You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Зеленский: "Путинди Түркияда күтөм"
Украинанын президенти Володимир Зеленский 12-майдан тарта Орусия ок атышууну токтоторун күтөт жана 15-майда Стамбулда жеке өзү бетме-бет жолугушуу үчүн Владимир Путинге жолугууга даяр.
"Биз дипломатияга негиз түзүп берүү үчүн эртеңден тарта толугу менен жана узак мөөнөткө ок атышууну токтотууну күтөбүз. Өлүм-житимди көбөйтө берүүнүн мааниси жок. Келе жаткан бейшемби күнү Путинди бетме-бет жолугушуу үчүн Ситамбулда күтөм. Орусиялыктар бул жолу себеп издебейт деп үмүт кылам",- деп жазды Зеленский өзүнүн телеграм-каналына. Ал бул тууралуу 11-майда билдирди.
Көп өтпөй Зеленский өзүнүн кечки кайрылуусунда Стамбулга баруу ниетин тастыктады жана узак мөөнөттүү жарашуу дипломтияга негиз болуп берүүгө өбөлгө түзүп, тынчтыктын орношуна жакындатат деп айтты.
"Украина мурунтан эле муну сунуш кылып келе жатат. Өнөктөштөр дагы сунушташты. Бүт дүйнө бул жөнүндө айтып жатат. Орусиядан ачык-айкын жооп күтөбүз",- деди Зеленский.
Украин президентинин билдирүүсүнө чейин АКШ президенти Дональд Трамп Киевди Орусия менен Түркияда өтө турган сүйлөшүүлөргө тез арада макул болууга чакырган эле.
"Президент Путин Украина менен тынчтык келишимин түзүүнү каалабай жатат. Мунун ордуна ал бейшемби күнү Түркияда жолугуп, кан төгүүнү токтотуу тууралуу ыктымалдуу сүйлөшүүнү сунуш кылып жатат",- деп жазган Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына.
"Жок эле дегенде алар келишим түзүүгө болобу же болбойбу дегенди аныктап алышат. Эгер болбой турган болсо европалык лидерлер жана АКШ иштин чыныгы жагдайын түшүнөт жана ошого жараша иш аракет кылышат", - деп кошумчалады Трамп.
Жекшембинин таңында Володимир Зеленский, Украина Орусия менен тынчык сүйлөшүүлөрдүн башталышынын шарты катары ок атышууну токтотууну талап кыла турганын билдирди.
Бул анын Владимир Путиндин түнкү билдирүүсүнө биринчи реакциясы болду. Путин анда иш жүзүндө батыш өлкөлөрүнүн ок атышууну 30 күнгө токтотуу бюнча талабын четке каккан, бирок кийинки аптада Стамбулда орус-украин түз сүйлөшүүсүн сунуш кылган.
"Өлүм-житимди бир күнгө дагы улантып кереги жок. Орусия ок атышууну толугу менен токтотушун күтөбүз. 12-майдан тарта ок атышууна толугу менен токтотууну, узак мөөнөттү жана ишенимдүү түрдө. Украина жолугушууга даяр",- деп кошумчалады Зеленский.
10-май күнү Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын жана Польшанын лидерлери Киевге келишкен. Алар 12-майдан тарта Орусия ок атышууну токтотуп, тынчтык боюнча сүйлөшүү жараянына өбөлгө түзүлүшү керек деп билдирди. Эгреде алар Орусия бул сунушту кабыл албай турган болсо Орусияга каршы жаңы санкцияларды салабыз деп коркутушту жана ошондой эле мындай позиция менен АКШ президенти Дональд Трамп дагы макул экенин билдиришти.
Путин буга жооп кылып, түнкү билдирүүсүн таратты. Ал анда жарашуу боюнча мурдагы келишимди бузду деп Украинаны айыптады жана батыш лидерлеринин 30 күндүк тыныгуусун четке какты. Орус президенти анын ордуна 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуш кылды.
11-май күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Путин жана Франциянын президенти Эммануэль Макронго телефон аркылуу байланышып, Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Европалык лидерлер кандай реакция кылышты?
11-майда Украинанын европалык өнөктөштөрү дээрлик окшош билдирүү таратышты. Алар жарашуу жөнүндөгү талаптарын коюп жатышат.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын президентинин сунушун "биринчи кадам, бирок жетишсиз аракет" деп атады.
«Эч кандай шарт койбой ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөргө тоскоол болбойт. Путин жол издеп, ошол эле учурда убакыттан уткусу келип жатат»,- деди Макрон. Ал бул тууралуу Укрианадан Францияны көздөй бара жатып, Польшадан журналисттерге айтты.
Жекшембинин таңында Макрон бир жагынан ок атышуулар жүрүп жатканда сүйлөшүү өткөрүлбөй калышы мүмкү деген пикирин жазды.
"Киевде президент Трамп менен чогуу буз так сунуш бердик. Ал 12-майдан тарта эч кандай шарт койбостон ок атышууну токтотуу. Президент Зеленский буга макул болду жана эч кандай талап койгон жок. Азыр биз так ушундай эле так, даана жооптуу Орусия тараптан күтүп жатабыз",- деп жазды Макрон Х баракчасына.
"Күпүлдөп замбиректердин үнү басылбай турган чакта сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн эмес. Эгер жөн жай тургундарды бомбалап жаткан учурда сүйлөшүүлөр болбойт. Азыр жарашуу керек, ошондо сүйлөшүүлөр башталат. Тынтык үчүн".
Макрон, Зеленский сыяктуу эле Германиянын канцлери Фрдрих Мерц Путиндин сөзүн "жакшы жышан", бирок бул зарылчылыктан "кыйла алыс" деп атады.
"Биз бул сүйлөшүүлөрдү ишке ашыруу үчүн Москва жарашууга макул болот деп күтөбүз. Адегенде курал-жарактын үнү басылышы керек, андан соң анан талкуулар башталат",- деп айтылат канцлер Мерцтин билдирүүсүндө. Аны AFP агенттиги цитатат кылып жарыялады.
"Биздин чакырыкка орусиялыктар 15-майдагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн сунуш кылды. Бирок дүйнө бир ооздон эч кандай шарт койбой тез арада баштала турган жарашууну күтүп жатат. Украина даяр, кан төгүү токтосун!",- деп жазды Польшанын премьер-министри Дональд Туск.