You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Депутаттар принцип менен намыска тура албадыбы?
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Өкмөт башчы кызматынан кеткен Сапар Исаковдун "парламент саясий өлүккө айланып баратат" деген сөзү боюнча Жогорку Кеңеште чара көрүү талабы коюлду.
"Ата Мекен" фракциясынын өкүлү Каныбек Иманалиев бүгүнкү парламенттин кезексиз жыйынында Сапар Исаковдун айткандары боюнча чара көрүүнү спикер Дастан Жумабековдон талап кылды.
"Кеткен премьер-министр парламентте "120 өлүк отурат" деди. Бул көчөдөгү адам эмес да. Сиздер сегиз ай мурун 98 добуш менен шайлаган мамлекеттик ишмер айтып атат. Регламентке ылайык, парламенттин беделин жана аброюн коргоого төрага милдеттүү. Парламенттин намысын кантип коргой аласыз?", - деди Иманалиев.
Буга парламент төрагасы кыска жооп кайтарып, сөзсүз мыйзам чегинде териштирүү болорун айтты.
"Саясий өлүк"
Өкмөт башчылыктан кеткен Сапар Исаков мурунку президент Алмазбек Атамбаевге таандык делген "Апрель" телеканалына интервью берип жатып, Жогорку Кеңешти "саясий өлүк" деп атаган.
"Депутаттар принципке тура алышпады. Ар бир адамда, саясатчыда принцип деген болуш керек. Эгер ал бир позицияны айтып жана аны кармана билсе, анын келечеги болот. Партияныкы болобу же башка болобу, алар карманган принцибине аягына чейин турушу керек. Кандайча ушундай болуп кеткенин өзүм да түшүнбөй калдым. Азыр айканым катуу тийиши мүмкүн, бирок азыркы биздин Жогорку Кеңеш саясий өлүккө айланып бара жатат", -деген болчу Сапар Исаков.
Ошондой эле Исаков парламент депутаттарын принципсиздик үчүн айыптап, алардын айынан Кыргызстан башка мамлекеттерге уят болуп жатканын айтты.
Жума күнү Жогорку Кеңеш 102 добуш менен Сапар Исаков башында турган өкмөттүн отчетун канаттандырарлык эмес деп таап, кызматтан кетирген.
Жаңы жана эски президенттердин тиреши
Исаков өзү мындай саясий бурулуш ал үчүн күтүүсүз болду дегени менен, талдоочулар бул күтүлгөн эле окуя болчу дешүүдө.
Себеби президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Атамбаевдин кадры делген УКМКнын төрага орун басары Болот Сүйүнбаевди иштен алгандан кийин, өкмөт башчы аны кайра Каржы полициясынын жетекчилигине дайындаган.
"Бул "Сооронбай Жээнбеков сен ким элең? Биз чечебиз" деген сигналды, көз карашты коомго ыргыткылары келди. Бирок анын жыйынтыгында Жээнбеков андан дагы күчтүү кадамга барып, отставкага кетирүү процессин өздөрү аябай тездетип салышты", -деп сереп салат мурунку депутат Равшан Жээнбеков.
"Чөнтөк парламент"
Кыргызстан парламенттик башкарууга мындан сегиз жыл мурун өткөнүн жарыя кылган.
Бирок талдоочулар Кыргызстан де-юро парламенттик болгону менен иш жүзүндө жарым-жартылай президенттик, аралаш башкаруудагы өлкө экенин айтып келишет.
Жогорку Кеңештеги соңку маанилүү саясий чечимдер президент таасирдүү саясий фигура экенин дагы бир жолу тастыктагандай болду.
Парламенттик шайлоонун азыркы системасы жана Жогорку Кеңешке келген азыркы сапаттык курам парламенттик башкарууну жүзөгө ашырууну мүмкүн кылбай турат, дейт саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев.
"Биз парламенттик башкарууга өттүк деп айтканга деле болбойт, кадам койгонбуз. Азыр бир башкаруунун партиялык-олигархиялык режимине келип калдык. Партия жетекчиси менен мүчөлөрү мандат сатышып, сатып алышып, байлык менен бийликти айкалыштырып коюшту. Ошонун негизинде чөнтөк парламентке туш келип калдык", - деди Бөрүбашев.
Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков Европага болгон иш-сапарында Евробиримдик лидерлери менен жолугуп жатып, Кыргызстан "парламенттик демократияга өтөрүн" айткан.
Бирок серепчи Бекбосун Бөрүбашев Жогорку Кеңештин азыркы курамынын сапаты демократиялык эмес, олигархиялык мүнөздө болгондуктан, бул жакынкы келечектин иши эмес деген пикирде.