Манасчылардын араздашуусу: Театрдын башчысы убактылуу кызматтан четтетилди

Нурбек Талантбек уулу

Сүрөттүн булагы, Маданият министрлиги

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурбек Талантбек уулу
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Манасчылардын араздашуусу тууралуу маалыматтардан кийин "Манас" театрынын директору Нурбек Талантбек уулу кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 11-декабрда билдирди.

Министрлик бул театрда манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыкканы тууралуу маалыматтарды жеринде "тактоо жана объективдүү баалоо үчүн" атайын комиссия түзүлгөнүн эске салып, комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин директор убактылуу кызматынан четтетилгенин белгиледи.

"Иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча министрлик кошумча маалымат берет", - деп айтылат расмий маалыматта.

9-декабрда Кыргыз улуттук "Манас" театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалымат тараган. Алгач бул тууралуу манасчы Асанаалы Калил уулунун жубайы Наргиза Эмилбек кызы Фейсбуктагы баракчасына пост жазган. Ал күйөөсүн кесиптештери – манасчылар Рыспай Исаков, Нурбек Калыбек уулу жана театрдын директору Нурбек Талантбеков сабап салганын билдирген.

Көп өтпөй социалдык тармактарда Асанаалы Калил уулунун окуя тууралуу айткан кыска видеосу тараган. Анда манасчынын: "Мурдум кыйшайып калды. Тишимди канатып, мурдумду ийрейтип койду", - деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Бул окуядан кийин, 10-декабрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги "Манас" театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзгөнүн билдирген. Комиссияны министрдин орун басары Аскаралы Мадеминов жетектеген.

Асаналы Калил уулу

Сүрөттүн булагы, Наргиза Эмилбек кызынын сүрөтү

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Асаналы Калил уулу

"Экөөбүз чырдаша кеттик"

Би-Би-Си шаршемби күнү манасчынын жубайы менен байланышып, окуянын чоо-жайын сураган. Ал күйөөсү учурда үйдө дарыланып жатканын билдирген эле.

"Түндө дене табы көтөрүлүп кыйналып чыкты. Бүгүн таңкы саат 4.18де "тез жардам" чакырдык. Бирок ал келбей, саат 5:10до Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирдик. Ал жер кабыл албай, республикалык ооруканага алып бардык. Ал жерден теккшерүүдөн өттү. Башы чайкалыптыр. Жаагында жана мурдунда жарака бар экен. Азыр бети-башы шишик, көгала. Шишик тарагандан кийин мурдун кайра текшеребиз дешти. Ооруканада орун жок, жаткырганга мүмкүнчүлүк жок деп, уколдоруңарды бейтапканага барып алып тургула тургула деп жөнөтүштү", – деп айткан Наргиза Эмилбек кызы.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ал күйөөсү, манасчы Асанаалы Калил уулу 9-декабрда иш маалында сабалганын айтып жатат.

Наргизанын билдиришинче, бул чыр "Жаратман Манасчы" сынагына байланыштуу чыккан. Асанаалы Калил уулу ич ара сүйлөшүүлөрдө конкурс калыс өткөн жок деген пикирин билдиргенден улам уруш чыккан.

"Жаратман Манасчы" сынагы октябрь айында өтүп, жеңүүчүлөр 4-декабрь - "Манас" күнүнө карата сыйланган.

Катышуучулардын арасынан Рысбай Исаков, Замирбек Баялиев, Кулмат Сыдыков жана Асанаалы Калил уулу байгелүү орундарга татыганы айтылган.

Би-Би-Си 10-декабрда "Манас" театрдын жетекчиси Нурбек Талантбек уулу менен манасчы Рыспай Исаковго бир нече жолу телефон чалып, байланыша алган эмес.

11-декабрда манасчы Исаков "Фейсбуктагы" барагына видео кайрылуусун жарыялап, Асанаалы Калил уулу менен анын ортосундагы жеке маселе "жалпы уу-дууга айланып кеткенин" айтты.

"Бул экөөбүздүн ортобуздагы пикир келишпестик болчу. Асанаалы, ошол учурдагы кырдаалды эске алып көрөлү. Сен менин жиниме тийдиң, мен сенин ачууңду келтирдим. Экөөбүз чырдаша кеттик, балким. Ушул нерсени өзүнчө чечип алалы деп үч күндөн бери артыңдан жолуга албай жүрөбүз. Жеке мен өзүм эмес, жалпы манасчылар, Назаркул Сейдракманов өзү баш болуп жүрөбүз. Эл, жалпы журттан дагы бир жолу кечирим сурайм. Жеке маселени жалпы уу-дууга алдырып, "Манас" дүйнөсүнө сөз тийгизип алгандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Асанаалы, жеке маселени жеке чечели. Манас дүйнөсүнө, Манас ааламына, "Манас" театрына сөз тийгизбейли. Экөөбүз бири-бирибизди кечирише турган жердебиз. Кел, кечирим сурашалы", - деген Рысбай Исаков.

Коомчулуктагы пикир

Кантсе да коомчулукта манасчылар араздашканы тууралуу кабар түрдүү пикирлерге, талкууга жем таштады.

Театрдын мурдагы директору Азиз Биймырза уулу манасчылар жаңжалдашкан делген окуяны угуп алып таң калып турганын айткан.

"Ырыспай Исаков мындай кадамга барышы мүмкүн эмес эле. Абсурд окуя. Мен ишене албайм мындай нерсеге. Ырыспай Исаков мындан да жаман кырдаалдарга, сыноолорго күбө болуп жүрөт. Бардык учурда жаман-жакшы сөз сүйлөгөнүн көргөн эмесмин. Азыр ушул жаңылыкты угуп алып таң калып турам. Ишенбейм. Асаналыны да жакшы тааныйм. Ал деле чыр-чатакка барышы мүмкүн эмес. Ал өзү Ырыспайдан аябай кичүү, Ырыспай агай аябай улуу. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай турам", - деди Биймырза уулу.

Кыргызстандын Франциядагы элчиси, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз “театрдын ичинен чыккан ызы-чууга” эки күндөн бери түйшөлүп турганын, абалды кызытуунун эч кимге кереги жок экенин “Фейсбуктагы” барагына жазды.

“Маданияттын адамы чоң муштум болбош керек. Бул уят иш. Ызы-чууга аралаш ичтеги ызасы же кеги барлар ага кошула бул ишти "пайдаланганы" жана баарын "ала жатыш" керек деп козуткандар да жок эмес. Бул ыплас багытка айланып кетиши мүмкүн. Саясатта бул кадимки көрүнүш, бирок биз сыйлап карманган ыйык нерселер болуш керек. Антпесе коом астын-үстүн болуп жатып калабыз. Күнөөлүлөр айыбын көтөрсүн (мен билгенден бир тарап эле күнөөлүү), жазасын алсын. Мыйзам алдында, андан да жогору салт алдында. Чууну чубата бериштин кажети канчалык маанилүү жана ал ызы-чуудан ким утат”, - деп суроо салды элчи.

"Сагымбай, Саякбай, Шапак, Жусуп Мамай, Уркаш аталардын манасчы деген атка, затка көлөкө түшүргөнүн элестете аласыздарбы? Манасчы деген эзелтен өзгөчө аруулукту сактап, элге үлгү болуп жүрүшү абзел эле го... Өкүнүчтүү", - деп жазды мурдагы дипломат Азат Эркебаев "Фейсбуктагы" барагына.

"Манас" театры 2021-жылы түзүлгөн. Нурбек Талантбек уулу бул театрдын директору болуп 2024-жылы 24-июлда дайындалган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу бул театрдын штатында 83 кызмат орду каралган.

Былтыр 18-апрелде "Манас" театрынын жамааты жаңы имаратка ээ болгон. Ал мурдагы "Манас айылы" этнографиялык комплекси жайгашкан жерде. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар.