You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Байденге Афганистанда 2500 аскерди калтыруу сунушталган
АКШнын эки башкы генералы Афганистанда 2500 аскерди калтырып туруу боюнча сунуш бергенин айтып чыкты.
Генерал Марк Милли менен генерал Франк Маккензинин Конгресстеги көрсөтмөсү менен АКШнын президенти Жо Байдендин айткандары дал келбей калгандай.
Талибан өлкө боюнча кулачын тез эле кеңейтип, Афганистандын бийлигине август айында келген эле.
Генерал Милли афган өкмөтүнүн ыкчам түрдө кулашы АКШны таң калтырганын айтты.
АКШнын эки генералы менен коргоо министри Лойд Остин шейшемби күнү Сенаттын куралдуу кызматтар комитетинин суроолоруна жооп беришкен.
Чет элдик күчтөр өз жарандарын Кабул аэропортунан эвакуациялап жатканда баш аламандыктар менен коштолуп, миңдеген афгандар дагы өлкөдөн чыгып кетүүгө жан далбастап аракет кылышкандан кийин бул иш каралып отурат.
Эвакуациялоо учурунда жанкечтинин жардыруусунан 182 киши каза болгон. АКШнын 13 кызматкери жана бери эле дегенде 169 афган жараны аэропорттун кире беришинде 26-августта мүрт кеткен.
Аскерлерди калтыруу
АКШнын аскерлерди чыгаруу операциясын көзөмөлдөгөн генерал Маккензи республикачыл сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып, 2500 чакан аскердик топту Афганистанда калтыруу сунушун бергенин айтты.
Бул президент Жо Байдендин 19-августта ABC телеканалынын журналистине айткандары менен карама-каршы келет. Интервью учурунда Байден ага эч ким андай сунуш бергенин эстебегенин билдирген.
Генерал Милли аталган сунушка макул болгонун айтты. Бирок аляскалык республикачыл Дэн Сулливандын “Байдендин комментарийи калп билдирүү болуп калдыбы?” деген суроосуна түз жооп берүүдөн баш тартты.
Кийинчерээк Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки бул маселе боюнча билдирүү таратты.
“Президент штабдын жана аскердик жетекчилердин ачык кеңештерин баалайт. Бул дайыма эле анын макул болгонун билдирбейт”, - деди ал.
Псакинин айтымында, эгерде аскерлер Афганистанда августтан кийин дагы кала бергенде, анда АКШ азыр Талибан менен согушуп жаткан болмок.
Бийликтин күтүүсүз кулашы
Шейшемби күнкү иштин каралышы коргоо министри Остиндин көрсөтмөсү менен башталды. Анын артынан генерал Милли сүйлөдү. Анын айтымында, Афганистандан келе турган террористтик коркунучтан эми америкалыктарды коргоо кыйын болмокчу.
“Талибан террористтик уюм болгон жана боло берет. Ал-Каида менен алар байланышын дале үзө элек”, - деди ал.
“Кайра түптөлгөн ал-Каида же ИМдин [Ислам мамлекети тобу] АКШга кол салуу ыктымалдыгы өтө жогору”.
Генерал Миллинин айтымында, ал 2020-жылдын соңунда баалоо жүргүзүп, ага ылайык, Афганистандан аскерлерди шашылыш чыгарып кетүү өкмөттүн кулашына жеткирмек.
Бирок ал дагы, министр Остин дагы өз көрсөтмөсүндө афган өкмөтүнүн кулашы АКШнын аскерлерине күтүүсүн болгонун айтышты.
“Биз мамлекет курууга жардам бердик, бирок элди түзө алган жокпуз”, - деди Остин.
“Биз жана шериктерибиз машыктырган афган армиясы жөн гана сиңип жок болуп кеткени, көпчүлүк учурда бир да ок чыгарбаганы, баарыбызды таң калтырды”.
АКШнын аскерлери Афганистанга биринчи жолу 2001-жылдын акырында, 9/11 окуяларынан кийин эле кирген. Өзүнүн 20 жылдык операциясы учурунда АКШ $985 млрд жумшап, он миңдеген аскерлерди тарткан. 2011-жылы аскерлердин саны 110 миңге чейин жеткен.
Расмий Кабулдун кулашы менен АКШнын аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетүү операциялары аягына чыкканга чейин АКШ калган 4000 аскерин эвакуациялаган. Ошондой эле, АКШ Кабулдан чыгарылган 50 миңдей афган качкындарын дагы кабыл алмакчы.
Талибан бийликке келгени Кабул аэропортундагы баш аламандыктарда 20 адам набыт болгон эле.
Генерал Марк Милли деген ким?
- Ал Жо Байдендин башкы аскердик кеңешчиси. Штаб начальниктеринин бириккен комитетинин төрагасы (комитетке эң жогорку мансаптуу сегиз аскердик кызматкер кирет)
- Ал аскердик буйрукка баш ийген топтун бөлүгү эмес жана АКШнын аскер кызматына да буйрук бербейт
- Бирок ал Ак үй менен Пентагондун ортосундагы байланышты камсыздайт
- Ал 2019-жылы бириккен комитеттин төрагалыгына келгенге чейин төрт жылдыздуу офицер жана аскердик штабдын начальниги болгон
“Биз Кытайга кол салбайбыз”
Жакында эле генерал Милли Кытайдын аскердик кызматы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалым болду. Ал мурдагы президент Доналд Трамп боюнча тынчсыздануулардан улам болгон.
Телефон сүйлөшүү боюнча маалымат журналист Боб Вудварддын китебинде ачыкка чыккан. Вудварддын айтымында, генерал Милли өзүнүн кол алдындагыларга эгерде Трамп өзөктүк кол салууга барса, ал ишке ашканга чейин эле аны ырастай турганын айткан.
Башкы республикачыл сенатор Марко Рубио муну “саткынчылык” деп сүрөттөдү.
Бирок генерал Милли өз көрсөтмөсүндө телефон сүйлөшүүлөр ошол кездеги коргоо министри Марк Эспер жана анын милдетин аткаруучу Кристофер Миллер менен бирге жүргүзүлгөнүн айтты.
“Президент Трамптын Кытайга кол салуу ниети болгон эмес экенин билем, терең ишенем… Менин ал кездеги милдетим чыңалууну басаңдатуу болчу”, - деди Милли. (EA)