BTS: Атактуу аткаруучулар “ар башка” жолго түштүбү?  

Published

Кореялык BTS тобу “тыныгууга” кетти. Топтун солисттери жеке долбоорлорун баштайт.

Жагымдуу, жандуу ырлар менен күйөрмандардын арзуусуна татыган Түштүк Кореянын BTS бойз-бэнди "тыныгуу" алганын жарыялады. Ырчылардын тобунун 9 жылдык мааракесине арналган телевизиондук кечки тамактанууда алар соло-проектилер менен алектене турганын айтышты. 

BTS’тин мүчөсү Jimin бир топ кыйынчылыктарга туш болгонун билдирди. 

“Биз өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү табууга аракет жасап жатабыз, бул абдан жүдөткөн жана көпкө созулган процесс”, - деп түшүндүрдү ал. 

Мындай билдирүүнү BTS шейшемби күнү жыл сайын өткөрүлгөн FESTA иш-чарасында жасады. Алар анда өткөнүн эстеп, келечегин талкуулады. Ырчылардын бир сааттан ашуун убакытка созулган маеги алардын расмий Youtube каналына жүктөлдү

Англисче котормодо ырчылардын бири айткан “break” сөзүн “тыныгуу” деп көрсөткөн - бирок топтун өкүлүнүн пикири эки ача чыкты.  (Англисче “break” сөзү “тыныгууну” да, “тарап кетүүнү” да туюндурат). 

“Чынында айтканда, алар тыныгууда эмес, бирок бул мөөнөттө бир катар соло-проектилерди изилдөөгө жана ар кайсы башка форматтарда активдүү болуп туруу үчүн убакыт керек болот”, - деди BTS тобун башкарган Hybe көңүл ачуу компаниясы. 

FESTA иш-чарасы ырчылар RM, Jungkook, Jin, Jimin, Suga, J-Hope жана V’дан турган, Grammy’ге номинацияланган топтун негизделишин майрамдоо үчүн уюштурулган. 

Сүйлөшүү маалында RM алар BTS’тин мүчөлөрү катары көптөгөн жетишкендиктерге ээ болгонун, эми алар инсан катары чоңоюп, өсүшү керектигин белгиледи. 

“Мен BTS башка топтордон айырмаланат деп дайыма ойлочумун, бирок K-Pop жана жалпы идол системасынын көйгөйү - алар сага чоңоюуга убакыт бербейт”, - деди ал. 

“Силер музыка жаратууну же башка нерселерди жүзөгө ашырууну улантып турушуңар керек”. 

Ырчы BTS’тин - топтун да, мүчөлөрүнүн да - келечегин ойлоп чыгуу үчүн кандайдыр бир мөөнөт алууну каалаганын кошумчалады. Топтун башка мүчөлөрү макул болуп, тыныгуу алуу чечими “оор болгонун” билдиришти. 

“Биз эмне болбосун күйөрмандарыбыз жөнүндө ойлонууну токтотпойбуз. Биз фанаттарыбыздын эсинде кала турган артисттер болууну каалайбыз”, - деди Jimin. 

“Биз ошондуктан кыйынчылыктарга туш болуп жатсак керек. Биз өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү табууга аракет жасап жатабыз, бул абдан жүдөткөн жана көпкө созулган процесс”. 

Ырчы V топтун фанаттарына “BTS биротоло тарабаганын”, алар “кийинчерээк кайра чогулганда буга чейин болбогондой синергия болоорун” кошумчалады. 

24-29 жаштагы ырчылардан турган BTS алгачкы мини-альбомун 2013-жылы жарыялаган. 

Алардын эң белгилүү хиттери - Dynamite, Butter жана Coldplay тобу менен коллаборацияда чыккан My Universe - Улуу Британиянын сингл-чартында үчүнчү орунга жеткен. 

IFPI музыкалык индустрия уюму түзгөн чартка ылайык, BTS 2021-жылы эң көп сатылган артисттери деп таанылган

Бул айдын башында музыкалык топ Proof альбомунун башкы ыры Yet To Come (The Most Beautiful Moment) деп аталган клибин жарыялаган.  

Аталган топтун күйөрмандары Кыргызстанда дагы арбын. Алар топтун урматына арнап ар кандай чакан саамалыктарды да өткөрүп келишкени айтылып жүрөт. Өзгөчө жаштар арасында популярдуу болгонун алардын сүрөттөрү түшүрүлгөн кийим-кечек, чач жасалгасы сыяктуу көрүнуштөрдөн байкоого болот. (EB)