“Барскан менен өлтүргөн”. “Вагнердин” жалданма аскери көрсөткөн дагы бир видео чыкты

Published

Уюшулган жеке менчик “Вагнер” аскердик компаниясына (“ЧВК Вагнера”) байланышы болушу мүмкүн делген Grey Zone Телеграм-каналы үрөй учурган видео жарыялады. Ал видео тасмада "украин армиясына багынып берген" делген жалданма аскердин “барскан менен өлтүрүлгөнү” тартылган. Жаңы тарап жаткан видеодо башы ташка скотч менен чапталган киши тартылган.

Бул биринчи эле жолку окуя эмес. Буга чейин ушул эле каналда “ЧВК Вагнер” тобунун башка согушкери - Евгений Нужиндин сот өкүму жок эле жогорудагыдай мыкаачылык менен “өлүм жазасына тартылганы” көрсөтүлгөн видеосу чыккан эле.

Эскертүү: Текстте зордук-зомбулук сүрөттөлгөн.

Аталган Телеграм-каналда айтылгандай, бул киши “Украинанын шаарларында - Киевде, азыр Днепрде - эс-учун жоготууга жеткирген илдетке кабылып, жертөлөдө өтчү акыркы сот отурумунда ойгонду”.

Интернетке желдей тарап жаткан видео тасмада башы ташка скотч менен чапталган киши тартылган. Ал өзүн Дмитрий Якущенко деп тааныштырып, Крымда төрөлгөнүн, түрмөгө түшүп, “Вагнердин” курамында фронтко кеткенин, бирок алдыңкы катарда “бул менин согушум эмес экенин түшүндүм” дейт.

*Видеодогу кишинин өздүгүн ал өзү жана “Вагнерге” тиешелүү болушу мүмкүн деген Телеграм-канал гана тастыктайт.

Якущенко Днепр шаарында болгондугун, башына сокку жеп, эсин жоготкондугун айтат. "Ушул бөлмөдө ойгонгонумда, мени соттой турганын айтышты",- деп сөзүн улантат ал киши.

Видеодо Якущенконун артында турган адам дароо башына барскан менен урганы көрсөтүлгөн. Андан соң кадр атайын жакшы көрсөтүлбөй калып, кийин эмне болгонун так түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок видеодо Якущенко дароо артка кулап, барскан кармаган киши аны дагы урганын божомолдоого болот.

“Эптеп бир жолун табыш керек болчу”

Былтыр ноябрда айрым украин медиалар колго түшкөн Якущенконун маегин жарыялаган - Телеграм-каналда бул видеонун да бөлүктөрү бар.

Якущенко 19 жылга кесилип, жазасын Саратов облусундагы Энгельс шаарында өтөгөндүгүн айтат. Анын сөзүнө караганда, ал Украина көзөмөлдөгөн Крымда соттолуп, бирок 2014-жылдан кийин Орусиянын аймагына өткөрүлгөн.

Анын айтымында, фронтко баратканда “эптеп бир жолун таап, качып кетүүнү көздөгөн”. Анан Бахмуттун жанында украин аскерлерине кантип багынып бергенин айтат.

Якущенконун катышуусундагы видео буга чейин “өлүм жазасына” тартылган "вагнерлик" Евгений Нужиндин видеосундай эле монтаждалган.

Былтыр 13-ноябрга караган түнү дал ошол Grey Zone Телеграм-каналында украин туткунунан кайтып келген адам барскан менен өлтүрүлгөн видео тараган. Бул киши “адам өлтүрүү” үчүн соттолгон Евгений Нужин - ал Украинадагы согушка катышуу үчүн “ЧВК Вагнера” тобуна кошулган.

Колго түшкөндөн кийин ал өз ыктыяры менен багынып бергенин, анткени ал Украина тарапта согушууну каалаганын, бирок акыры алмашып кеткенин айткан. (EB)