Киевдеги жапырт чабуулдан каза болгондор 22 кишиге жетти

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бейшембиге караган түнү Орусия Киевди көздөй эң ири чабуул жасап, андан 22 киши мүрт кетип, жүздөй жаран түрдүү жарааттарды алышты. Бул тууралуу Киевдин шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко маалымдады.

Киевдин мэри Виталий Кличко орусиянын дрондор жана ракеталар менен жасаган акыркы аткылоосун борбор калаага жасалган «эң ири чабуул» деп атады.

Аба чабуулу тууралуу сиреналар жаңыргандан кийин жашоочулар, коопсуздук үчүн метро станцияларында баш калкалоого аргасыз болушту.

Чабуулдун натыйжасында шаар боюнча 30дай жерде кыйроо болгон. Киевде 3-июль аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Шаршембиден бейшембиге караган түнү орус аскерлери Украинанын аймагына 74 ракета жана 496 учкучсуз учак менен чабуул жасаганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, абадан коргонуу күчтөрү тарабынан 524 бута - ар түрдүү типтеги 48 ракета жана 476 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн же зыянсыздандырылган.

"Массалык чабуулдун өзгөчөлүгү - абадан кол салуу каражаттарынын ар түрдүү типтерин ар кайсы багыттан бир убакта колдонуу, баллистикалык ракеталардын жана реактивдүү учкучсуз учактардын көп санын пайдалануу болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн социалдык тармактардагы баракчаларында "асманыбызды коргоочулар чабуул каражаттарынын олуттуу бөлүгүн атып түшүрө алышканын, бирок баарын эмес экенин" билдирди.

Түнкү чабуулдун кесепеттерине токтолуп, ал Украина үчүн абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинага жасалган жапырт соккуну ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө массалык сокку абадан, жерден жана деңизден учурулуучу куралдар, ошондой эле учкучсуз учактар аркылуу жасалганы айтылат. Орусиянын Коргоо министрлиги чабуулдун натыйжасында Киевдеги жана анын облусундагы Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары, энергетикалык объектилери, ошондой эле Днепропетровск, Полтава, Черкассы, Чернигов жана Киев облустарындагы аскердик аэродромдордун инфраструктурасы талкаланганын ырастоодо.