юридикада мыйзамдын артка карай күчү жок деген түшүнүк бар. Мыйзам өзгөртүү киргизилгенден кийинки окуяларга гана иштеши керек. Андыктан бул өзгөртүүлөр менен Атамбаевдин кол тийбестиги тууралуу маселени козгоо жөнөкөй болбойт",- деди саясат талдоочу Эмил Жураев.
Буга чейин коомдук ишмер Эдил Байсалов экс-президент чет өлкөдөгү мүлкү боюнча жалган маалымат бергенин айтып, анын Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу текшерүүнү талап кылган.
Ошондон кийин Башкы прокуратура экс-президенттин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды текшерүүнү УКМКга тапшырган.