You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Чыгымдар көбөйүп жатат". Лицензиясы жок таксисттерге айып пул салына баштады
Кыргызстанда эми лицензиясы бар гана айдоочулар такси кызматын көрсөтө алат. 1-июлдан баштап лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочуларга айып пул салына баштады. Өлкө боюнча жол кайгуул кызматкерлери рейд жүргүзүп, таксисттердин лицензиясын текшерүүдө. Таксисттерди лицензия алууга милдеттендирген чечим буга чейин эки жолу артка жылдырылган.
"Лицензия берүү менен көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алууга болот"
ИИМдин Кара-Суу району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Сансызбай Калкабаев такситтерге лицензия берүү менен көптөгөн көйгөйлөрдүн алдын алууга болот дейт.
"Республикабыздын аймагындагы такси кызматын көрсөткөндөрдү атайын тизмеге алуу менен биз алардын жумуш убактысын көзөмөлдөй алабыз. Мисалы, кээ бир айдоочулар алыскы жолдон келип, эс албай, кайра жолго чыгып кетет. Ошонун кесепетинен адам өмүрүн алган жол кырсыктары катталууда. Ошолордун баарын көзөмөлдөп туруу үчүн лицензия кирген. Мындан сырткары ар кандай кылмыштардын алдын алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Унаасы бар адамдын баары эле таксист болуп кете бербейт. Атайын талаптарга ылайык гана кызмат көрсөтүүгө уруксат берилет".
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча 20 миңден ашуун айдоочу атайын лицензияны алган. Дагы 4 миңдей өтүнмө кароодо турганы айтылды. Бирок такси кызматында иштегендер лицензия алууда ашыкча убаракерчилик көп экенин айтышууда.
"Бизге соттолгон эмес деген кагаздын эмне кереги бар? Камалып кетсе эле такси кылганга адамдын укугу жок болуп калабы? Соттолгон депутат болсо болот, анан таксист болсо болбойт бекен? Соттуулугу жок дегендин таксистке эмне кереги бар? Таң каласың. Ак үйдө, ысык жерде отуруп алып, элдин көйгөйү менен иши жок, мыйзамды шагыратып чыгара берет экен да" - дейт Кара-Суу шаарында жүргүнчү ташыган айдоочу Эрмек Кубатов.
Кесиптешинин кебин улай эле Сагын Калмаматов да лицензия алуудагы кыйынчылыктарга токтолду. Мындан сырткары ал таксисттер үчүн жакшы шарттар түзүлсө дейт.
"Патент дейт, лицензия дейт. Ушундай чыгымдар болуп жатат. Элди аябай кыйнады. Ошого жараша жолдорду оңдоп, бензинди арзандатса болмок. Бир жакка каттасаң мурда бир аз калчу эле. Азыр 1500 сом акча тапсаң, 1000 сомдук бензин, солярка жагасың, баягы 500 сом калат. Анын ичинде жемей- ичмейиң бар. Үйгө болбогон акча көтөрүп барасың да. Машинанын тетиктерине кеткен акчаны айт. Кыскасы оор эле болуп жатат."
Ошондой эле такси кызматын көрсөтөм деген айдоочулар жыл сайын лицензияны жаңылап туруу керек болот. Бул тууралуу Кара-Суу шаарында такситтер менен иштешип жаткан таксопарктардын биринин кызматкери Ариет Кубанычов Би-Би-Сиге айтып берди.
"Эмнеге жыл сайын лицензияны алмаштыруу керек? Эмнеге бир алгандан кийин жарай бербейт? Кудай сактасын, бир жылда жол кырсыгы болот же айдоочунун көзү көрбөй калуусу мүмкүн. Же жол кырсыгында колу-буту сынып калышы мүмкүн. Ошонун айынан биз медициналык кароону жылда талап кылабыз. Демек лицензияны да жыл сайын алып туруу керек".
Лицензия алууда кандай документтер талап кылынат?
- Паспорттун көчүрмөсү
- Айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү
- Транспорт каражатын каттоо күбөлүгү (техпаспорт)
- Автоунаага берилген ишеним каттын көчүрмөсү
- Мамлекеттик алымга 500 сом төлөө
- ОСАГО
- Жүргүнчүлөрдү ташуу жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү (ОСГОП)
- Автоунаа текшерүүдөн өткөндүгү боюнча актынын көчүрмөсү
- Жүргүнчүлөрдү коопсуз ташуу жана айдоочунун эмгек коопсуздугу боюнча инструктаж өткөрүү үчүн балансында класстык бөлмөсү бар, оперативдик башкарууда же ижара келишиминде кармап турган юридикалык жак менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү. (таксопарк)
- 083 медициналык маалымкаты
- Соттуулугу жөнүндө маалымкат
- патент
Лицензиясы жок жүргүнчү ташыган жеке тараптарга 7,5 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.