You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Жалда газ баллон жарылып, өрт чыкты, 20 адам куткарылды
Би-Би-Синин жаңылыктарын жана эксклюзивдүү баяндарын эми биздин WhatsApp каналыбыздан да окуй аласыз. Каналга бул шилтеме аркылуу катталыңыз.
1-январь күнү Бишкектин Жал кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан газ баллон жарылып, өрт чыккан. Маалыматты Би-Би-Сиге ӨКМдин басма сөз кызматы тастыктады.
Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө 17:54тө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм, №8 АӨКБдан автошаты тартылып, саат 18:25те толук өчүрүлгөн.
Өрт чыккан көп кабаттуу үйдөн 20 адам эвакуацияланып, куткарылган.
Соцтармактарда окуянын видеосу тарап, талкууга алынды. Күбөлөр жазып жаткандай, аталган үй Апрель окуясында жабыркагандар үчүн салынып, анда газ киргизилген эмес. Мындан улам жашоочулар газ баллон колдонору айтылууда.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ Би-Би-Сиге маалымдагандай, аталган факт каттоого алынып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө.