Бийликти басып алуу аракетиби же атайын кызматтын эскертүүсүбү?

Published

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда отуздан ашуун адамдын бийликти басып алууга даярдык көргөн делип УКМКга жеткирилиши апта башындагы эң чоң окуялардын бири болуп калды.

Атайын кызмат сурактан кийин беш адамга оор айып менен кылмыш ишин козгоду. Учурда бул ишке жашыруун деген гриф коюлгандыктан расмий органдар толук маалымат бербей жатат.

Дүйшөмбү күнү “бийликти басып алууга” айыпталып УКМК тарабынан кармалган беш кишинин төртөө 21-июнга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар - “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрайымы Роза Нурматова, “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Гүлжигит Исаков жана ким экени ачыктала элек эки адам.

Кармалгандардын арасынан Кыргыз улуттук университетинин окутуучусу Чолпонбек Сыдыкбаев үй камагына алынды.

Фемида өкүлдөрү ишке жашыруун деген гриф коюлгандыктан, айыпталуучулардын укугун кайсы адвокаттар коргоп жатканы тууралуу маалымат берилбей турганын айтышты.

Адатта буга окшогон оор беренелер менен козголгон кылмыш иштердин тергөөсү айлап, жылдап созулат. Ошондуктан айыпталуучулардын бөгөт чарасы каралаган учурда тергөө судьясы шектүүлөрдү дароо эле эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган мисалдар аз эмес. Бул жолку бийликти басып алууга шектелип жаткандар эки аптага гана камакка алынды.

Расмий айып

УКМК кармалгандарга “бийликти күч менен басып алуу үчүн көмүскө даярдык көрүшкөн” деген айып тагууда. Далил катары айрым бир видео, аудио материалдар тарап жатат. Тергөөнүн версиясында шектүүлөр жыл бою өлкөнүн ар кайсы аймагынан [бийликке] нааразы болгон жүздөн ашык адамды өз катарына тартканы айтылат.

Алардын милдеттери так бөлүштүрүлгөнү жана негизги уюштуруучусу Роза Нурматова экени кабарланды.

УКМК ошондой эле уюштуруу иштерин каржылоо жана сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан каражат да келмей болгонун айтууда. Бирок кимден же кайдан, канча каражат алынмактыгы тууралуу ачык маалымат таратылган жок.

Кармалгандар учурдагы бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган жалгыз топ эмес. Буга чейин оппозициялык маанайдагы белгилүү саясатчылар, активисттердин жоон тобу кармалып, камалган эле. Алар “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча бийликтин чечимине каршы чыккандар.

Бирок парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып башкы прокурор баштаган орган кызматкерлери “Кемпир-Абад” деген иштин өзү жок экенин, ал жерде такыр башка берене менен кармалышканын баса белгилеген. Тактай келгенде ал топко дагы ушуга үндөш “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Камакка алынгандар бул айыптоолорду четке кагып келишет.

Кармалгандар ким?

Бул жумада кармалган адамдар тууралуу интернеттеги ачык булактардан маалымат чогулттук. “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөндөрдүн уюштуруучусу” делген Роза Нурматова 64 жашта.

Ал 2005-жылы Өкмөттүн социалдык саясат жана маданий өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон. 2007-2009-жылдары “Асаба” партиясынын катарында жүргөн. 2008-2010-жылдары Азимбек Бекназаров башында турган Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) активдүү мүчөсү болуп, Бакиевдин бийлигине каршы ар кандай акциялардын уюштуруучуларынын бири болгон.

2011-жылы президенттик шайлоодо Камчыбек Ташиевдин расмий өкүлү болгон. 2012-жылы Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев камакка алынганда, алардын тарапташтарынын штабын жетектеп, саясатчыларды бошотууну талап кылган акцияларды уюштурган. 2010-жылдан бери “Элдик Кеңеш” саясий партиясын төрайымы.

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев Би-Би-Сиге берген маегинде Роза Нурматова менен жакында эле жолукканын, анын бийликти күч менен басып алуу тууралуу кандайдыр бир пландарын байкабагандыгын айтууда.

“Көз карашын дайыма ачык айткан, энергиясы ашып ташкан адам. Март айында Москвадан келген. Орусияда деле Путиндин тегерегинде башка өлкөлөргө ар кандай көз караштагы топтор бар. Балким, ошолордун бири менен жолугуп калгандыр. Негизи ал коомду өзгөртүүгө далалат кылган, элдин алкышына татысам деген адам. Экөөбүз жолугуп сүйлөшкөнбүз, “мага бир районду же бир шаарды берсе баарын оңдоп коёт элем” деди. Уюштуруу жөндөмү да күчтүү. Биздин жетекчилер мындай адамдардын энергиясын туура колдонушу керек болчу”.

Гүлжигит Исаков

Жарандык активист. 2003-жылы Түркиядагы Хажетепе университетин бүтүргөн. 2004-2006-жылдары Стамбулда, 2007-2010-жылдары Москва шаарында эмгектенген. 2015-жылы Темирбек Асанбеков түптөгөн “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын тизмеси менен парламенттин депутаттыгына талапкер болгон. 2019-жылдан бери “Чек ара коомдук бирикмесинин” мүчөсү. 2012-жылдан бери бийликтин айрым иштерине нааразы экенин ачык айтып, Facebook баракчасына сын-пикирлерин жазып келет.

Активисттин иниси Искендер Исаков агасына карата козголгон кылмыш ишти атайын токулган деген пикирде. Ал бир тууганынын кармалышын Facebook баракчасы аркылуу бийликке сын айтып келгени менен байланыштырып жатат.

“Мен тергөө судьясынын чечимин окудум. Жашыруун деген гриф коюлгандыктан баарын айта албайм. Агам кафеде бирөө менен жолугуп, эркин темада сүйлөшкөнүн экен. Ошону жаздырып алып, конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө аракет кылган деген айып тагып жатышат. Башка кармалгандар менен бирге даярдык көргөн деген тергөөнүн дагы, соттун дагы тексттинде жок экен. Алар менен байланышы да жок болчу. Керек болсо бийликти күч менен басып алуунун кереги жок деп өзү көп айтчу. Андай пикирдегилерди да колдобойт болчу”.

УКМК кармалган беш адам тең “күнөөсүн мойнуна алышты” деп билдирүү таратты.

Биз бул маалыматты тактоо үчүн Гүлжигит Исаковдун адвокаты Сартбай Жайчыбеков менен эки жолу байланышканда, ал активисттин өзү менен жолукканын ырастап, башка маалымат берүүдөн баш тартты.

Чолпонбек Сыдыкбаев

Саясат таануу илимдеринин кандидаты. 2009-жылдан тартып Бишкектеги бир нече окуу жайда эмгектенген. Ушул тапта КУУнун мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинде окутуучу болуп иштейт. Көптөгөн басылмаларда аналитикалык макалалары жарык көргөн.

Бөрк ал десе, баш алмай эмеспи?

Бул камоолор “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселеси кайрадан көтөрүлүп жаткан учурга туш келип олтурат. Жакында эле Башкы прокуратура Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи ирет макулдук сураган эле.

Ошондуктан бул эки окуяны кайсы бир деңгээлде байланыштыргандар да болууда. Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештеги эң көп добуш алган депутат. Өзүнүн туруктуу колдоочулары бар.

“Бул Адахан Мадумаровдун тарапташтарына эскертүү болушу мүмкүн деген пикирлер айтылып жатат. Эгер силер эртең чыксаңар, камап коёбуз дегендей. Анткени Кыргызстанда үч жолу бийлик күч менен алмашкандыктан президенттердин көбү ар кандай акциялардан коркуп калган”,- деди генерал Өмүрбек Суваналиев Би-Би-Сиге.

Кыргызстан эгемендик алган отуз жылдан ашуун убакыттан бери бийлик үч жолу күч менен алмашты. Бирок ар бир бийликтин тушунда “бийликти басып алууга аракет кылган” делип саясатчылар камакка алыган учурлар болгон.

Ошол эле учурда “мыйзамга каршы чыккандарды кармагыла, жазалагыла” деп интернетте жаат-жаат болуп, талашып-тартышкандар дагы жок эмес.