Кумтөрдүн акчасы кайда кетип жатат?

Кумтөр ишинде президент Жапаровдун жакын тарапкери болгон Теңиз Бөлтүрүк азыр өлкө башчысына өз дооматтарын айтууда

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кумтөр ишинде президент Жапаровдун жакын тарапкери болгон Теңиз Бөлтүрүк азыр өлкө башчысына өз дооматтарын айтууда
    • Author, Элеонора Куленбекова
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 7 мүнөт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген соңку маегинде өлкөнүн экономикалык абалына байланышкан суроолорго да жооп берди. Интервьюнун жарымын ушул багыттагы суроо-жооптор түздү. Анда Кумтөр кенинин иши, тышкы карыз, чет өлкөлүк инвесторлор менен иштөө жана башка маселелер көтөрүлдү. Анын айрымдарына токтолобуз.

Кумтөрдүн мамлекетке өтүшү Жапаров бийлигинин негизги экономикалык жетишкендиктеринин бири катары көрсөтүлүп келет. Президент кенден түшкөн киреше өлкөнүн социалдык жана инфраструктуралык долбоорлоруна жумшалып жатканын айтып келүүдө.

Бирок Кумтөрдүн айланасындагы талкуу соңку убакта кайра күчөдү. Буга чейин Жапаров менен бир командада иштеген Теңиз Бөлтүрүк азыр президенттин саясатына сын айтып, интернет аркылуу Кумтөргө жана бийликтин ишмердигине байланыштуу дооматтарын жарыялай баштады. Бөлтүрүк Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү процессинде жетекчилик кызматта турган.

Жапаровдун Али Токтакуновго берген акыркы интервьюсунда Кумтөрдөн түшкөн каражат, анын көлөмү жана кайда жумшалып жатканы тууралуу айткандары өзгөчө мааниге ээ болду. Президент маегинде Кумтөрдүн кирешеси, мамлекеттик чыгымдар жана кендин өлкө экономикасы үчүн ролу тууралуу өз позициясын түшүндүрдү.

Президенттин айтымында, соңку беш жылда Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенин иштетүүдөн түшкөн жалпы киреше 5 миллиард 100 миллион долларды, ал эми таза киреше 2 миллиард долларды түздү:

"Кумтөрдөн жылына 1 миллиард доллардын алтыны казылса, анын жарымы өзүнүн чыгымына кетет. Бекер казылбайт да. Жарымы болсо таза киреше болот. Анан эми акчасы... МИК үйлөрү салынып жатат, 3 миллиард долларга. Бул кайсы акчага салынып жатат? Мына ушул алтындын акчалары. Беш жүздөн ашык бала бакча жана мектеп курулду. Отуз жылда 100 мектеп курулган болсо, биз беш жылда 500 мектеп курдукпу? Ошол каяктагы акча? Кумтөрдүн акчасы".

Жапаров өлкөдө акыркы жылдары эки миң чакырым жаңы жол курулганын, жөлөк пулдар менен пенсиялар көбөйгөнүн да белгиледи. Анын айтымында, беш жыл мурда Кыргызстанда минималдык пенсия 700 сом болсо, азыр 7100 сомго жетти.

Кумтөр - Кыргызстандын эң ири алтын кени жана өлкө экономикасында маанилүү орунду ээлеген ишкана. 2021-жылга чейин кенди канадалык Centerra Gold компаниясы иштетип келген. Садыр Жапаров президент болуп келгенден кийин Кыргызстан Centerra Gold менен талашты чечип, Кумтөрдү толугу менен өз көзөмөлүнө алган.

"Кустуруудан" канча акча түштү?

2020-жылы мамлекеттик башкарууну колго алган бийликтин демилгелеген негизги багыттарынын бири - мурда мамлекеттик кызматта иштеп, байыган адамдардын мүлкүн мамлекетке кайтаруу. Бийлик "кустуруу" деп атап келген бул жараяндан бюджетке 4 миллиард доллардан ашык каражат түшкөнү тууралуу буга чейин айтылып келген.

Бирок президент акыркы интервьюсунда бул көрсөткүчтү тактоого аракет кылды:

"Коррупцияга каршы күрөштөн 4 миллиард доллар түшкөн жок, чынын айтыш керек. 300 миллиард сом деп... Камчыбек досум "биз 5 миллиард, 10 миллиард сом кустурдук" деп айтып жатканда, досум, цифралар менен ойнобо, эртең ошончо чыкпай калса, жеп алды деп эл айтат деген элем".

Ташиев, Жапаров

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жапаров-Ташиев тандеми быйыл февралда ыдырады

Президент кайтарылган мүлктүн баасын аныктоо боюнча да суроо жаралышы мүмкүн экенин айтты.

"Мисалы, кустуруп жаткандардын 100 миң доллардык батирин алып атса, 300 миң долларга баалап койгон. Аны кимге сатасың, эгер рынокто 100 миң доллар турса. Азыр ревизия жүрүп жатат, канча мүлк түшкөн жана ал канчага сатылып жатат".

Мамлекеттик кирешелердин дагы бир булагын бийлик келечекте өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүгүнөн көрүп жатат. Бул жерде президент өзгөчө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна чоң үмүт артууда.

"Жаңы Улуу Жибек жолу"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жапаров бул темир жолду "жаңыртылган Улуу Жибек жолу" деп атап, анын курулушу 2031-жылга чейин бүтүшү мүмкүн экенин айтты.

Президенттин белгилешинче, Кыргызстан темир жолдун айрым бөлүктөрүн өз күчү менен куруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал курулуштун наркын да мисал келтирди.

"Төрт жылда 62 километрин жасасак, дагы он жылда калганын бүтүрүп, Макмалга жетебиз. Кара-Кечеге чейин оңой эле жетсек болот, өз күчүбүз менен. Анда ары көпүрөлөрдү салыш керек, туннелдерди казышыбыз керек. Аябай чоң акча туннелдерге кетип калат экен".

Жапаровдун оюнча, айрым участоктордун курулушу башында сунушталган баадан кыйла арзан болгон.

"Миллион долларга бир километрин салдык. Сынак башында жарыяланганда километрин 5–6 миллион долларга салабыз деп келишкен. Өз күчүбүз менен салып кете берели дедим. Мына, жыйынтыгы 64 километрин 64 миллион доллар менен салып койдук".

Президент үчүн темир жолдун мааниси анын курулушу менен эле чектелбейт. Анын эсебинде, долбоор ишке кирсе, Кыргызстан транзиттен жыл сайын жүздөгөн миллион доллар киреше таба алат.

"Транзит менен ары-бери өткөн жүктөрдөн эле акча алып отуруп, жок дегенде 400–500 миллион доллар таза киреше түшүп калат биздин бюджетке. Кумтөр, темир, көмүр түгөнсө, акчаны ушул жактан аласың".

Ошол эле учурда президент темир жолдун курулушу Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, долбоорго каршы тышкы күчтөр бар экенин айтты.

"Бул өтө чоң долбоор. Айрым тышкы күчтөргө жага бербеген долбоор. Кыргызстан союз чачырагандан тарта эле темир жол курулушун айтып келди".

темир жолдун курулушу

Сүрөттүн булагы, Social media

Жапаровдун айтымында, президент болуп келгенден кийин бул маселени Кытай тарап менен кайра көтөрүп, долбоорду баштоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал ошондой эле бул маселеде Орусиянын макулдугун алганын айтты.

"Владимир Владимирович экөөбүз (ред. Путин) маңдай-тескей 35-40 мүнөт отуруп алып ушул темада аябай катуу талкуулаштык. Акыр аягында мен аны ынандырдым".

Президент темир жол Кытайдын таасирин күчөтөт деген пикирлерди да четке какты.

"Бул жолдун бүтпөй калышына кызыкдар башка күчтөр толтура. Кытай деп эле атышат. Кытайлар долбоор бүткөндө эле кетет. Бир да кытай калбайт. Бул теманы жөн эле козутуп атышат. Бул кылымдык, миң жылдык долбоор".

Темир жолдун келечектеги кирешеси тууралуу сөз болуп жатканда, анын каржылоо булагы да маанилүү суроого айланат. Президент бул долбоорду мамлекеттик тышкы карыздын эсебинен куруу пландалбаганын айтып келет.

Тышкы карыз: "Кытайдан карызга 1 тыйын албадык"

Садыр Жапаров президент болуп келген 2020-жылы Кыргызстандын ички жана тышкы жалпы карызы 5 миллиард долларга жеткенин айтты. Ошол учурда карыздын ички дүң өнүмгө карата катышы 70 пайыз болгон.

"Мунун ичинен тышкы карыз 4 миллиард 217 миллион доллар болчу. Ички карызыбыз 708 миллион доллар болчу".

Жапаровдун айтымында, 2026-жылы өлкөнүн жалпы карызы 10 миллиард долларга жетти, бирок анын ИДПга карата катышы 37% түздү.

"Ички карызыбыз өсүп жатат, тышкы карызыбыз көп деле өскөн жок".

Жапаров соңку беш жылда өлкөнүн тышкы карызы болжол менен 1 миллиард долларга көбөйгөнүн айтып, бул каражаттын баары Кытайдан алынбаганын баса белгиледи.

"Биз мунун баарын бир Кытайдан алган жокпуз. Европа, Азия банктарынан алып жатабыз. Эл аралык каржылык уюмдарынан алып жатабыз. Кытайдан тышкы карыз деп акыркы беш жылда 1 тыйын албаптырбыз. Тескерисинче, 500 миллион доллар карызды жаптык".

Президенттин айтымында, учурда Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 миллиард 300 миллион доллардын тегерегинде. Кыргызстан аны 2035-жылга чейин толук төлөп бүтүүнү көздөп жатат.

Жапаров жаңы алынган карыздар конкреттүү долбоорлорго жумшалып жатканын, анын ичинде завод-фабрикалар жана "Камбар-Ата-1" ГЭСи бар экенин кошумчалады.

"Азыркы алынып жаткан карызыбыз жана мен айткан 1 миллиард доллар деген. Алардын баарын биз даректүү жумшап жатабыз. Завод-фабрикаларга же болбосо "Камбар-Ата-1" ГЭСине. Ал ГЭС ишке берилгенде 12 жылдан кийин өзүн актайт".

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун каржылоо модели башкача болорун айтты.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу карызга курулган жок. Ал коммерциялык долбоор. Мен муну тышкы карызга албайм дегем. Ким акча салса, ал жакта 25–30 жылда актап алат".

Президенттин экономика тууралуу аргументтеринин дагы бир бөлүгү азыркы күндөгү эң көп талкууланган маселеге - кымбатчылыкка барып такалат. Өлкөдө инфляция өсүп, күйүүчү майдын баасы кымбаттап жаткан шартта өкмөт ички рыноктогу бааларды кармоо аракетин көрүп жатканын билдирүүдө.

Кымбатчылык: "Кол куушуруп отурган жокпуз"

АКШ-Иран согушунун фонунда күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстанда да бааларга таасир берип жатат. Бензиндин баасы өсүп жаткан шартта өкмөт кандай чара көрүп жатканы тууралуу суроого президент "кол куушуруп отурбаганын" айтты.

"Кол куушуруп эле отурган жокпуз. Бизде тамак-аштын тогуз түрү болсо, анын алты түрүн өзүбүздөн чыгарганга жетишип калдык. Үч түрү боюнча импорт кылып жатабыз".

Өкмөт эттин баасын кармоо үчүн да чара көрүп жатканын президент билдирди.

"Эт боюнча 500 миллион сом бөлүп бергенбиз. Уйларды сатып келип, союп, облустук борборлорго арзан кылып, 600 сомго чейин кылгыбыз келди. Өкмөт жолун таап, аракет кылып жатат".

Улуттук банктын эсебинде, быйыл өлкөдө инфляциянын расмий көрсөткүчү 11,4 пайызга жетти. Азык-түлүк жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кымбатташы калктын чыгымдарына түз таасир берип жаткан шартта, өкмөт бааны кармоонун дагы бир жолу катары электр энергиясынын тарифин төмөн деңгээлде кармап турууну көрсөтүүдө.

"Колдон келишинче, күчүбүздүн жетишинче ушул баада кармап турганга аракет кылабыз. Тамак-аш, курулуш материалдары кымбаттап кетпеш үчүн бааны кармаганга аракет кылабыз. Өзүбүздөн чыккан электр энергияны арзан кармап жатабыз. Элдин баарында 5 сом болсо, бизде 1 сом 37 тыйын".

Ошентсе да, кымбатчылык кендирди кесип жатканы коомдук сайттардагы маанайдан көрүнөт. Мисалы, Алмаз Беков аттуу жаран 3-августта Фейсбукка мындайча пикир калтырган:

"Кымбатчылык болуп атат, эт миң сомго чыкты. Тооктун эти арзан болсо да жебегендер бар элибизде. Өкмөт башчы эшек такалап отурабы?".

Президенттин экономикалык жүйөөлөрүндө төрт негизги багыт көрүнөт: Кумтөрдөн түшкөн киреше, коррупциядан кайтарылган каражат, келечектеги транзиттик киреше жана карызга алынган каражаттарды инфраструктуралык долбоорлорго багыттоо. Ал эми бул каражаттардын экономикага тийгизген таасири жана айтылган көрсөткүчтөрдүн расмий статистика менен канчалык дал келери өзүнчө талдоону талап кылат.

Экономисттер эмне дейт?

Кыргызстандын экономикасы акыркы беш жылда олуттуу өсүш көрсөттү. Экономист Искендер Шаршеевдин айтымында, 2021–2025-жылдары жана 2026-жылдын башында өлкө дүйнөдөгү экономикасы эң тез өсүп жаткан мамлекеттердин катарына кирди. Анын айтымында, өсүшкө сооданын, өзгөчө реэкспорттун кеңейиши, акча которуулардын көбөйүшү, курулуш, мамлекеттик чыгымдар жана инвестициялар негизги түрткү болгон:

"Өсүштүн негизги факторлору сооданын, өзгөчө реэкспорттун кеңейиши, акча которуулардын көбөйүшү, курулуш, мамлекеттик чыгымдар жана инвестициялар болду. Реалдуу ички дүң продукция 2021-жылы 5–5,5 пайызга өссө, 2022–2025-жылдары жылдык орточо өсүү 9–11 пайызды түздү. 2024-жылы өсүү 11,5 пайызга, 2025-жылы 11,1 пайызга жетип, 2021–2025-жылдардагы жалпы реалдуу өсүш 47 пайызды түздү, ал эми айрым баалоолордо бул көрсөткүч 55 пайызга чейин жеткени айтылат. 2026-жылдын алгачкы 7 айында да экономика 11 пайызга өстү. Номиналдык ички дүң продукция 2021-жылдагы 9–10 миллиард доллардан 2025-жылы 22–23 миллиард долларга чейин көбөйүп, дээрлик 2–2,5 эсеге өстү. Адам башына эсептелген ички дүң продукция 1,4 миң доллардан 3,1 миң долларга чейин жогорулап, 2 эселенди. Эң жогорку өсүш курулуш жана кызмат көрсөтүү, анын ичинде соода тармактарында катталды, өнөр жайдагы өсүш 10 пайыздан ашты, ал эми айыл чарбасы салыштырмалуу жай өнүктү. Инфляция орточо 5–11 пайыздын чегинде болуп, 2025-жылы 8 пайызды түздү, 2026-жылдын башында жогорулап, Улуттук банктын максаттуу көрсөткүчүнөн ашты. Мамлекеттик карыздын ички дүң продукцияга карата деңгээли 37–40 пайызга чейин төмөндөп, эл аралык резервдер көбөйдү, жумушсуздук менен жакырчылык азайды, инвестициялар дээрлик 2 эсеге өстү жана Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы соода күчөдү. Экономикалык өсүш негизинен 2022-жылдан кийинки Орусия менен байланышкан соодага, миграцияга жана акча которууларга, ошондой эле курулуш жана инфраструктура сыяктуу ички стимулдарга таянды".

Ошол эле учурда Кыргызстанда инфляция жана импорттун жогорку деңгээли экономиканын "кызып" баратканынын белгилерин көрсөтүүдө. Шаршеев Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банктын божомолуна таянуу менен, реэкспорттун убактылуу таасири азайгандыктан, 2026-жылы экономикалык өсүш 6% чейин басаңдашы мүмкүн экенин белгилейт.

Искендер Шаршеев, экономист

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Искендер Шаршеев, экономист

"Энергетика, темир жол жана өнөр жай тармактарындагы ири долбоорлор экономиканы колдоону улантат. Узак мөөнөттүү туруктуулук үчүн өндүрүштү диверсификациялоо, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана реформаларды тереңдетүү зарыл. Жалпысынан пандемиядан кийинки калыбына келүүдөн соң Кыргызстанда тез экономикалык өсүү мезгили башталып, экономиканын көлөмү жана кирешелер көбөйдү, бирок импортко жана тышкы факторлорго болгон структуралык көз карандылык сакталып калууда. Президенттин интервьюсунда айтылган көрсөткүчтөр да ушул тенденцияларга шайкеш келет", - деди Шаршеев.

Ал эми жарандык активист Рита Рахман аталган алтын кени боюнча ачыктык маселесин көтөрдү.

"Кумтөр 2021-жылга чейин жыл сайын 150-170 барактан турган отчетторун ачык илип турчу. Кызыккан, түшүнгөн адамдар окуп, иликтеп, жиликтеп алууга мүмкүн болчу. Теңиз Бөлтүрүк (ред. Кумтөр ишканасынын мардагы башкаруучусу) жетектеп турганда ал отчеттор илинип келген, азыр болсо беш баракка жетпеген отчетун илип коюшат, ал маалыматты талдаганга мүмкүн эмес. Ачык айкындуулук - адилеттүү башкаруунун пайдубалы. Эмнеге эң ири мамлекеттик долбоорубуз жабык болуш керек?",- деп жазды активист Фейсбуктагы баракчасында.

Президент Садыр Жапаров 1 саат 45 мүнөткө созулган маегинде экономикадан тышкары, Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы, президенттик шайлоо, адам укуктарынын абалы жана камактагы активисттер тууралуу суроолорго жооп берди. Анда Жапаров экинчи мөөнөткө президенттик шайлоого катышарын да билдирди.