You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү кызматтан кетти
АКШ Афганистан аскерин чыгарган эки ай өтпөй АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү кызматынан кетти.
Залмай Кализад АКШнын Талибан менен сүйлөшүүлөрүн жетектеген, бирок узак убакыт жүргүзүлгөн дипломатиялык сүйлөшүүлөр натыйжасыз болуп, талибдер өлкөдөгү бийликти басып алышкан.
Августта Кабулду ээлегенден кийин Талибан өлкөдөгү бийликти өз колуна алды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Калилзаддын ордуна анын орун басары Томас Вест мырза келерин айтты.
“Мен анын Америка элине ондогон жылдар кылган кызматы үчүн ыраазычылык билдирем”, - деди Блинкен мырза, дүйшөмбү күнү Халилзад мырзанын кызматтан кеткенин жарыялаган билдирүүсүндө.
Калилзад мырзанын мамлекеттик катчы Блинкенге жазган катында, “Афган өкмөтү менен Талибандын ортосундагы саясый макулдашуулар күтүлгөндөй натыйжа бербегенин” тааныган.
“Мунун себептери көп. Бул боюнча ойлорумду жакынкы күндөрү билдирем”, - деп жазган ал.
Ал ооган элинин азыркы абалы үчүн "кайгыра турганын" дагы кошумчалады.
70 жаштагы Халилзад мырза Ооганстанда төрөлүп, Кабулда чоңойгон. Ал АКШнын ардагер дипломаты, мурдагы президенттер Дональд Трамп, Барак Обама жана Жорж Буштун тушунда бул кызматты ээлеп келген.
Ал былтыр февралда кол коюлган АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгаруу мөөнөтүн 31-августка белгилеген Доха келишими боюнча Талибан менен сүйлөшүүлөрдү жетектеген.
Сентябрда АКШнын коргоо жетекчиси Талибандын Ооганстанды басып алышы ошол келишимден улам болушу мүмкүн экенин айткан.
Президент Жо Байден АКШ аскерлерин Афганистандан 31-августка чейин чыгарып кетүү планын уланткан.
Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик департаментинин генерал инспектору Афганистандан чыгып кетүүнүн акыркы күндөрүн, анын ичинде өлкөнүн Кабулдагы элчилигинен шашылыш эвакуациялоону карай турганы өзүнчө кабарланды. Департаменттин өкүлү, ошондой эле, качкындарды жайгаштыруу маселеси дагы карала турганын айтты.
АКШнын учурдагы президенти демократ Жо Байден, Афганистандан чыгып кетүү чечими үчүн республикачылар тарабынан сындалып келет.
Августта Талибандын эки апта ичинде бүт өлкөнү көзөмөлгө алышы, АКШ жана анын союздаштарын качканга аракет кылганга миңдеген кишилерди массалык эвакуациялоо кылууга мажбур кылды.
Операция учурундагы өзүн жардырган чабуулдан 180 киши каза болгон. (CS)