Каракалпак деген кимдер?

Published

"Өзбекстанда референдум өтөт, анда Баш мыйзамы өзгөртүлүп, Каракалпакстандын суверендүүлүгү боюнча өзгөртүү кирет" дегенден кийин каракалпктар бир толкуду. Такталбай турдүү маалымат тарап жатты. Көп өтпөй кан төгүлгөнү, кылмыш иши козголгону жана  боло турган референдумда каракалпакстандын суверендүүлүгү боюнча маселе күн тартибинен алынганы маалым болду. Коңушулаш эл, тектеш журт дегени менен ошол чуулу окуядан кийин каракалпактар деген кимдер, алар кайда, тили, тарыхы кандай дегендер аз эмес экени байкалды. Тек гана таржымалына учкай токтолдук.  

Каракалпактар – Арал боюндагы түпкүлүктүү түрк элдеринин бири. Болжолдуу саны 900000 чамасында. Чыныгы саны мындан кыйла көп болуусу дагы толук мүмкүн. Учурда алардын жарымы Каракалпакстанда жашашат. Калгандары коңшу аймактарда, басымдуусу Өзбекстанда, ошондой эле Казакстанда, азганакай Түркмөнстанда, Орусияда, Кыргыз Республикасында жашашат.

Каракалпакстан Өзбекстандын курамындагы автономдуу республика, борбору Нөкүс шаары. Калкы болжолдуу 1 млн 990 миң. Республиканын ырасмий тилдери каракалпак тили жана өзбек тили. Административдик бөлүнүшүндө 16 район, 12 шаар, 25 шаарчалар бар. Республиканын жетекчилиги Жокаргы Кеңестин (парламенттин) Төрагасы эсептелет.

Каракалпактар тили жана тарыхы боюнча ногайларга эң жакын. Ошондой эле казактар, өзгөчө Кичи Жүз менен тыгыз байланыштары бар. Мындай жакындыктар, окшоштуктар жана жалпылыктарга карабастан каракалпактар өзүнчө улут, өздүгү бар эл.

Каракалпактар эл катары өз тарыхы, өздүк таанымы (иденттүүлүгү), аларга гана таандык өзгөчөлүктөрү бар, этностук калыптанууда байыркы мезгилдерден бери уланган түпкүлүктүү өзөктүү жолду басып өткөн, жетик улуттук маданияты, чарбалык жана коомдук татаал мамилелери ырааттуу калыптанып бүткөн улут. Кайсы бир жалпы окшоштуктарга карай калпыс тыянак чыгарып, аларды тектеш элдердин эч биринин көлөкөсүндө караганга негиз жок. Узак мезгилди камтыган эл катары калыптануу тарыхында Арал боюнан Уралга, Иртыштан Чыгыш Европага чейинки мейкиндикте жашаган түрк элдеринин ар кайсы учурдагы татаал карым-катыштарынын, дүйнө тарыхында орчундуу болгон ири окуялардын изи калган. Каракалпактардын этногенезинде, маданиятында анын таасын белгилери айкын байкалат.

XII кылымдан тартып Киев Русунун летопистеринде "чёрные клобуки", кийинчерээк араб булактарында "каум икуляк-и сиях", түрк тилдүү булактарда "кара бөрклү" деген аталыштар менен таанылган беченек, огуз жана кыпчак урууларынын бирикмеси (конгломераты) каракалпак элинин өзөгүн түзгөн. Моңгол жапырыгынан соң калыптанган Алтын Ордодогу эң таасирдүү делген кыпчак урууларынын катарында "кара бөрклү" уруусу дагы аталат.

Алтын Ордонун ыдыроосу башталганда чыгыш канаттан 1440-жылдары Ногай Ордосу (Маңгырт Журту деп да аталган) бөлүнүп, Эдил жана Жайык арасында иш жүзүндө өз алдынча мамлекеттик жашоосун баштаган. Ногай Ордонун башкаруучулары атактуу беклербеги Эдиге бийдин урпактары эле. Эдиге бий жана анын учурундагы окуялар ногай, татар, башкурт, казак, каракалпак, кыйыр түрдө кыргыздардын дагы оозеки элдик уламыштарында жакшы сакталган.

Москва падышалыгынын кийлигишүүсүнөн улам Ногай Ордо 1557-жылы Чоң жана Кичи Ордолорго бөлүндү. Ички бүлгүндөн ойсураган Ногай Ордосу узакка созулган ыдыроону баштан кечирип, 1628-1634-жылдардагы калмактардын чапкынынан биротоло кыйрады. Ордонун курамындагы кыпчак, огуз тектүү уруулардын бирдиктүү ногай эли катары жуурулушуп кетүүсү үзгүлтүккө учурады. Ушул чөлкөмдөрдө жашаган элдердин этностук курамына дагы таасирин тийгизди. Ногай Ордосунун чордону Бужак (Бессарабия) татарлары, ак ногай, кара ногай, каракалпак элдерине ажыраса, айрым бөлүктөрү казактын Кичи Жүзүнө, башкурттарга, Казан татарларынын, Сибир татарларынын курамына кирип, айрым бир бөлүгү славяндашты.

Орто кылымдардагы жазма булактарда "чёрные клобуки", "кара бөрклү", "каракалпак" деп белгилүү болгон уруулар бирикмеси Ногай Ордасы кулаган соң, Арал деңизинин боюндагы чектеринде биротоло өз алдынча улут катары калыптануусу уланды.

XVII-XVIII кылымдарда Арал деңизи жана Сыр-Дарыянын боюн жердеген каракалпактар Хорезм (Хива), Бухара мамлекеттери, казак хандыгы менен татаал карым-катыштарды баштан кечиришти. 1723-жылы Жуңгар хандыгынын чапкынына чейин каракалпактар Бухара хандыгынын карамагында болуп, Сыр-Дарыянын төмөнкү жана ортоңку агымдарын бойлой жердешкен. Жуңгар чапкыны каракалпак элинин этногенезинде дагы бир орчундуу чекти аныктаган оор учур болуп калды. Кыргынга учураган эл Жогорку жана Төмөнкү каракалпактар деп бөлүнүштү. Сыр-Дарыяны бойлоп жогорулай жылып, жуңгарларга көз каранды болуп калган жогорку каракалпак уруулары  XX кылымга карай Фергана өрөөнүн жердеген өзбектер менен аралашып кетишти. Учурда жогорку каракалпактардын улуттук таанымы өтө солгун, тилдик жактан толугу менен өзбектешкен. Төмөнкү каракалпактар Сыр-Дарыянын төмөнкү агымына, Аму-Дарыянын боюна журт которуп, Хива хандыгынын карамагына баш калкалашкан. Учурдагы каракалпактардын негизги өзөгүн түзүп калышты.

Каракалпактарда баардык түрк элдери сыяктуу эле уруулук түзүмү калыптанып, салттуу санжыранын негизинде ыраатталат. Уруу аталыштары, тамгалары жана ураандары каракалпактардын этногенезиндеги тектеш түрк элдеринин өз ара карым-катыштарын, тарыхый байланыштарын чагылдырат.

Каракалпактардагы уруулук түзүмүндөгү бөлүктөрдүн ырааты: арыс → уру → тийре → көше.

Каракалпак уруулары эки арыска бөлүнөт: Арыс Он төрт уру жана Арыс Коңырат.

Арыс Он төрт уру канатындагы ири уруулар: Кыпшак, Кытай, Кенегес, Мангыт.

Бул уруулар өз кезегинде уруктарга (тийре), топторго (көше) жиктелишет.

Арыс Коңырат эки уруулук топту камтыйт: шуллук жана жаунгур.

Шуллук 8 уруудан (уру) турат: 1) кыят, 2) ашамайлы, 3) колдаулы, 4) кос тамгалы, 5) балгалы, 6) кандекли, 7) кара мойын, 8) муйтен.

Жаунгур 7 уруктан (тийре-көше) турат: 1) терис тамгалы, 2) баканлы, 3) тийекли, 4) ыргаклы, 5) баймаклы, 6) каз аяклы, 7) уйгыр.

Каракалпактардын уруулук түзүлүшүндө байыркы түрк урууларынын, борбор азиялык түрк-моңгол урууларынын, алтын ордо (дешти-кыпчак) урууларынын байланыштары ачык байкалат.

Тилдик жиктештирүүдө каракалпак тили түрк элдеринин кыпчак тобунун кыпчак-ногай топчосуна таандык. Түркологдордун изилдөөсүндө каракалпактар казак тилине, өзгөчө ногай тилине өтө жакын сүйлөшкөндүгүнө карабастан, алардын түпкүлүктүү айырмачылыктары бар экенин дагы белгилешкен. Каракалпактардагы огуз тилине мүнөздүү белгилердин орун алышы, алардын калыптанышында орто кылымдардагы огуз-беченек урууларынын чордондук башат болгондугу талашсыз.

Каракалпактар көчмөн элдердин бири катары калыптанганына карабастан, татаал сугат түзүмдөрүнөь негизделген жер иштетүүнү, малчылык жана балыкчылыкты айкалыштырган комплекстүү чарбачылыкты калыптандырышкан. Салттуу түрдө таруу, арпа, буудай, жүгөрү, күнжүт, пахта, беде, бакча өсүмдүктөрүн айдашып, жер иштетүүнүн татаал маданиятын өздөштүрүшкөн. Балык кармоодо камыштан токулган тосотторду, себеттерди жана торлорду колдонушкан. Арал деңизинин жээктеринде кайыктарды колдонушкан.

Каракалпактардын салттуу турак-жайлары боз үйлөр жана сокмо тамдар дагы кеңири жайылган. Кол өнөрчүлүктө коңшу казак, түркмөн, өзбек элдерине көптөгөн жалпылыктар бар: тери иштетүү, кийизчилик, килемчилик, чий жана камыш чырмоо, жыгаччылык ж.б. Кийим-кечеси Хорезмдик өзбектердикине кыйла окшоштуктары бар.

Оозеки элдик чыгармачылыгында тектеш түрк элдерине жалпы окшоштуктар мүнөздүү, айрыкча казак, ногай, түркмөн, кыргыздарга жакын. Төкмөчүлүк – бахсы, жырау өнөрлөрү, оозеки элдик чыгармалардагы – уламыштар, Тазши, Алдаркосе, Ходжа Насреддин баяндары,  "Алпамыс", "Кырк кыз", "Коблан", "Ер-Шора", "Маспатша", "Едиге", "Шарьяр" эпостору түрк дүйнөсүнүн орток мурастары болуп эсептелет.

Эки кылдуу чертмектери – дүтар, танбур; жаалуу тартма музыкалык аспаптары – 3 кылдуу гыржак, 2 кылдуу кобуз; үйлөмө аспаптары – най, сурнай, баламан; шынкобыз (ооз комуз); дойра сыяктуу музыкалык аспаптары бар.

Амантур уулу Чыңгыз, тарыхчы.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт