Аутизмди эненин канын текшерип аныктаса болот

Published

Окумуштуулар баланын аутизмге кабылуу ыктымалдыгын эненин кан анализи аркылуу так аныктоо жолун табышты.

Аутизмге кабылган балдардын бештен биринде бул илдет эненин иммундук системасы түйүлдүктүн мээсине, нерв системасына зыян келтиргенде пайда болот.

Аутизм - биологиялык мүнөздөгү дарт, жөнөкөй тил менен айтканда, баланын өнүгүүсүнүн бузулушу деп айтууга болот. Аутизм тубаса оору жана азыркыга чейин аны дарылоо жолдору табыла элек.

Калифорния жана Стэнфорд университетинин окумуштуулары эненин түйүлдүктүн мээсине зыяндуу таасир кылган кандагы антитулкуларды аныкташты. Ошондо кан анализ аркылуу аутизмге кабылуу ыктымалдыгы бар же жогун жүз пайызга так айтууга мүмкүн.

Изилдөө учурунда балдарына аутизм диагнозу коюлган 450 аялдын жана андай диагноз коюлбаган 342 келиндин кан плазмасы иликтенген. Окумуштуулар түйүлдүктүн нерв системасын куруткан кандагы сегиз протеинге байкоо салышкан.

Буга чейин эненин иммунитети түйүлдүктүн нерв системасын бузуп салгандыктан аутизм дарты пайда болот деген пикир бар эле. Эми окумуштуулар антитулку дагы түйүлдүктүн мээсине таасир этерин аныкташты.

2019-жылы Калифорния университетинин окумуштуулары Карен Жонс менен Жуди Ван де Уотер эненин канындагы антитулкулар түйүлдүктүн маанилүү саналган нейрондорундагы протеиндерге таасир этип, андан улам түйүлдүктүн нерв системасын начарлаткан эненин канындагы антитулкулардын өсүшүнө алып барган жараянды көрсөтүп беришкен.

Бул жолу окумуштуулар ошол антитулкулар түйүлдүктүн өнүгүшүнө кандай таасир эткенин аныкташты. Окумуштуулардын ыкмасы аркылуу аутизмге кабылуу коркунучун анализ аркылуу 100 пайыз так айтууга болот. Белгилей кетчү жагдай, бул ыкма аутизмдин ыктымалдыгын гана аныктайт. Аны аутизм диагнозун коюу ыкмасы катары колдонууга болбойт. Мисалы, 31 жаштагы эненин канында айрым антитулкулар аныкталса, анын баласы аутизм менен төрөлүлүшү ыктымал деген гана сөз болот.

Кыргызстанда адистер аутизм маселеси абдан курч көйгөйгө айланып келе жатканын белгилешүүдө. Бирок өлкөдө аутизм менен жабыркагандардын расмий эсеби жок. Бейөкмөт уюмдар Кыргызстанда миңге чукул бала бул дарт менен жашап келгени айтышат. Учурда аутизм менен төрөлгөн балдарга атайын мектептер жокко эсе жана кыргызстандыктар бул дартка көп маани бербей келүүдө.