You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Мазактоолорду жеңген "сакалчан айым" Харнаам Каурдун окуясы
Харнам 16 жашынан тартып "сакалдуу айым" лакап аты менен жашап келет. 12 жашында ага энелик бездин поликистоз синдрому оорусунун диагнозу коюлган. Бул оорудан улам анын денесинин гормоналдык балансы бузулуп, бетине сакал-мурут өсө баштаган. Харнам көпкө чейин мектептеги теңтуштарынын жана көчөдөгү бейтааныштардын шылдыңынан запкы жеп жүрүп, кийинчерээк гана сакал-мурутун эркин өстүрүп баштаган.
Мазактоого туруштук берүү
Жашоомдун көбүн кодулоо жана шылдың алдында өткөрүп жүрдүм. Негизи шылдыңдаган адамдар өздөрүндө кадыр-барк менен ишенимдин аз болгонун сезгени үчүн, алар башка бирөөлөрдүн кемчилигин издеп таап алып, ошолорду басмырлагандан ыракат алып, өз кемчиликтерин жаап жашырышат.
Шылдыңдоо жана басмырлоо - бул күчү барлардын, күчү аздардын үстүнөн ойногон оюну, бул оюнда утуш үчүн күчү барлар күчсүздөрдүн үстүнөн өз үстөмдүгүн көрсөтүш керек. Чынын айтсам бул өтө ыплас, начар оюн деп эсептейм.
Мектепте мени жек көрүшчү, жылдар бою шылдыңга, мазактоого чыдап келдим.
Кичине жашымдан эле мен адам баласы өзү түшүнбөгөн нерсесин жек көрөөрүн түшүндүм. Адамдар өзүнүн ички дүйнөсү менен болгон мамилени эптеп түзгөндөн кийин, сөзсүз түрдө сиздин өз ички дүйнөңүз менен түзгөн мамилеңизди бузганга аракет кылышат.
"МЕН БЕТТИ КАЛЫҢ КЫЛЫП, КҮЧТҮҮ БОЛУШУМ КЕРЕК БОЛДУ".
Өзүмө боорукер болдум
“Эгер сакал-мурут өстүрөм десем, өмүрүңдүн аягына чейин айланаңдагы шылдың менен мазактоого даяр болушум керек”, - деп өзүмө сөз бердим.
Маанайым чөгүп, бул аалам мага өтө чоң жана оор сезилген убактарда “эгер чындап, сакалдуу айым катары жашайм десең, жашоонун ар бир күнү үчүн күрөшүшүм керек", - деп, ар дайым өзүмө айтып турам.
Турмуш берген сыноолордон өтүүгө кудуретим жетет, анткени мен өзүм үчүн боорукер болууга, ички дүйнөм менен жылуу мамилелерди түзүүгө көп жылдарымды бердим. Мен чыдамкаймын жана күчтүүмүн. Тоготпой коё ала турган шылдың-шыкактарды көңүлгө ала бербеш керек.
Өзүңөрдүн жакын адамдарынар менен сүйлөшкүлө, бөлүшкүлө. Өзүңөр менен өзүңөр туңгуюкта жалгыз калбагыла. Мен сиздерди ишендире алам, силер жалгыз эмессиңер. Биздин силер ойлогондон алда канча көп окшош жактарыбыз бар.
Адамдар өзүн-өзү жакшы көргөнү жөнүндө көп айтканга жакын болушат. Өзүмдү токтотууга аракет кылдым. Менин оюмча, ар бирибиз өзүбүз үчүн боорукер болуудан башташыбыз керек, ички дүйнөбүз менен ымалага келип, жашоодогу негизги максатыбызды табышыбыз керек.
“ӨЗҮҢДҮ ЖАКШЫ КӨРҮҮ ҮЧҮН КӨП КҮЧ КЕРЕК. АЛ КҮЧ, ЭҢ БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ, ӨЗҮҢӨРГӨ БООРУКЕР БОЛУУДАН ЖАРАЛАТ”.
Эң алды, мен сакал-мурутума көп көңүл бурбаганга аракет кылам. Анткени мен биринчиден аялмын. Мен деле бир пендемин, сакал-мурут болгону менин турпатымдын бир бөлүгү. Мен башкаларга жөн гана "менин денем, менин эрежелерим" деген эрежени карманып жашаш керек деп айтам. Мен чын жүрөгүмөн ушул эрежени гана карманып жашап келем. Бул эреже, менден баары менен бирдей болууну талап кылган дүйнөдө, мен өзүм каалаганымдай жашап, өмүр сүрүүгө мүмкүндүк берет.
Менин атым Харнам Каур, мен эч кимге окшобойм жана муну менен сыймыктанам. (KGNE)