You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Аскар Акаев Кыргызстанга келди
Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев Кыргызстанга учуп келди. Келери менен кармалып, УКМКнын камагына алынып, "Кумтөрдөгү" кылмыш иши боюнча суралып жатканын комитеттен расмий билдиришти.
Аскар Акаев Бишкекке бүгүн «Аэрофлот» компаниясынын учагы менен түштөн кийин келди. Аны менен кошо баласы Илим Акаев да келди.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мурунку президент Аскар Акаевге "Кумтөрдөгү" коррупциялык иштер боюнча издөө жарыяланганын билдирген эле.
"А.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003 -жылы "Камеко" компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. УКМК тарабынан аткарылган чаралардын жыйынтыгында, 2021-жылдын 2-августунда мурдагы Президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алынып келинди жана ведомстволук аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди",-деп айтылат УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.
Аскар Акаев буга чейин "Кумтөр" боюнча коюлган күнөөлөрдүн бирин да кабыл алган эмес, баарын четке кагып келаткан.
Экс-премьер-министр Ф. Куловдун айтымында, мурунку президент Бишкекке өзүнүн ыктыяры менен келди жана "Кумтөр" боюнча иштин алкагында көрсөтмө берүүгө макул болду.
«Аскар Акаевди эч ким мажбурлаган эмес, ал Бишкекке конору менен УКМКга келди",-дейт Феликс Кулов.
Аскар Акаев Би-Би-Си Кыргыз кызматына берген интервьюсунда Кыргызстан экономикасы жана глобалдык финансылык кризистерге токтолуп, "Эгер Кыргыз өкмөтү мага кайрылса, саясатка аралашпастан туруп, окумуштуу катары кеңешимди бермекмин", - деп айткан эле.