Америкалык чиновниктердин ачыкка чыгып кеткен чуулу кат алышуусу боюнча скриншоттору менен жаңы макала чыкты

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Кошмо штаттарындагы Atlantic басылмасы америкалык чиновниктердин Signal мессенжериндеги кат алышуулары боюнча жаңы макаласын жарыялады. Басылма материaлга скриншотторду дагы кошуп тиркеди.

Жаңы жарыяланган скриншоттордон көбүнчө АКШнын Коргоо министри Пит Хегсеттин 15-марттын таңында (анын билдирүүлөрү америкалык аскердик учактар абага көтөрүлөрүнө 31 мүнөт калганда жиберилген) жазган билдирүүлөрүн көрүүгө болот. Ал билдирүүлөрдө Йемендеги хуситтердин позицияларына так кайсыл учурда, кандай чабуулдар ( F-18 кыйраткыч учактары, "Томагавк" дрондору жана ракеталары) пландалганы боюнча кеңири маалыматтар жазылган.

Atlantic басылмасынын макаласында белгиленгендей, "эрежеге ылайык" америкалык аскердик операциялар боюнча маалыматтар жарыяланбайт. Бул америкалык аскерлерди коркунучка кептеп койбоонун аракети. Ошондуктан мурунку макалада "берилип жаткан маалыматтардын мүнөзү гана чагылдырылып, мазмунуна келсек чабуулдар тууралуу конкреттүү деталдар айтылган эмес".

"[Бирок] Хегсеттин билдирүүсү, Габбард [Улуттук чалгын кызматынын башчысы Талси], Рэтклифф [ЦРУнун директору Жон] жана Трамптын администрациянын көптөгөн чиновниктери менен биргелешип алып, Signal мессенжериндеги билдирүүлөрдүн мазмуну боюнча биз калп маалыматтарды таратып жатканыбыз тууралуу айткандарынан улам эл өзү тексттер менен таанышып, өздөрү жыйынтык чыгарышы керектигине ынандык",- деп жазды журналисттер.

АКШнын президенти Дональд Трамп чаттагы кат алмашууда жашыруун маалымат болгон эмес деп билдиргенден кийин, Atlantic басылмасы Ак үйгө кайрылып, сөз болуп жаткан кат алышууларды толугу менен жарыяласа чиновниктер каршылык билдиришпейби деп тактоону көздөгөн.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт чатта жашыруун маалымат болбогонун айтып, бирок бул "биз сүйлөшүүлөр жарыялансын деп макулдук бердик" дегенди түшүндүрбөйт деп жооп берген. Ал президенттин администрациясы жарыялоого каршы, анткени ал жерде "сезимтал маалымат" талкууланган деп кошумчалады.

Жаңы макалага комментарий берип жатып, Левитт жаңы макаланын аталышында "аскердик план" дегендин ордуна "чабуулдун планы" деп жазылыптыр деди. Анын пикирине караганда, Atlantic басылмасы "моюн сунуп" жана катасын моюнуна алды (биринчи макала "Трамптын администрациясы аскердик пландары жөнүндө маалыматты кокусунан мага жөнөтүштү" деп аталган).

"Бул тарыхтын баары өздөрүнүн сенсациялуу билдирүүлөрү менен белгилүү болгон Трампты көрө албастар тарабынан ойлонуп табылган кезектеги мистика",- деп билдирди Левитт.

Дональд Трамп "жеке чабуулга" өттү

Дональд Трамп Atlantic басылмасынын жаңы макаласы боюнча жооп берип жатып, кайрадан жекеликке өттү. Чат жөнүндө жарыялангандарды "кайрадан жезкемпирге аңчылык" деп атап, басылманын өзүн болсо "тамтыгы чыккан журнал" деп атады. Редактор Жеффри Голдбергдин өзүн болсо "жеткен кудайдан жөө качкан неме" деп сыпаттады.

Ошол эле учурда журналисттер андан алардын кесиптешин жашыруун чатка кошуп жибергени үчүн ким күнөөлү деп сурашты. Трамп улуттук коопсуздук боюнча өзүнүн кеңешчисинин атын атады.

"Майк Уолтц өзүнө жоопкерчилик алды деп түшүндүм. Мага бул Майктын кылганы деп айтышты",- деди Дональд Трамп.

26-март күнү чындап эле Майк Уолтц бул боюнча толук жоопкерчиликти өзү ала тургандыгын билдирген. Чаттын башка катталуучулары Марко Рубио жана ЦРУнун жетекчиси Талси Габбард журналисттин жашыруун чатка кошулуп кетишин "олуттуу катачылык" деп аташты.

Трамп Хуситтерге урула турган соккулар боюнча кенен маалыматты чатка жарыялаган Пит Хегсетти айыптоодон баш тартты.

"Хегсет укмуш сонун иштеп жатат. Анын буга эч кандай тиешеси жок",- деди Трамп. Ал ошондой эле Signal мессенжери аркылуу чыгып кеткен маалымат аны ойлондурбай турганын да кошумчалады.

Жогорку деңгээлдеги чат

24-мартта Atlantic басылмасынын рекдактору Жеффри Голдберг аны кокусунан АКШ администрациясындагылардын жабык чатына кошуп жиберишкени тууралуу айтып берген эле. Жабык чатта Йемендеги хуситтерге 15-мартта урулган сокку уруу боюнча аскердик операциянын деталдары талкууланган. Талкуу сөз болуп жаткан чабуулдарга чейин болгон.

Голдбергдин сөзүнө караганда, чатта Пит Хегсет (АКШнын Коргоо министри), Марко Рубио (АКШнын мамлекттик катчысы), Жей Ди Вэнс (АКШнын вице-президенти) жана башка деген ысымдагы адамдар турган. Редактор Голдбергге болсо Майк Уолтц (АКШ президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин ысымы ушундай) аттуу адам чакыруу жиберип, жабык чатка кошкон.

Көп өтпөй Ак үй кат чындап эле мындай кат алышуунун болгонун ырастап, бирок жабык чатка сырткаркы кишинин кошулуп кетиши улуттук коопсуздук маселесине эч кандай коркунуч келтирбегенин билдирген.

Ошол эле учурда экспертер жана Трамптын администрациясынын оппоненттери болуп өткөн окуяны коопсуздук эрежесинин өтө одоно бузулушу жана тыңчылык боюнча мыйзамдын айдан-ачык тебелениши деп эсептешкен.

Көптөгөн саясатчылар жана журналисттер Хиллари Клинтон мамлекеттик катчы болуп турганында жумушка тишелүү каттарды жеке өзүнө тиешелүү почта аркылуу жазды деп айыпталганын эстешти. Бул иши үчүн Хиллари Клинтонду жазалоо керектигин кайра-кайра талап кылгандардын бири Дональд Трамп болгон эле. Хиллари Клинтон соңку чуулуу окуядан кийин мыскылдуу реакциясын билдирди.

Бул чуулуу иштин башталышы кандай болгон?

Өтө жашыруун планды талкуулоо максатында АКШнын эң жогорку кызмат адамдары үчүн түзүлгөн онлайн чатка президент Дональд Трамптын администрациясы кокусунан Atlantic басылмасынын редакторун дагы кошуп жиберишкен. Анда Йемендеги хусит-козголоңчуларына сокку уруу боюнча жашыруун жыйын болгон.

Адегенде бул окуя боюнча Atlantic басылмасынын редактору Жеффери Голдберг өзү кенен макала жазып, көп өтпөй ал маалыматты Ак үй өзү дагы ырастады.

"Биз жыйынга тиешеси жок номер кандайча кат алышууга кошулуп кеткенин талдап жатабыз",- дейт Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин төрагасы Брайан Хьюз.