"Кызыктай тапшырма беришет": украин жоокери аскер жетекчиликти сындап, жумуштан кетти

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Украин куралдуу күчтөрүнүн офицери Александр Ширшин жумуштан кетүү жөнүндөгү арызын жазып, өзүнүн жетекчилерин "акылга сыйбаган тапшырмаларды берет" деп айыптады. Ал "Магура" бригадасынын 1-батальонунун командири эле. Бул чыр-чатактын чыгышына эмне себеп болду жана украин куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги ага кандай чара көрдү?

16-май күнү кечинде анын Facebook баракчасына аскер жетекчилигинин тапшырмаларына нааразы болгон билдирүү жарыяланып, аны менен катар кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы белгилүү болду.

"Мынчалык акылга сыйбаган тапшырмаларды көргөн эмесмин. Кайсы бир күнү убактысы келгенде окуяларды төкпөй-чачпай айтып берем. Мындай таризде иш алып баруу, өз ишин билбеген генералдардын аракеттери, жоокерлерди жоготуу – мунун баары ийгилик алып келбейт. Алардын колунан келгени – сөгүш берүү, иликтөө жана жаза колдонуу", – деп айтылат Ширшиндин билдирүүсүндө.

Офицердин мындай билдирүүсү коомчулукта резонанс жаратты. Кээ бирлери Ширшинди жактаса, башкалары аны сындап жатат.

Ширшин тууралуу эмне белгилүү?

Александр Ширшин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эң таанымал офицери. Ал отуз жашта, каймана аты "Гений". Кез-кезде интервью берип, армиядагы абал тууралуу журналисттер менен баарлашып, өзүнүн ой-пикирин коомдук сайттарга жазып турчу.

Ал Николаев шаарында төрөлүп, бир нече жыл бою Крымда жашаганы белгилүү. 2010-жылдан 2014-жылга чейин Севастополь мамлекеттик университетинин Атомдук энергетика жана өнөр жай институтунда окуган. Бокс менен машыгып, спорт чеберине талапкер деген наам алган.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Ширшин Одессага которулуп, ал жакта аскер кафедрасын аяктаган. Кийинчерээк Польшадагы Белосток технологиялык университетине гранттык негизде окуганга мүмкүнчүлүк алып, 2016-жылы магистр даражасына ээ болгон.

2017-2019-жылдары Украина католик университетинде окуп, дагы бир магистр даражасына ээ болду. 2019-2020-жылдары Ширшин Черновцыдагы Украина лидерлик академиясынын "Коомдук өнүгүү" программасынын жетекчиси катары эмгектенди.

2020-жылдан 2022-жылдын февралына чейин үй-бүлөсү менен Тернополь шаарында жашап, тиричилик техникасын чыгарган ишканада иштеди.

Орус армиясы Украинага басып кирээрдин алдында 80-десанттык чабуул бригадасына өз ыктыяры менен катталган. Согуш башталгандан кийин дрон оператору болуп, взводду башкарган. Луганск облусундагы Золотеге жакын жерде кармаш учурунда Ширшин жарадар болгон.

III даражадагы "Эрдик" жана III даражадагы Богдан Хмельницкий ордендери менен сыйланган.

2022-жылдын күз айларындагы украин күчтөрүнүн контр чабуулу учурунда Харьков облусундагы Изюм шаарын бошотуу операциясына катышкан.

2023-жылдын январында белгилүү америкалык жазуучу жана тарыхчы Тимоти Снайдер коомдук сайттардагы өзүнүн баракчаларына Александр Ширшиндин окопто китеп окуп жаткан сүрөтүн жарыялады. Ширшиндин колундагы китепти ("Эркиндикке карай жол" - The Road to Unfreedom) Тимоти Снайдер жазган.

"Автор үчүн жогорку сый-урмат – бул окурман" деген аталыш менен жарыяланган сүрөт Ширшинди дагы да таанымал кылды.

Бир айдан кийин Ширшин менен Снайдер Украина католик университетинде жолуккан.

2023-жылдын башында Александр жаңы түзүлгөн "Магура" бригадасына которулган. "Левый берег" Telegram каналына берген маегинде башка бригадага которулууга айрым командирлердин аракети түрткү бергенин айткан:

"Жетекчилик менен оор кырдаал жаралган эле. Командачылыктын өзүндө маселе болду".

2023-жылы "Магура" бригадасында "Гений" каймана атын алып, ротанын командири катары Запорожье облусундагы контр чабуулга катышкан. Ал операция ийгиликсиз болуп, украин куралдуу күчтөрү оор жоготууга учураган. Ошентсе да украиндер орустардын биринчи катардагы коргонуу күчтөрүн жарып өтүп, бир нече айылды бошотууга жетишти. Ал учурда дагы Александр Ширшин журналисттер менен байланышын үзбөй, фронттогу кырдаалга жана армиядагы абалга сын-пикирлерин айтып турган.

Ширшин өзүнүн 16-майдагы билдирүүсүндө анын аскердик бөлүгү азыр кайда согушуп жатканын айткан эмес. Бирок "Магура" бригадасы тууралуу интернетке жарыяланган маалыматтар боюнча, алар дагы эле Сумы жана Курск облустарынын чек арасына жакын жерде кармашып жатканын байкоого болот.

Марттын аягында "Укринформ" мамлекеттик агенттигине берген маегинде батальондун командири жетекчилик менен түшүнбөстүктөр болорун айткан. Ал аскерлерди ашыкча коркунучка дуушар кылган тапшырмаларга каршы экенин баса белгилеген.

"Тобокелчиликке бара турчу иштер болот. Эгер көзүң жетпесе, анда ал ишти аткарып кереги жок. Бүтүндөй аскердик түзүмгө коркунуч туудура турган иш болсо, анда ал тапшырманы мүмкүн болушунча өзгөрткөнгө аракет кылам", – деген ал.

Ызы-чууга кандай реакция болду?

Украина куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы Ширшиндин окуясы тууралуу кыскача билдирүү менен эле чектелди. Аскер жетекчилиги Ширшин айтып чыккан жагдайларды, анын ичинде анын командачылыгынын буйруктарын жана тапшырмаларын иликтөөгө убада берди. Аны териштирүү максатында Башкы штабдын башчысы Андрей Гнатов атайын жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

"Аскердик командачылыктан түшкөн буйруктар жана тескемелер учурдагы согуштук кырдаалда кабыл алынган чечимдердин ылайыктуулугуна жараша деталдуу иликтенет", – деп айтылат Башкы штабдын билдирүүсүндө.

Ширшинди "Магура" бригадасынын жоокерлери, украин армиясындагы айрым аскерлер, журналисттер жана саясатчылар ачык колдоп чыкты.

Маселен, "Азов" полкунун штабынын мурдагы начальниги Богдан Кротевич ("Тавр") Ширшинди колдой турганын ачык жазган. Анын айтымында, Башкы штаб чындап эле "популисттик, негизсиз, акылга сыйбаган" тапшырмаларды берип, аскерлерди өлүмгө алып келе турган жагдайларга себепчи болгон:

"Мен Александрдын позициясын колдойм. Андай тайманбастык сейрек кездешет, дал ушундай жоокерлер биздин армиянын келечеги. Анткени алар карьера эмес, жоопкерчиликти жана ар-намысты ойлонушат".

Анын мындай кадамын сындагандар дагы аз эмес. "Скала" аттуу 425-чабуул полкунун баракчасында "Магура" офицерин сындап, аны "саясий оюндарга" аралашкан деген билдирүү жарыяланды:

"Ал жетектеген иш-аракеттер жыйынтык бербей, дайыма ийгиликсиз аяктайт. Ал сындап коюп, жоопкерчиликти башкага жүктөө менен эле алек. Ширшин саясий оюндарды ойноп, реалдуу кырдаалга туура келбеген баа берип жатат".

Украин куралдуу күчтөрүнүн эң күжүрмөн бөлүктөрүнүн бири – Үчүнчү штурм бригадасы Башкы штабга колдоо көрсөтүп, Курск багытындагы операцияны жактаган билдирүүсүн жарыялады.

"Биз Башкы штабдын 47-өзүнчө механикалаштырылган бригададагы жагдайларды тактоо үчүн жумушчу топ түзүү чечимин колдойбуз. Армиядагы ички талаш-тартыштар так жана негиздүү жоопту талап кылат", – деп айтылат билдирүүдө.

"Хартия" бригадасынын командири Игорь Оболенский жооптуу бөлүктүн командирин жөн эле сынга албастан, жетекчиликке өз оюн айтып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунушташы керектигин белгилеген.

Оболенский куралдуу күчтөрдүн командалык курамы анын идеяларын угуп, колдоо көрсөткөндүгү тууралуу бир нече мисалды келтирген.