You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Президент Атамбаев шайлоодо Бабановдун алдыда баратканын төгүндөгөн билдирүү жасады
Кыргыз Президенти Алмазбек Атамбаев шайлоочуларга жалган маалыматтар таңууланып жатканы жөнүндө билдирүү жасап, президенттикке талапкерлердин рейтинги жөнүндө социологиялык сурамжылоолордун натыйжаларын коомчулукка жарыялады.
«Эл-пикир», «СИАР» социологиялык кызматтары ушул жылдын март айынан октябрга чейин жүргүзгөн сурамжылоолор боюнча эки жума мурда «Республика» партиясынын лидери Ѳмүрбек Бабанов 30-38% менен алдыда бараткан. Октябрь айынын башындагы көрсөткүч боюнча 40,4% менен СДПКнын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдыга озгону байкалат. Ал эми Ѳмүрбек Бабановдун рейтинги 21% чейин түшүп кеткен. Ал эми калган талапкерлер Жээнбеков менен Бабановдун чаңында калышкан.
«Шайлоочулар аларга жалган маалыматтын таңууланышынан да корголушу керек. Президенттик шайлоонун маанисин жана анын натыйжаларынын өлкөнүн тагдырына болгон таасирин эске алганда, коомдук пикирди бурмалоо коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугуна жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук кызыкчылыгына орчундуу зыян алып келиши мүмкүн. Тилекке каршы, мунун мисалы болуп талапкерлердин бирөөсүнүн ага биринчи турда «калктын 65%» колдоп добуш берүүгө даярдыгы жөнүндө эч нерсеге негизделбеген билдирүүсү эсептелет»,-деп айтылат Президенттин билдирүүсүндө.
Бул жерде жергиликтүү ММКлар президент Атамбаев келтирип жаткан мисал Ѳмүрбек Бабановго тийиштүү болуп айтылып жатканын жазып жатышат. Аталган талапкер 1-октябрда басма сөз жыйынында шайлоо жарышында алдыда баратканын, атап айтканда шайлоочулардын 65% аны тандоого даяр экенин айткан жери бар. (КС)