Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы өзүн-өзү таркатты

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы 25-сентябрда өзүн-өзү таркатуу чечимин бир добуштан кабыл алды. Ага 84 депутат добуш берип, эч ким "каршылык" билдирген жок.

Бул тууралуу парламентке 32 депутаттан турган демилгечи топ сунуш киргизип, анын башында депутат Улан Примов турду.

Кыргызстанда кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылы ноябрда өтүп, президенттик шайлоо ага удаа эле 2027-жылдын январь айына белгиленген.

"Мындай учур саясий турбуленттүүлүккө, ошондой эле бийлик бутактарынын толук кандуу иштеп турушуна терс таасирин тийгизиши ыктымал. Кыска убакыт ичинде эки масштабдуу шайлоо өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү олуттуу материалдык-техникалык жана адам ресурстарын талап кылат. Бул шайлоо системасына ашыкча жүктү жаратып, каталарды жана мыйзам бузууларды кетирүүгө коркунуч жаратышы толук ыктымал", - деди Улан Примов.

Баяндамачыга биринчилерден болуп суроо узаткан депутат Дастан Бекешев соңку парламенттик шайлоодо административдик ресурс жокко чыкканы үчүн президент жана УКМК төрагасына ыраазычылыгын билдирип, кийинки шайлоодо дагы мындайга жол берилбейт деп үмүттөнөрүн айтты.

Бекешев шайлоочулар сурап жатканын белгилеп, баяндамачы Улан Примовго "Жогорку Кеңешти жазында таратса болбойт беле" деген суроосун берди. Буга Примов "кайрадан элдин элегинен өтүп келсек, ошондо толук кандуу парламент катары ишенимдүү отурганга мүмкүнчүлүк түзүлөт" деп жооп берди.

Депутат Надира Нарматова парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгесине ичи чыкпай турганын айтып, бирок бул туурасында токтомду колдоп берерин айтты. Нарматова Примовго "дайым татаал, оор, жүрөк өйүткөн, көп суроолорду талап кылган, бирок жообу бүдөмүк мыйзамдарды алып чыгасыз" деп сындады. Ошондой эле төраганын үч орун басары, алты комитеттин жетекчилери кетем деп маселе көтөрүп жатканы коомдо түрдүү пикир жаратып жатканын айтты.

Чыңгыз Айдарбеков кийинки парламенттин курамына кесипкөй адамдардын келишин каалады. Депутат төрт жыл ичинде парламент натыйжалуу жана жемиштүү иштеди деген баасын берди.

Эл өкүлү Сүйүнбек Өмүрзаков өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топко нааразы болуп, бирок аны кайра колдоп берем деген депутаттардын аракетин "түшүнүксүз" деди.

Жалпысынан парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча маселе курч талаш-талкуусу жок кабыл алынды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу добуш берүү алдында сөз алып, парламенттин азыркы курамы милдеттерин татыктуу аткарганын баса белгиледи. Спикер депутаттар коңшулар менен маанилүү чек ара тууралуу келишимдерди ратификациялап, Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууну бекитип, аймактык-административдик реформаны колдоп, экономикалык мунапыс жана мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдарды кабыл алганын айтты.

Жогорку Кенештин VII чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 54 пропорционалдык система менен, 36 бир мандаттуу округдардан шайланышкан. 2021-жылы 28-декабрда өз ишин баштаган парламенттин бул курамынын мөөнөтү кийинки жылы соңуна чыкмак.

Депутат Исхак Масалиев парламенттин бүгүнкү жыйынына катышкан жок. Ал Жогорку Кеңешти эртелей таркатууга каршы пикирде экенин Би-би-сиге билдирди:

"Парламенттин өзүн-өзү таркатуусу тууралуу Баш мыйзамда мүмкүнчүлүк бар. Бирок ага кандайдыр бир жүйөлүү себеп болушу керек да. Кризис жаралып, парламент иштей албай калдыбы же мамлекетте оор акыбал болуп жатабы? Себеп деген болуш керек да. Болбосо жөндөн-жөн эле президенттик жана парламенттик шайлоо ортосу жакын экен, коркунуч бар деп атышат. Эмне үчүн коркунуч болот эле? Тополоң болобу? Андай болбойт да. Андан көрө президенттик шайлоону эртелей өткөрүп коюшса болмок".

Масалиев жеке себептерден улам бүгүнкү маанилүү жыйынга катыша албай калганын, эгер катышса "парламенттин өзүн-өзү таркатуусуна каршылыгын билдирмекмин" деди.

Саясат таануучу Зайнидин Курманов Кыргызстандагы бийлик тең салмактуулугуна көңүл бурат. Баш мыйзам боюнча президент парламенттик шайлоону жарыялоо укугуна ээ болсо, парламент президентти кантип шайлоо керектигин аныктай алат. Бул саясий чечимдерди бир эле маалда ишке ашыруу менен өлкөдөгү саясий системаны талкалап алуу мүмкүн дейт эксперт:

"Шайлоолор татаал келет. Биздин өзүбүздүн деле тажрыйба шайлоо маалында кызуу кандуулукка жол берилерин көрсөтүп жатпайбы. Башка өлкөлөр үчүн деле бул сыноо болуп, олуттуу өзгөрүүлөр болуп кетип жатат. Ушундай жол менен биз саясий окуяларды алдын ала түзгөнгө бет алып жатабыз. Бул бир жагынан туруктуулук, экономикалык өнүгүү үчүн маанилүү".

Курманов президент, парламент депутаттарынын жана жергиликтүү кеңештердин иштөө мөөнөтүн шайкештирсе болот деген пикирде.

Эми Жогорку Кеңештин бейшембидеги чечиминен кийин президент беш күндүн ичинде эрте шайлоону белгилеши керек.

Кезексиз парламенттик шайлоо быйыл ноябрдын аягында өтүшү мүмкүн.