Отузунчу өкмөттүн бейнеси

Өкмөт мүчөлөрү
Published

Кыргызстандын эгемендик тарыхында 29 өкмөт алмашып, 30-өкмөт бийликке келди.

Өткөн аптада парламент Сапар Исаковдун өкмөтүн ишенбестик көрсөтүү жолу менен кызматтан кетирди. Эми жаңы куралган өкмөттү Мухаммедкалый Абылгазиев башкарат. Өкмөттөгү министрлердин басымдуусу калып, вице-премьерлер алмашты.

Өкмөт мүчөлөрү тууралуу кыска маалыматтарды сунуштайбыз.

Мухаммедкалый Абылгазиев

50 жаштагы Мухаммедкалый Абылгазиев учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турганда 1-вице-премьер-министр кызматына келген. Мындан бир ай мурун эле президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалган эле. Ага чейин президенттин кеңешчиси, президент аппаратынын башчысынын орун басары болду. Аны Сооронбай Жээнбеков ишенимине кирген кадр катары сыпатташууда.

2000-жылдын орто ченинен тарта ысымы тааныла баштаган. Учурунда Социалдык фондду алты жыл башкарган. Аталган мекеме аркылуу өлкөдөгү жарым миллион ашуун пенсионерге пенсия берилип, дагы жүз миңдегендер социалдык жөлөкпул алышат. Эми Абылгазиев өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртып, пенсия, жөлөкпул, айлык-акылар көбөйгөндөй шарт жаратышы керек болот.

Жаңы дайындалган премьер-министр алды менен эле коштоп жүргөн кортежден баш тартары тууралуу кептер тарады. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жумушка эрте келип, кеч кетип, жолдор бөгөлбөй жатканын алкоого алынган. Эми жаңы өкмөт башчынын ашыкча коштоочулардан арылуу аракети, жумшка эрте келгени элдин назарына илинди.

Кубатбек Боронов

Сүрөттүн булагы, bbc

Биринчи вице-премьер кызматына келген 53 жаштагы Кубатбек Боронов баш-аягы сегиз премьер менен иштешкен.

2011-жылдан баштап Өзгөчө кырдаалдар министрлигин башкарып келе жатат. Боронов министр болуп иштеген жылдары табийгый кырсыктар болгон аймактарга өзү жетип барып, бир жерде өтүк менен баткак кечип жүрсө, бир жерде сел кечип жүргөнү - аны элге жакын көрсөттү. Өзү дагы интригадан алыс, эч бир саясий топторго кошулбагандай түр көрсөтүп келген.

Askarov

42 жаштагы Аскаров 2014-жылдан бери Ош шаарынын вице-мэри кызматында иштеди.

Учурунда Ош мамлекеттик университетинде Жаштар комитети болуп туруп, кийин Туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча Ош шаардык комитетин башкарган. ОшМУнун география факультетин бүтүргөн. Көзгө көрүнө турган эмгеги болсо, анысы али алдыда десе болот.

Жеңиш Разаков

51 жаштагы Жеңиш Разаков 1996-жылдан бери милиция тармагында иштеген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп жүрүп, Баткен облус бийлгинин жетекчилигине дайындалганы чоң саясатка жолун ачты.

Сооронбай Жээнбеков өкмөттү башкарып турган учурда 2017-жылы вице-премьер-министр кызматына келип, кийин эки ай Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турду. Андан соң президентин кеңешчиси болуп дайындалган эле.

Алтынай Өмүрбекова

45 жашта Алтынай Өмүрбекова 2010-жылы "Республика" партиясынын катарында депутат болуп шайланган. Бир жылдан кийин мандатын өз ыктыяры менен тапшырып, Бишкектеги райондордун бирин жетектеген. 2015-жылы Республика Ата-Журт" партиясы менен парламентке экинчи ирет депутат болду. Бир жарым жылдан бери парламентте вице-спикер болуп турду. "Республика Ата-Журт" фракциясы башкаруучу коалцияга киргенден кийин Өмүрбекова өкмөттүн курамындагы жогорку кызматтардын бирине келди.

Кашкар Жунушалиев

57 жаштагы Кашкар Жунушалиев укук коргоо тармагында көп жылдар иштеген. 2010-жылы Ички иштер министринин орун басары болуп турган. Андан кийин төрт жыл Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетектеди.

2016-жылы Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ал Ички иштер министрлиги бирин-бири кайталаган структураларды жоюп, милиция кызматына контракт менен кабыл алууну баштоо тууралуу айткан.

Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектеп турганда милиция кызматкерелерине батирлерди тапшыруу салтанатында ошол кездеги президент Атамбаев: "милициянын айрым жетекчилери өздөрү да мыйзамсыз иштерге аралашканын" мисал келтирип, реформа кечеңдеп жатканын катуу сынга алган. "Эгер Кашкар (Жунушалиев) тазалай албаса, мен тазалайм" деген эле Атамбаев. Көп өтпөй Жунушалиев ИИМдин жетекчилигинен кетип, ордуна Атамбаевдин жансакчысы болуп жүргөн Улан Исраилов келген эле. Эми кайра Исраиловдун ордуна Жунушалиев дайындалды. (AbA/AT)