Стамбулда орус-украин сүйлөшүүсү болуп өттү

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Стамбул шаарында Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 16-май күнү түш ченде башталды. Бул 2022-жылдын жаз айынан бери биринчи жолу өткөн жолугушуу.

Бул сүйлөшүүлөрдү Орусиянын президенти Владимир Путин демилгелеген. Бирок ал өзү Түркияга барбай, ордуна жардамчысы Владимир Мединскийди жиберди. Украина президенти Владимир Зеленский болсо Путин менен жеке жолугушууну талап кылган.

Башында сүйлөшүүлөр үч тараптуу – Түркия өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөрү айтылган. Бирок көп өтпөй "Интерфакс" агенттиги жолугушууну уюштурууга катышкан өз булактарына таянып, Түркиянын өкүлү делегация мүчөлөрү менен саламдашкандан кийин сүйлөшүү бөлмөсүнөн чыгып кетерин кабарлады.

Бул маалыматты "РБК-Украина" басылмасынын булактары да тастыкташты.

Саламдашуу маалында Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Стамбулда өтүп жаткан орус-украин сүйлөшүүлөрү кагылышууну тынч жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Анын айтымында, учурда эки жол турат. Биринчиси, тынчтыкка алып баруучу жол. Экинчиси, андан да чоң кыйроолорго алып келе турган жол.

Түркиянын тышкы иштер министри жолугушууну ачкандан кийин түрк телеканалдарындагы түз эфир өчүрүлдү. Сүйлөшүүлөр жабык режимде өтүп жатат.

Бул арада "Интерфакс" өз булактарына таянуу менен Хакан Фидан башта айтылгандай жолугушууну ачкандан кийин залдан чыгып кеткен жок. Ал азырынча сүйлөшүүлөргө катышып жатат.

Би-Би-Синин өз булактарынын маалыматына караганда, Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы мүнөттөрүндө орусиялык делегация америкалык өкүлдөрдүн жолугушууга катышпоосун талап кылган. Өз булак бул аракетти тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратуу аракети катары баалады.

"Эгер алар чынында эле маселелерди чечүүгө, тынчтыкка кадам таштоого кызыкдар болушса, анда америкалыктардын бул залда болушуна өздөрү кызыкмак", — деп билдирди Би-Би-Синин маектеши.

Анын айтымында, украин тарапта орус делегациясы сүйлөшүүлөр аяктап, маалымат жыйыны өткөндөн кийин дароо мейманканага кайтып, андан ары аэропортко жөнөп кетет деген маалымат бар.

Украинанын делегация башчысы, коргоо министри Рустем Умеров Орусия менен сүйлөшүүлөр башталар алдында Киев толук жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга жана эң жогорку деңгээлдеги түз сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди.

"Бүгүн биз туруктуу жана адилетүү тынчтыктын реалдуу жолдорун табуу үчүн Стамбулга келдик", – деди ал.

Орусиялык делегацияны башта белгилүү болгондой Владимир Мединский жетектеп келди. Ал буга чейинки 2022-жылдын жаз айларындагы сүйлөшүүлөрдө да орусиялык топтун башында болгон.

Мединский сүйлөшүү алдындагы билдирүүсүндө Москва бул жолугушууну 2022-жылдагы сүйлөшүүлөрдүн "уландысы" катары карай турганын айткан.

Анын билдиришинче, "Украина тарап менен түз сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты — эртеби-кечпи кагылышуунун негизги себептерин жоюу менен узак мөөнөттүү тынчтык орнотуу".

Москва менен Киевдин түз сүйлөшүүлөрүнүн алдында Түркия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Мындан сырткары украин делегациясы Франция, Германия жана Улуу Британиянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери, ошондой эле АКШ президентинин Украина боюнча атайын чабарманы Кит Келлог менен да өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү бейшембиге пландалган. Бирок украин делегациясы 15-май күнү кечинде гана Анкарадан Стамбулга учуп келгендиктен, сүйлөшүүлөр жума күнгө жылдырылган.

15-май күнү бейшембиде Украина президенти Владимир Зеленский бир катар украин чиновниктери менен бирге Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүү үчүн Анкарага барган. Алардын үч саатка чукул созулган жолугушуусунан кийин Зеленский украин делегациясын Стамбулга жөнөтүүгө макул болгонун жарыялады.

Делегацияны Украина коргоо министри Рустем Умеров жетектейт. Ал эми Зеленский өзү Европа саясий коомчулугунун саммитине катышуу үчүн Албанияга жөнөп кетти. Эрдоган да ошол саммитке катышары тууралуу анын басма сөз кызматы маалымдаган.

"Орусия делегациясынын деңгээли анча жогору болбосо да, АКШнын мурдагы президенти Трампка, Түркия делегациясынын деңгээлине жана президент Эрдоганга болгон сыйдан улам, ошондой эле ок атууну токтотуу жана чыңалууну төмөндөтүү боюнча жок дегенде алгачкы кадамдарды жасоого үчүн мен биздин делегацияны Стамбулга жөнөтүүнү чечтим", — деп билдирген Зеленский.

Би-Би-Синин кабарчысы Святослав Хоменконун билдиришинче, украин делегациясы курамы жана деңгээли жагынан Орусияныкына караганда алда канча жогору.

Арасында ок атууну токтотууну кандайча ишке ашыруу керектигин кеңири талкуулоого кудуреттүү тажрыйбалуу, согушту көргөн генералдар бар.

Украина менен Орусиянын Стамбулдагы сүйлөшүүлөрү эки саатка жетпеген убакытка созулуп, аягына чыкты. Бул тууралуу украиналык дипломатиялык булак Reuters агенттигине кабарлады.

Тараптар тилмеч аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Reuters агенттигине маек курган украин делегациясынын өкүлүнүн айтымында, Орусия сүйлөшүүлөрдө кабыл алынгыс шарттарды койгон.

Агенттиктин өз булагы белгилегендей, орус делегациясы ок атышууну токтотуу үчүн Киевден аскерлерди Украинанын аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Булак Орусиянын талаптарында башка кабыл алынгыс шарттар да бар экенин кошумчалады.

Сүйлөшүү башталганга чейин кандай окуялар болгон?

10-майда Украина президенти Владимир Зеленский Киевде Европанын төрт мамлекет башчысын кабыл алган. Саммиттин жыйынтыгында алар биргелешкен билдирүү жасап, анда Орусиядан кеминде 30 күнгө ок атууну шартсыз токтотууну талап кылышкан жана талап аткарылбаса, жаңы санкциялар киргизилерин эскертишкен.

Буга жооп катары 11-майга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин Кремлде журналисттер менен жолугуп, 2022-жылдын жазында токтоп калган сүйлөшүүлөрдү 15-майдан тарта Стамбулда бир тараптуу негизде кайра жандандыра турганын билдирген.

Зеленский Түркияга барарын, бирок сүйлөшүүлөрдү Путиндин өзү менен гана жүргүзө турганын айткан. Кремль орусиялык делегациянын курамын 14-май күнү кечинде жарыялап, аны Владимир Мединский жетектей турганын маалымдаган. Делегация курамына Орусиянын Коргоо министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү да кирген.

Орусия делегациясы 15-май күнү эртең менен Стамбулга барган. Ал эми Зеленский түш ченде Анкарага конгон. Ал орус делегациясы "жасалма" кишилерден куралганын билдирген.

"Биз мунун "бутафордук" деңгээлге окшош экенин көрүп жатабыз. Эмне кылабыз жана кийинки кадамдарыбыз кандай болорун президент Эрдоган менен сүйлөшкөндөн кийин ойлонобуз", – деген Зеленский.

Ага чейин Зеленский эгер Путин Түркияга келсе, Анкарадан Стамбулга учуп бара турганын айткан. (AA)