"Мегакомду" "мээлеген" Нагорная ким?

    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Мегаком деген ат менен танылган "Альфа Телекомду" орусиялык кардар сатып алаары тууралуу маалымат талкууларга жем таштады. Өкмөт аталган компанияны сатуу зарылдыгын айтканы менен ага тикелей каршы чыккандар да жок эмес.

Мегаком сатылат деген маалыматтан кийин эле коомчулук анын баасынан мурун компанияны ким сатып алаарына көбүрөөк кызыккандай. Себеби сатып алат деп жаткан кардардын ысымына байланышкан толгон-токой маалыматтарды бөлүшүп жаткандарын байкоого болот. Алар өкмөттү кылдат болууга чакырып, талкуусу токтой элек "Лигластын" нугуна кайра түшүп албайлы деп чакырып жатышат.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов аты аталып жаткан кардар Елена Нагорная ишкер болгону менен капчыгы өтө эле жука экенин айтып, өкмөттү ойлонуп иш кылууга чакырууда.

"Елена Нагорная тууралуу маалыматты беш мүнөттө эле интернеттен таап чыктык. Кениядан чай, кофе ташыган да чын экен. Бирок бир жылда алтымыш үч миң доллардын айланасында соода-сатыгы кылат экен. Ал тургай үч миң доллар чыгымга да учураптыр. Бул маалыматты азырынча кардар өзү турсун өкмөт да жокко чыгара элек. Кечирип койгула, анан мындай кардарга кантип ишенүүгө болот? Биздин эле айтылуу базарларда жыл турсун бир жумада алтымыш үч миң доллар айланткан эжелер жүздөп саналат. Ошолорго эле берибейлиби анда? Мындай болбойт, "Мегаком" деген дүкөн эмес да",- дейт Эдил Байсалов.

Буга чейин бир нече жолу мегакомду ачык аукцион аркылуу сатуу аракети болуп, ал ишке ашпай келген эле. Аягында аукциондон үмүт акталбай баратканын жүйө келтирген өкмөт, компанияны түз сатуу чечимин кабыл алган. Бычылган баа боюнча компаниянын баасы 13,5 миллиард сом деп аныкталып, ага жети пайыздык комиссиялык төлөм да кошулган. Башынан эле бул компанияны сатууга каршы чыккан парламенттин айрым депутаттары, миллиондоп киреше берген тармакты өкмөт эмнеге сатып жатканына түшүнбөй жаткандарын да айтып келет.

"Сатыла элек жатып элдин баарын ызы-чуу кылып маалымат чыгарбай эле турбайсынарбы? Мунуңар дагы "Лиглас" же Маеквскийдей болуп болуп чыкпайбы деп пикиримди айттым. "Мегакомду" жеке менчикке берүүдөн деле майнап чыкпайт. Артынан чуу чыга берет деп ойлойм. Мамлекеттик мүлктүн мурдагы жетекчисин дал ушуну сата албай койдуң деп кызматтан алган. Азыркы жетекчиси келээри менен кардар бар, сатам деп айткан. Бирок кардарынан кабар жок болду. Баасы да төмөндөдү. Буга чейин БНК сатылды эле, азыр коттедждер сатылып атат. Бул да ошолордой болбойбу, мафиянын колу жокпу деп күмөн санаганымды айттым",- дейт Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков.

Бирок Мамлекттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков аталган компанияны сатуу эң пайдалуу чечим экенин айтып, күндөн-күнгө телефондук байланыш менен иштеген компаниялардын кирешеси төмөндөп жатканын жүйө келтирген.

"Бир нече жыл мурун азыркы баадан да кымбат баада сатыкка чыкты эле. Азыр андан арзаныраак. Кийин мындан да арзандап кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Эртең телефон чалып сүйлөшпөй эле ватсап, вайбер жана башкалары менен интернетке өтө турган болсо кандай болот? А технология менен жарышып Кыргызстан азырынча спутник учуруп жибере албайт да",- дейт Мамлекттик мүлк фондунун директору Болсунбек Казаков.

Коомчулуктун дагы бир тобу компанияны сатып, андан түшкөн каражат кайда жумшалат болду экен деп кулак түруп турган чагы. Болсунбек Казаков аны сатып, акчасын өкмөткө төгүү милдети экенин айтып, каражатты өкмөт бөлүштүрө турганын билдирди. Ошондой эле өзү мүмкүн болсо каражатты дыйкандарды үзгүлтүксүз каржылоо ишине жумшоо сунуншун берип жатканын да кошумчалады.

Аталган компаниянын аты бир нече чырлуу окуяларга да чырмалышып келет. Колдон колго өтүп турган учурда чет өлкөлүк "Пенвел " аттуу компания да каражат жумшаганын айтып, анын акцияларынын кайсы бир болүгүнөө ээ экенин бир нече ирет айтып чыккан. Алар ал тургай ири суммадагы доо менен эл аралык сотко кайрылып жатышканын жергиликтүү маалымат каражаттары да жазып чыгышкан. Бирок алар менен кайда болбосун соттошуудан коркпой турганын айткан өкмөт, "Мегаком" 100 пайыз мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирген.