You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Өмүрбек Бабанов жаңы президентти куттуктады
"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Өмүрбек Бабанов билдирүү таратып, президенттик кызматына киришип жаткан Сооронбай Жээнбековду куттуктады.
"Бүгүн Кыргызстанда жаңы президент кызматына киришти. Мамлекет башчы бийликти өз ыктыяры менен тапшырды. Өлкөдө туруктуулук. Бийликтин алмашып жатканы чоң жетишкендик! Мен бул күн менен кыргызстандыктарды куттуктагым келет! Сооронбай Шарипович, сиздин алдыңызга чоң миссия турат, Алмазбек Шаршенович түптөгөн ишти улап, өлкөдөгү туруктуулук жана тынчтыкты бекемдөө. Ошондой эле Кыргызстанда демократиялык жана укуктук мамлекетти орнотуу, элди өнүгүү жолуна салуу. Кыргызстандын биримдиги жана бүтүндүгү баа жеткис байлык. Ал себептен биздин ниетибиз окшош экенине ишенем. Сизди Кыргыз республикасынын президенти катары кызматка киришип жатышыңыз менен куттуктайм! Кыргызстаныбызда мыйзамдын үстөмдүгү дагы да орноп, мамлекет реформалары менен өнүгүп, дүйнөдөгү үлгүлүү өлкө болооруна ишенем”,- деп билдирди депутат Бабанов.
Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Айрым серепчилер анын президенттик шайлоодон жеңип чыгуу мүмкүндүгүн да жогору деп балап келишкени бар.
Бирок жыйынтыгында ал экинчи болуп келди. Шайлоонун үгүт иштеринин жүрүшүндө ага карата маалыматтык чабуулдар күч болду деп билдирген эле Бабановдун тарапкелери. Айталы, анын казак президентинин кабыл алуусунда болгону Алмазбек Атамбаевди катуу ачуулантып, эки өлкөнүн расмийлери ортосундагы кайым айтышууларга себеп болду. Соңку чек арадагы абалдын бир себебин дагы ушундан улам деп чечмелегендер бар.
Шайлоодон кийин Башкы прокуратура Бабановдун Ошто шайлоочулар менен жолугушуу маалындагы сөздөрүнүн негизинде "Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштап, улут аралык кастыкты козуткан" деп ага каршы кылмыш ишин козгогон.
Бирок Өмүрбек Бабанов ден-соолугун чыңдоо үчун чет жакта жүргөнү кабарланды. 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидерлигинен өз арызы менен кетти.