You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Москвадагы жеңиш парадына Жапаров менен Токаев катышат
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
9-майда Москвадагы жеңиш парадына кыргыз президенти Жапаров эле эмес, Казакстандын президенти Токаев дагы катышары жарыяланды. Ошол эле учурда постсоветтик башка өлкөлөрдүн да лидерлери барышы мүмкүн болууда. Орусиянын Украинага кол салганы дүйнөдө кескин сынга кабылган убакта, постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлери Кремлге баруудан баш тарта алат беле деген суроо талкуунун чордонунда.
Кыргыз президенти Москвага 7-майда келип, бир катар расмий жолугушууларды өткөрүп баштаган. Дүйшөмбүдө Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жолугушуусу болду.
Кыргызстандын лидери Москвага мурда барбай жүргөнсүп бул сапарга эмнеге мынчалык кызыгуу күч болуп жатат? Садыр Жапаров жарым жыл мурда эле Санкт-Петербургда Путин менен жолугуп келген эле.
Бул жерде Украинага басып кирген үчүн Россияны жаман көрүп жаткандарга Садыр Жапаровдун Москвага 9-майда баратканы анын Путиндин саясатына тилектеш болгондой таасир калтырууда.
“Учурдагы абалда Маскөөгө барыш - чоң жанылыштык. Эртенки күнү деле Путин менен эч ким кол алышпайт. Украинада өткөндө немис фашисттерден аман калган ветеран орус фашисттердин колунан курман болду! 21-кылымдагы заманбап ракета менен өлтүрүштү. Можем повторить деп Киевди бомбалап атышат",-дейт Бишкектен Айбек Акматалы.
Президенттин Москвага барышына каршы болгондордун дагы бир жүйөсү коопсуздук болуп жатат.
"Садыр Жапаров 9-майда өтө турган Москвадагы парадга барбай эле койгону оң. Анткени жашырганда не, коопсуздук маселеси күчөп турат,-дейт аналитик Жыргалбек Касаболот. - Орусиянын өзүндө көп шаарларда бул күнгө карата мурда өткөрүлүп келген бир катар иш-чаралар өткөрүлбөй турган болду. Жакында Москвада жарылган дрондорду украиндер орустун ФСБсына, орустар украиндерге шылтап турган кези. Биз чындыгында эмне болгонун билбейбиз, аны ошол окуяны уюштургандар өздөрү гана билет. Бирок кандай болгон күндө да, бул жана ага чейинки башка окуялар Орусиянын абадан коргоо күчтөрү, дегеле коопсуздукту камсыз кыла турган системасы идеалдуу эмес экенин көрсөтүп койду. Ушундан улам, парад убагындагы штаттан тышкаркы кырдаал чыга турган болсо ага согушуп жаткан эки тараптын тең объективдүү кызыкчылыгы бар. Кимисинин кызыкчылыгы иштегенин териштириш өтө кыйын болот."
Бирок талаш-талкуунун экинчи четинде бул жерде реалдуулук менен эсептешүү керек дегендер бар. Анткени Россия Кыргызстандын эң башкы саясий стратегиялык жана аскердик союздашы. Экономикалык эң чоң өнөгү. Көп жылдан бери тышкы соодасынын үчтөн бир бөлүгү Россия менен болуп келатат. Анын үстүнө кыргыз экспортунун 44% Россияга туура келет. Эки өлкө сегиз жылдан бери бир экономикалык биримдикте. Ошол эле убакта бир миллиондон ашык кыргыз жарандары Россияда иштеп жан багып, үйүнө акча салып жатат.
“Россия менен Кыргызстан ЖККУ, ЕАЭБ алкагындагы стратегиялык өнөктөштөр. Россия менен араздашуу, мамилени бузуу кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбейт. ЕАЭБден чыгып, кенен жерге ээн-эркин кирип чыгуудан, эбегейсиз ресурстарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыроодон ашкан келесоолук жок болсо керек. Москвадагы жыйындан кийин калып, парадка катышып, кененирээк баарлашып, маселе чечип алуу оруска эмес, биринчи кезекте бизге керек”,- дейт саясат талдоочу Сабыр Муканбетов “Арыба” сайтындагы маегинде.
Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңишти Россия менен бирге Кыргызстан да майрамдайт, ошондуктан бул жерде Москвадагы жеңиш парадына кыргыз президенти конок катары катышканынын эрен-төрөнү жок дешет.
«Президент Жапаровдун Москвага барышын орус-украин согушунда Россияга колдоо көрсөтүп жатат деп түшүнүү керек эмес. Өзү деле ал жердеги жолугушууда, сүйлөшүүдө, сый тамак үстүндө баскынчылык согушту колдой тургандай ишарат кылбайт болушу керек деп ойлойм. Президент Садыр Жапаров Москвага барып Кызыл Аянттагы парадга катышса – муну биз Улуу Жеңишке таазим кылганы, ошол Ата Мекендик согушта курман болгон, катышып келишип жай турмушта каза болгон өзүбүздүн мекендештердин арбактарына таазим кылганы, ошол согуш учурундагы Кыргыз Республикасынын элинин тылдагы каармандык эмгегине таазим кылганы деп түшүнүүбүз абзел го дейм»,-деп жазды социалдык медиага кыргыз саясатчысы Эмил Каптагаев.
Москванын маанайын карап...
Россия Украинага басып кирген бир жылдан ашык убакыттан бери Кыргызстан Москванын бул операциясын ачык колдоп чыккан жок. Бирок каршы дагы сөз айтууга чамасы чак.
Башканы кой, Кыргызстан өзүнүн ичиндеги саясатта дагы Москванын маанайын бузуп албаш үчүн этият болушка аргасыз.
Жакында эле парламентте кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары ролун жогорулаткан мыйзам каралганда латын арибине өтүү жөнүндө жигердүү чакырыктар айтылар замат, эртеси эле президент мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасын чакырып, тизгинин тартып, латын арибине көчүү темасын көтөрүү азыр эрте деп эскертүү берди.
Айтмакчы, Москва бир айдан бери Кыргызстандын айыл чарба азыктары, анын ичинде балык, сүт азыктарын жана колбасаны ветеринардык талапка туура келбейт деп киргизбей койду. «Россельхознадзордун» инспекторлору келип текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.
"Биздин ар бир сөзүбүздү азыр лупа менен карагандай карап атат. Керек болсо, "Тойбосс" колбасасындагы проблема ушундан келип чыкты деп айта алам",- деди Жогорку Кеңештеги жыйынында депутат Марлен Маматалиев кесиптештерин саясий жагынан кыраакы болууга чакырып.
Кыргызстандын мамлекеттик ветеринардык кызматынын башчысы Москвага барып келди, бирок маселе чечилген жок. Айыл чарба министри дагы аттана турган болуп жаткан, бирок өкмөт токтотуп койгон. Ал азыр президентти коштоп Москвага барган делегациянын курамында экспортко тоскоолдуктарды чечүүнүн аракетин көрүп жатат. Анын колунан келбесе, бул маселе эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө гана чечилиши мүмкүн деп жатышат.
Улуттук кызыкчылык
Ошондуктан кыргыз бийлиги биринчи кезекте Москва менен азыркы саясий-экономикалык, аскердик кызматташтыктын деңгээлин сактап калууну ойлойт. Ошол эле убакта Россиянын союздаш өлкөсү болсо дагы Батыш менен касташкан жолго баргысы келбейт, бардык жакшы байланыштарды сактап калгысы келет.
Бирок глобалдык дүйнө экиге бөлүнүп тирешип жатканда эки жак менен тең жакшы мамилени сактап калууга маневр барган сайын азаюуда.
Евробиримдик үчүнчү өлкөлөрдүн Россияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу үчүн экинчи даражадагы санкцияларды даярдап жатканын, андагы биринчи бута Борбор Азия өлкөлөрү экенин Bloomberg жазып чыкты.
Мындай шартта Кыргызстан биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгына жооп берген жолго көбүрөөк ыкташы керек. Бирок улуттук кызыкчылык дегенде анын да жообу оңой эмес. Өлкөдө бул максатты же багытты ар башка чечмелеген ар башка коомдук саясий күчтөр бар.
«Дүйнөлүк саясат олку-солку болуп турат. Биз экономика менен алек болсок жакшы болот эле. Ортодо кыпчылышып калышыбыз мүмкүн. Эки дөө кармашса, ортодо чымын өлүптүр болбойлу»,-деген сыяктуу кооптонгон пикирлер социалдык тармакта көп кезигет.