"Өкүм макулдашылган эмес". Ташиевдердин соту, жактоочулардын өтүнүчү

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишинин соту 24-августка жылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишинин соту 24-августка жылды
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Бишкек шаардык сотунда "75чилердин" ишине байланыштуу жараян уланды. Сот жабык өтүп жатат. Мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, сот адилеттиги орношу керектигин айтты:

"Сот бийлиги бийликтин өзүнчө бир бутагы да. Биз сот адилеттиги орносун деп, аларга шарт түзүп, көз карандысыздыгын камсыздоого аракет кылып жүргөнбүз. Менимче, кандай чечим болсо да сот бийлигинин аракетине жараша болот. Сот бийлиги көз карандысыз болуш керек. Биздин ишти баарыңыздар көрдүңүздөр да. Сот өкүмдү ачык окуду. Биз ошол өкүмгө макул болбогон үчүн шаардык сотко даттандык. Мен бул жолу мыйзам чегинде адилет чечим чыгат деп ойлойм. Чечим Ак үй менен макулдашылган эмес".

Ал ошондой эле соттун ачык же жабык өтүшү жагдайды анчалык өзгөртпөй турганын, себеби бул иштин чоо-жайы коомчулукка дайын болуп калганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Соттор кеңешинен өкүм чыгарган судьяларга карата чара көрүүнү өтүнүп жатканын билдирди:

"Биз алар акталсын деп гана тим болбостон, биринчи соттук инстанцияда процессуалдык кемчиликтерди кетиргени үчүн тергөө органдарга жеке аныктама чыксын деп жатабыз. Соттор кеңеши биринчи инстанцияда өкүм чыгарган судьяларга жеке аныктама чыгарышы керек. Тилекке каршы, экинчи инстанциядагы сот дагы ишти айрым процессуалдык мыйзам бузуулар менен баштады. Ал жөнүндө кийинчерээк айтам".

Буга чейин соттолуучулардын жактоочулары чуулгандуу катка кол койгон 75 адамдын баарын сотто чакырууну, алардын жоопкерчилигин да кароону өтүнүшкөн. Шардык сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Бүгүн шаардык сотко катка кол койгон айрым күбөлөр келди.

"Мага Эмил Узакбаев кайрылып, катты көрсөткөн. Ага чейин социалдык тармактарда президенттин мөөнөтү бүтүп баратканы айтылып жаткан. Айрымдары легитимдүү, айрымдары легитимсиз деп жатышпады беле. Ошентип, талкуу жүрүп жаткан да. Биз деле мамлекеттин жараныбыз да, бизге деле кызык. Кол коюп бердик. Эмнеси бар экен?! Анан эле бул кылмыш ишине айланып кетти. Кийин депутаттардын арасында интирга бар экен дешти. Ага менин тиешем жок. Мен жарандык позициямды гана билдиргем. Катта эч кандай кылмыш жок. Конституциялык сотко кайрылыш керек деген сунуш берилген.Президент өзү деле кайрылбадыбы", - деди катка кол койгон күбөлөрдүн бири, мурдагы депутат Карыпбек Асанов.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бүгүнкү сот жараяны соттолуучулардын биринин адвокаты келбей калганына байланыштуу келерки дүйшөмбүгө жылды

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.

Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Кийин бул кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.