You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Абылгазиев премьер-министр болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу Жарлыктарга кол койду.
Буга чейин Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиевди премьер-министрлик кызматка жана ал сунуштаган өкмөт курамын бекиткен. Өкмөттөгү министрлердин басымдуусу калып, вице-премьерлер алмашты.
Премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиев дайындалды.
Биринчи вице-премьерликке Кубатбек Боронов келди, ал көп жыл өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеди.
Вице-премьер-министрлердин ордуна Замирбек Аскаров, Жеңиш Разаков, Алтынай Өмүрбекова бекитилди.
Өкмөттүн аппарат башчылыган Мурат Мукамбетов бекитилди.
Өкмөттөгү башка жетекчилер:
Ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев.
Юстиция министри – Айнур Абдылдаева.
Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев,.
Экономика министри – Олег Панкратов.
Каржы министри – Адылбек Касымалиев.
Транспортжана жолдор министри - Жамшитбек Калилов.
Билим берүү жана илим министри – Гулмира Кудайбердиева.
Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов.
Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев.
Саламаттык сактоо министри - Космосбек Чолпонбаев.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова.
Маданият, маалымат жана туризм министри - Султан Жумагулов.
Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы – Идрис Кадыркулов.
Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү комитетинин төрагасы – Улан Рыскулов.
Коргонуу боюнча комитеттин төрагасы – Эрлик Тердикбаев.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитеттин төрагасы – Бакыт Шаршембиев.
Абылгазиев бир күн ичинде даярдалган программасын парламентте тааныштырды.
Ал убакыт кыска болуп калганын өзү белгиледи:
"Ачыгын айтышым керек, убакыт аз болуп калды. Кечээ КСДП фракциясы менин талапкерлигими сунуштагандан кийин эксперттер менен иштедик. Мен өкмөттө бир жарым жыл биринчи вице- премьер-министр болуп иштедим. Аздыр көптүр тажрыйба топтоум. Ошол тажрыйбама, болгон маалыматтарга таяндым".
Абылгазиев "Таза коом" программасынын алкагындагы санариптештирүү жана башка долбоорлор улантыларын айтты.
Ал экономика, социалдык сектор жана башка тармактарга токтолуп, андан сырткары өкмөт саясаттан алыс болоорун кошумчалады:
"Аткаруу бийлиги саясий процесстерге жана дебаттарга аралашпастан, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоо боюнча аткаруучу функцияларын ишке ашыруу менен гана алектениш керек".
Кыргызстанда министрликтерди жана башка бардык ведомстволордун жалпы саны отуз үч.
Депутат Абдывахап Нурбаев өкмөттү кыскартууну сунуштады:
"Чакан, тыкан өкмөт болуш керек. Андан кийин өкмөт ачык болуш керек. Электрондук башкаруу системасын тезирээк киргизүү зарыл, ага Эстониянын мисалын алсак болот".
Депутаттар ар тармактагы актуалдуу суроолорду беришти.
Ал эми өкмөттүн курамына ичи чыкпагандар да болду.
Алардын бири депутат Мыктыбек Абдылдаев:
"Парламент мурунку өкмөттүн курамына ишеним көрсөткөн жокпуз, туурабы? Биз премьерге эмес, бүт өкмөткө көрсөткөн жокпуз да. А эмне үчүн экси өкмөттүн 50 пайызы кайра келди?".
Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн курамындагы эки киши мурда соттолгонун, саламаттык сактоонун башына адискөй эмес, фармацефт келип жатканына нааразылыгын билдирди.
Депутаттар айрым сындарды айткан менен Жогорку Кеңеш өкмөттү 115 добуш менен шайлады. Депутат Кожобек Рыспаев сөз сүйлөп жатканда парламент дайыма колдоп берээрин айткан.
Өкмөттүн курамы менен программасы
Саясат таануучу Аида Алымбаева Сапар Исаковду гана кетирүү максаты турган, бул жерде өкмөттүн курамы же программасы тууралуу сөз да кылууга болбойт дейт.
"Мурдагы өкмөттүн кызматтан кетиши, азыркы жараяндар президенттин каалоосу менен болуп жатат. Бул абдан өкүнүчтүү, Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттүн ичинде бир катар жетекчилерди кызматтан кетирди. Бул өз бийлигин күчөтүп жатат дегенди билдирет. Ал эмнеге алып бараары тынчсыздандырат. Анткени Атамбаев сыяктуу эле каалаганын кызматтан алып, каалаганын коё берет", - деди Би-Би-Сиге Аида Алымбаева.
Ал депутаттар өкмөттү эмнеге шашылыш шайлады деген суроо коюп, парламенттин президенттен көз карандысыз болууга ушу тапта чыйыр салуу мүмкүнчүлүгү бар эле деди.
Кадрдык кызматтын мурдагы директору Чолпонкул Арабаев мурдагы өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин өкмөттүн курамы жок дегенде 80 пайызы жаңыланыш керек болчу дейт:
"Кыргызстанда бардык тармактар боюнча кадр жетиштүү, көп. Ошол эле алдыга жылбай жаткан айыл чарба, өндүрүш боюнча жакшы кадрлар бар болчу. Өкмөт абдан тездик менен, шашылыш куралды. Бирок үмүт кылып туралы. Жаңы премьер-министр социалдык жакты жакшы билген адам".
Арабаев биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду да тажрыйбалуу адис катары жакшы баалайт. Ал эми Оштун вице-мэри болуп иштеп келген Замирбек Аскаров өңдүү жаңы келгендерге сындар айтылып жатканына көңүл буруп, команда премьердин гана каалоосу менен эмес, узак сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен түзүлдү деп эсептейт.
Бул өкмөттүн жаш курагына да сындар айтылды. Эски кадрлар келди деген сынга Абылгазиев жакшы иштегендерди калтырдык деп жооп берди. Ал иштей албаса айрым өкмөт мүчөлөрү кетет деди.
Ошондой эле өкмөт башчысынын талапкерлиги башкаруучу коалицияда каралып каралбаганы да суроо жаратууда.
Сапар Исаков баштаган өкмөт 19-апрелде кызматтан кеткен. Ага ушул эле күнү Жогорку Кеңеш ишенбестик көрсөтүп, саналуу сааттан кийин президент өкмөттү кызматтан кетирүү боюнча жарлыкка кол койгон.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтык жолу
Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппараттын башчылык кызматын аткарып жаткан.
Андан мурда президенттин кеңешчиси, президент аппаратынын башчысынын орун басары болду. Сооронбай Жээнбеков өкмөттү жетектеп турган учурда биринчи вице-премьер-министр болуп иштеди. Андан мурда Социалдык фондду алты жыл башкарды.
Ал биринчи вице-премьер кызматында турганда ошондогу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун ишенимине кирген деп айтылууда.
Мухаммедкалый Абылгазиев1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.
1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
1994-1995-жж. - «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;
1995-1997-жж. - «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;
1997-1998 -жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;
1998-1999 -жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын жетекчиси;
1999-2003-жж. - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;
2003-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жетекчиси, аппарат жетекчиси, башкармалыгынын мүчөсү;
2009-2010-жж. - Социалдык фондун төрагасынын орун басары;
2010-2016 жж.- Социалдык фондунун төрагасы;
2016-2017 жж.- Биринчи вице-премьер-министр;
08.2017-09.2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2017-жылдын 12-сентябрынан - Президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары;
2018-жылы 16-марттан Президенттин аппаратынын жетекчиси.