You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Каракалпактардын каршылыгы
1-июлда Өзбекстандын аймагынын 40%ын ээлеген Каракалпакстан автономдук республикасынын борбор калаасы Нукуста нааразычылык акциялары өттү. Жергиликтүү медиалар тургундар митингге Өзбекстандын жаңы Конституциясынын редакциясына нааразы болуп чыгышты деп кабарлашты.
Көп өтпөй нааразылык акцияларынан улам аймакта бир айга өзгөчө абал киргизилгенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Ага ылайык кечки саат тогуздан эртең мененки саат жетиге чейин коменданттык сааттын эрежелери өкүм сүрөт.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстандын суверендүү макамын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштады. Ал жыйындар залында сүйлөгөн сөзүндө, буга чейин аймактын статусун өзгөртүү тууралуу кол коюп, колдогондор болгонун да кошучмалаган.
Би-Би-Синин өзбек кызматы кабарлагандай, 24-июнда Өзбекстандын парламенти - Олий Мажлис Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү биринчи окуудан жактырган.Өзбекстандын Баш мыйзамына 64 беренеге 200дөн ашуун өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Конституциянын сунушталган редакциясында Каракалпакстандын “суверендүү” деген макамын алып салынган жана “референдум аркылуу Өзбекстандан бөлүнүп алуу” укугунан ажыраган. Мындан сырткары, редакцияда президенттин башкаруу мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин узартуу сунушталды.
Би-Би-Синин өзбек кызматынын ишенимдүү булактары Каракалпакстанда 26-июндан тарта интернет үзгүлтүккө учурап баштаганын билдиришти. Буга социалдык тармактарда митингге чыгууга чакырыктар себеп болушу мүмкүн. Ал эми 1-июлда Нукус шаарынын көчөлөрүндө жүздөгөн кишилер Каракалпакстандын желегин көтөрүп чыга башташкан. Маалыматка ылайык, аймакка Өзбекстандык улуттук гвардиясынын кошумча күчтөрү тартылды.
Көп өтпөй Нукустун борбордук бөлүгүнө миңдеген киши чогулганы айтылды.Өзбекстандын Ички иштер министрлиги нааразычылык акцияны “мыйзамсыз” деп атап, “конституциялык реформалар туура эмес чечмеленгенин” белгиледи. Коңшу өлкөнүн ИИМи республиканын башчысы демонстранттардын алдында сөз сүйлөгөнүн, чогулгандар тарап баштаганын жана алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн маалымдады.
2-июлда Жокаргы Кенес - Каракалпакстандын парламенти - билдирүү жасап, Нукустагы митингди “кылмыштуу топ бийликти басып алуу үчүн жасаган” деди. Ошондой эле Жокаргы Кенес “массалык башаламандыктардын уюштуруучулары кармалганын, аларга карата тергөө иштери жүрүп жатканын” белгиледи.
Мындан сырткары, Каракалпакстандын расмий бийлиги “тышкы күчтөр кырдаалды курчутууга аракеттери тынчсыздандырат” деп кошумчалады. Аймакатагы кырдаалдын шартында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети “техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам” чек араны убактылуу жапты. Интернетте бул нааразылык акциясы боюнча бири-бирине карама-каршы келген ар түрдүү маалыматтар дагы тарап жатат.