You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Байден: Трамп Украинага басым кылып, Путинди сооротууга аракет кылууда
АКШнын экс-президенти Жо Байден Ак үйдөн кеткенден бери алгачкы жолу кенен маек курду. Ал Би-Би-Си менен эксклюзивдүү маегинде Трамптын администрациясынын Украинага басым кылып, аймагыңарды Орусияга бергиле деп талап кылып жатышы — бул "сооротуунун заманбап саясаты" деп билдирди.
Байден Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны Орусиянын бир бөлүгү деп эсептейт жана ким болсо дагы Украина тынчтык келишиминин алкагында кайсы бир аймактарын берсе эле "ал ушуну менен токтойт" деп ойлонуу "жөн гана түркөйлүк" деп айтты.
Today программасынын Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишинин сексен жылдыгынын алдында уюштурулган кенен маекте, Европа менен АКШнын ортосундагы мамилелердин ажырымы аны тынчсыздандыра турганын айтты. Анын сөзүнө караганда "бул көрүнүш дүйнөнүн тарыхын өзгөртөт".
Байденге анын жеке өзүнө тикелей байланышкан суроолорду дагы беришти. Мында сөз анын Украина боюнча чечимдери жана 2024-жылкы президенттик шайлоо тууралуу сөз болду. Шайлоо алдындагы ийгиликсиз теледебаттан кийин Байдендин ишке жарамдуулугу боюнча чыккан талкуулар күчөгөн эле. Анын президенттик жарыштан өз талапкерлигин алып салуусу сыяктуу маселелер демократиялык партияны кризиске кептеп койду деген пикирлер боюнча дагы суроолор болду.
Байден добуш берүүгө төрт ай калганда президенттик жарыштан чыккан эле. Ошондо андан бул маселе боюнча чечимди эртелеп кабыл алып, партиянын шайлоого камынуусуна, талапкерин даярдоого кененирээк убакыт калтырса болот беле деген суроону дагы узатышкан. Ал "бул маселе анчалык маанилүү болот деп ойлобойм. Мен бизде жакшы талапкер пайда болгон учурда кеттим" деп жооп берген.
"Баары ушунчалык тез болду, кетүүгө кыйын болду. Ал чечим оор болду. Мен бул туура чечим болгон деп ойлойм. Мен бул жөн гана... оор чечим болгон деп ойлойм",- деп айтты ал.
Азыркы администрациясынын АКШнын союздаштары менен азыркы мамилеси тууралуу сөз болгондо, Байден Трапмты Панама каналын кайтарып алабыз, Гренландияга ээлик кылабыз жана Канаданы 51-штат кылып кошуп алабыз дегени боюнча сындады.
"Мында деги эмне болуп жатат? Дегеле кайсы президент ушинтип айтат? Бул бизге өтө эле жат. Биз эркиндик, демократия, мүмкүнчүлүктөрдү жактайбыз, конфискацияны эмес", - деп жооп берди ал.
Байденге согушта Украина жөн гана Орусиянын басып кирүүсүнө каршы тура алгыдай эмес, жеңип чыккыдай болушу үчүн Киевге жетиштүү колдоо көрсөттүңүзбү деген суроо дагы берилди.
Согуш үч жыл бою тынбай уланып жаткан чакта Ак үй АКШ жеткирген курал-жарактар боюнча өз позициясын өзгөртүп турду жана убакыттын өтүшү менен айрым бир чектөөлөрдү алып салган.
"Биз алардын көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн баарын бердик жана эгерде путин кайрадан баштай турган болсо алд канча агрессивдүү жооп берүүгө даяр болчубуз",- деди ал.
Трамптын администрациясы тынчтык келешими үчүн Киев өз аймагынын кайсы бир бөлүгүн бериши керек, ошондо тынчтык орнойт деген комментарийи боюнча Байдендин жообун сурашты.
Жакында эле АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Украина боюнча тынчтык келишими жөнүндө АКШнын көз карашын билдирген эле. Ага караганда, "аймактык чектерди... азыр алар кайда жайгашса ошол бойдон тоңдуруп салуу эле".
Вэнстин сөзүнө караганда, Украина дагы, Орусия дагы аймагынын "кайсы бир бөлүгүн, башкача айтканда азыр ээлик кылып турган" жерлерин бергенге туура келет. АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет бул идеяны колдоп, Украинанын 2014-жылдагы чек арасын кайтарып алуу азыр "мүмкүн эмес" деп билдирген.
"Бул сооротуунун заманбап саясаты" деп Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Невилла Чемберлендин отузунчу жылдардагы саясатын эске салды. Анда Чемберлен Адольф Гитлерди сооротуп, анын сураган жерлеринин баарын берип, Европаны катастрофалык согуштан сактоо керек деген ийгиликсиз аракет кылган эле.
Ал ошондой эле "Европа Американын чечкиндүүлүгүнө жана лидерлигине карата ишенимин жоготуп жаткандыгына" тынчсыздануусун дагы билдирди.
Анын сөзү боюнча, континенттеги өлкөлөрдүн лидерлери "эми биз эмне кылабыз?... Кошмо Штаттарына бел байлайбызбы же жокпу? Алар бизди коргойбу" деген суроолорду берип жатышат.
Трамп Москва тарабынан 2014-жылы мыйзамсыз аннекцияланган Крым жарым аралына Орусия ээлик кылып калат деп күтүп жатканын айткан. Анда Украианын президенти Володимир Зеленский бул сунушту четке каккан. Трамп тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизип жатат деп Зеленскийди айыптаган.
Тынчтыкка жетүү боюнча АКШнын жакында эле сунушу боюнча билдирүүлөргө караганда, жарашуу келишими Кошмо Штаттары Крымды Орусиянын бөлүгү деп расмий таануу маселеси менен эле чектелбейт. Тереңинен талдай келгенде иш жүзүндө Вашингтон Украинанын оккупацияланган аймактарындагы Орусиянын көзөмөлүн дагы тааный турганы камтылган. Ак үй муну ачык тастыктаган жок.
"Менде фавориттер жок. Мен өзүмдө фавротиттердин болушун каалабайм. Мен келишимдин түзүлүшүн каалайм",- деген Трамп. Ал бул тууралуу апрель айында андан Крымды Орусияныкы деп тааныйсызбы деп сураганда айткан эле.
"Ооба, албетте, [украиналыктар] аларды басып киргендерге нааразы. Бирок биз мындан ары да бир тигил же бул тарап бир нече миль аймак үчүн миңдеген-миңдеген жоокерлерди жогото беребизби",- деген эле АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс. Ал бул жөнүндө өткөн аптада Fox News телеканалына интервью берип жатып айтты.
Аймактык чегинүү боюнча басым бир эле Вашингтон тараптан болуп жаткан жок. Апрель айында Киевдин мэри Виталий Кличко Украинанын убактылуу аймактык чегинүүсүнө туура келиши мүмкүн деп айткан. Ал бул тууралуу Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып билдирген эле.
Байден Владимир Путин жөнүндө да сөз кылды. "Эгер биз диктатор, бандит өзүнө тиешеси жок эле бир топ аймакты басып алууну кааласа ал аны канаттандырат деп ага жол беришибиз керек деп кимдер ойлой турганына такыр акылым жетпейт. Мен муну такыр түшүнбөйм",- деди Байден.
Ал ошондой эле Орусия менен чек аралаш, НАТО уюмуна мүчө болгон айрым бир мамлекеттер "эгер жыйынтыгында Украина аймагын бере турган болсо, биз Путиндин талаптарына макул болушубуз керек" дебейби деп тынчсыздана турганын да айтты.