You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Султан агай мекени үчүн чабуулчу, коргоочу, дарбазачы да болду
- Author, Айбек Абдылдаев
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматы
- Published
Устатыбыз Султан Жумагуловдон айрылганыбызга жыл айланыптыр...
Футболго чогулган сайын ордун жоктоп жүрдүк, анын орду бардык жерде жоктолуп, жетимсиреп турду. Бирок турмуш токтоп калбагандан кийин, тирүүнүн күнү улана берет экен. Ай өткөнүн, жыл айланганын элес албай калат турбайбызбы. Оо дүйнө кеткен асыл кишилер тууралуу эскерүүлөр дагы акырындап соолуй берет экен.
Султан агай менен чогуу иштеп калгандагы жалпы темабыз алды менен футбол болгон. Ошол күн эсимде калыптыр. Өтө эле талапчыл, кырс көрүнгөн Султан агайдын чыныгы эмоциясы футбол тууралуу баарлашууда даана көрүнүп, ак көңүл, жүрөгү таза киши экени сездирип турчу. Кийин жалпы темаларыбыз оголе көп болду. Жаш баладай кудуңдап, жарылып сүйлөшкөн темабыз футбол бойдон кала берди...
"Үкөм, сен качан келчүдөйсүң, Бишкекте чогулуп футбол ойноп жатабыз",-деп жазыптыр акыркы каттарында. Мен Оштон Бишкекке келгенден кийин бир гана жолу чогуу футбол ойнодук. Футбол талаасында дагы көрөгөч, талаадагы кыймылды сезе билген көсөм эле. Дарбазага гол киргизе турган топторду чыгарып берип, акырын чабуулдун соңун күтүп калчу. Ал топту эптей албасаң, жемелеп, тилдеп да калаар эле. "Оозуңдагыны чайнап жей албайсың" деп...
Кыргыз улан-кыздарынын тың, билимдүү, маданияттуу, жигердүү болушун каалаган. Ошон үчүн жерлигине, уруусуна, партиясына карабай идиректүү балдарга акылын айтып, билгенин үйрөткөнгө дилгир эле.
Жаңы жумушка келгенде "Биринчи топ тепкен кыргыз" деп, Кайып Оторбаев тууралуу, азыркы кыргыз футболу тууралуу радио материал жаса деп сунуштады. Өзү ал кишиге чалып, "азыр биздин кабарчы барат" деп дайындаган. Тоо-ташта өскөн кыргыз баласы деле топ тебе алат, футбол ойноп, эл аралык аренага чыга алат деп, катуу сүрөйт эле. Биз болбой эле тескериленип, кыргыздар качан футболду өнөр же кесип катары көрүп, балдарын муштумдайынан тарбияламайын өспөйт деп көөшөрөбүз. Элдин арасынан таланттар чыгат, анан көңүл бурулат , деп агай акыр аягына чейин ишенди. Ошон үчүн кыргыз футболчуларынын алгачкы ийгилигине биринчи Султан агай кубанды!
"Футбол классиктери айтмакчы, азыркы футбол - бул улуттун ички дүйнөсүнүн чагылышы. Курсагы ток, көңүлү өскөн улут басыгынан билинет. Биздин жигиттер жашыл майсаңда классы жагынан бийик атаандаштарынын алдында басынып калбай, тең ата, айрым учурларда өйдөрөк оюн көргөздү. Күйөрмандар мына ошого ыраазы болуп тарады. Мелдештеги маанай, атмосфера былтыр сентябрдагы Көчмөндөр оюнун эске салып турду. Улутубуздун намысы бекемделип, бир үйдүн - өлкөнүн балдарыбыз деген сезим өөрчүгөнүнө дагы бир жолу күбө болдук. Бул жолку таймаштын сабагы ушунда. Жеңишибиз ушул. Биздикилер эсептен утулганы менен улуттук намыс жагынан жеңди!",-деп Кыргызстан-Австралия беттешинен кийин. 2015-жылы агай "Азаттыкка" блог жазган.
-Агай бизге деле жазып бербейсизби?,-десем.
-Сен өзүң бүт эле чет элдик клубдарды сүрөп, кыргыз футболун жээрип жүрсөң,-деп тамашалады.
Эми футболду сүйгөн Султан Жумагуловдун элесине арнап, шакирттери турнир уюштуруп жатабыз. Агай бу жарык дүйнөнү таштап кеткенде, жер муштап кайгырган кыргыз журту, аны жакындан тааныган өнөр адамдары, чыгармачыл чөйрө "Журналистканын султаны" эле деп каңырыгы түтөгөн эле. Мен бүгүн агай футболдун дагы султаны эле деп айта алам.
"Агай журналистиканын султаны, калыстыктын султаны, эмгекчилдиктин султаны болчу. Таңкы саат беш-алтыларда эле жумушка келчү. Бизге тапшырмаларды сегиз-тогуздарда эле берип салчу. Ошондой эмгекчил эле. Өмүрүнүн акырына дейре ошондой иштеди",-деп эскергени бар Би-Би-Сиде бир топ жыл агай менен чогуу иштеген шакирти, азыр Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси, кесиптеш агам Ибраим Нуракун уулу.
Убактыңды туура бөлүштүрүп, футболду калтырбай жүр,-деп кеңеш айтты бирде. Ичимден ойлодум, ачыбаган камырдай болуп толуп кетсем керек. Агай ошону кыйытып жатат го. Эми бизге андай кам көрүп, футбол ойно деген эч ким жок...Биз болсо агай салган жол менен басканга аракет кылабыз. Кээде тамтаңдап, тескери кетебиз. Бирок кайра ошол жолго түшөбүз. Компас берип кеткен окшобойбу колубузга...
Өмүр жолу
Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин журналист адистиги боюнча бүтүргөн.
1981-жылы республикалык "Ленинчил жаш" газетасында кабарчы, жооптуу катчы болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.
1991-1993-жылдары "Эркин-Тоо" газетасында редактордун орун басары;
1993-1995-жылдары Kyrgyzstan Chronicle басылмасында редактор котормочу, баяндамчы;
1995-2000-жылдары "Асабада" баяндамачы, жооптуу катчы;
2000-2009-жылга чейин Би-Би-Си кыргыз кызматында башкы кабарчы болуп эмгектенди.
2009-жылы Президенттин катчылыгында эксперттик-аналитикалык кызматты жетектеген.
2010-жылы "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсеинин директору;
2013-жылы ЭлТР коомдук телеканалынын директорунун милдетин аткаруучу;
2014-жылы КТРК башкы директору кызматында иштеген.
2017-жылы Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган эле.