Илим: Неандерталдар азыркы кишилер менен аргындаша берип жок болушканбы?

Published

Неандерталдар эмне үчүн кырылып калгандыгы илимпоздор үчүн дагы эле чоң табышмак бойдон кала берүүдө. Маселен, гомо сапиенске (Homo sapiens – латынча "акыл-эстүү киши"; адамзаттын азыркы өнүгүү бутагынын өкүлдөрүнүн жалпы илимий аталышы) каршы күрөш неандерталдардын жеңилиши жана кырылышы менен аяктаган, деген жоромол да бар.

Бирок, балким, бул жүрүм тескерисинче болгондур – неандерталдар, балким, гомо сапиенс өкүлдөрүнө каршы кастыктан жана атаандаштыктан эмес, алар менен аргындашуунун айынан бара-бара жок болушкандыр?

“PaleoAnthropology” журналында жарыяланган изилдөөнүн авторлору неандерталдардын жок болушу – бул гоминиддик (киши тектүү)  эки түрдүн ортосунда узакка созулган кайчылашуунун натыйжасы болушу деле ажеп эмес деп эсептешет. Бул окумуштуулардын жоромолуна караганда, неандерталдык ДНКсы бар кишилердин түрүнүн саны бара-бара азая берген да, акыры бул түр жок болуп кеткен.

Ырас, изилдөөчүлөр атайын эскертүү да жасашат: азырынча неандерталдарга таандык 32 гана геном чечмеленди. Демек, тастыкталган үлгүнүн саны өтө аз жана ал үлгү тобу жетишерлик ынанымдуу болбошу да ыктымалдан алыс эмес. Андыктан ишенимдүү тыянактарды жасоо үчүн мындан аркы ар тараптуу изилдөөлөр талап кылынат.

Профессор Крис Стрингер – Кишинин эволюциясы музейинин илимий жетекчиси жана жогорудагы жаңы эмгектин калемдештеринин бири. Анын айтымында, илимий коомчулукта бул гоминиддик эки түрдүн кантип өз ара жуурулушкандыгы тууралуу азырынча өп-чап гана сандагы талкуулар жүрдү.

"Биз дал ушул (аргындашуу) жагдайы неандерталдардын тукум курут болушуна алып келсе керек деп божомолдоп жатабыз: эгерде алар гомо сапиенс менен ырааттуу аргындашса, бул жагдай алардын белгилүү бир аймакта байырлаган киши санын бара-бара алар жок болуп кеткенге чейин азайта берген болушу ажеп эмес", – дейт профессор Стрингер.

Азыр Африкадан тышкары байырлап жаткан кишилердин болжол менен 2%ы неандертал генин алып жүрөт. Бул жагдай неандерталдар илгери байырлаган чөлкөмдөрдүн алкагы менен байланыштуу.

Мындан 600 миң жыл мурда Африка континентинде гомо сапиенс түрү байырлап жаткан чакта, көөнө неандерталдар азыркы Европа менен Азиянын (чыгышында Түштүк Сибирге чейинки) ири аймактарында байырлап турушкан.

Жүз миңдеген жылдар бою алар бири-бирине кайчы келбестен, мезгилдеш, бирок айырмалуу жашоо-тиричилигин өткөрүп келишкен.

Мындан болжол менен 250,000 жыл мурда гомо сапиенс Африканын чегинен тышкаркы чөлкөмдөргө жайыла баштаган. Генетикалык маалыматтарга караганда, дал ушул журт которуулардын жүрүшүндө “акыл-эстүү кишилер” Евразиядагы неандерталдарга туш болушкан.

“Өзүбүз бул неандерталдар кандай кебетеде болгондугу жана кандай жүрүм-турумду тутушкандыгы тууралуу тагыраак билбей туруп эле, гомо сапиенс түрүнө таандык кишилер неандерталдар менен кезиккенде, өз туугандарына жолуккандай санашкан, деп гана жоромол кыла алабыз”, – деп айтты профессор Стингер.

Ошол эле учурда, сыягы, алардын ортосунда баарлашуу тили жаатында кубаттуу тоскоолдук орун алгандай. Бул тоскоолдук азыркы тилдердегиге караганда алда канча жогору болгон. Натыйжада, гоминиддик бул түрлөрдүн мээси да, доош чыгаруу дене мүчөлөрү да өз ара айырмалуу болушкан.

Ошондой эле алардын ортосунда 600дөй гендик айырма бар болчу. Бул гендер сырткы кебете-кешпирге жана өнүгүүгө жооптуу, айрыкча жүздүн жана үндүн түзүлүшүнө байланыштуу турумга жана кыймыл-аракетке жооптуу эле. Мисалы, неандерталдарда көз уячасынын үстүндөгү ийилип турган сөөк өтө москоол болгон. Мындагы каш ымдап-жаңсоо аркылуу маалымат берчү байланыш каражаты катары да кызмат кылган.

Бирок, айырмачылыктар неандерталдар менен гомо сапиенс өкүлдөрүнүн өз ара аргындашып көбөйө беришине тоскоол болгон эмес.

Жогорудагы окумуштуулардын баамында, азыркы тапта адамзатта сакталып калган неандертал гендери эң байыркы доорлордо гомо сапиенс түрүнүн өкүлдөрү жаңыдан гана Африкадан башка аймактарга жайылып, журт которуп келип, неандерталдар менен алгач аргындашкан учурдагы ген түрлөрүнө анчейин окшошо беришпейт. Албетте, бул гендик жагдайдын чоо-жайы дагы да тактоону талап кылат.

Заманбап неандертал гендери – 60 000 жылдай мурда гомо сапиенс түрү жүзөгө ашырган жапырт журт которуулардын натыйжасы.

Неандерталдар гомо сапиенс түрү менен канчалык көбүрөөк аргындашкан сайын, неандерталдар ошончолук ич ара азыраак тукум көбөйткөн.

Ал эми неандерталдардын топтору климаттык катаал шарттарга байланыштуу ансыз да чаканыраак жана өтө чар жайыт чачырагандыгын эске алсак (ошол кезде Европа менен Азияда аба ырайы азыркыдан алда канча катаал болчу), бул түрдүн гомо сапиенс менен аргындашуусу акыры неандерталдардын гоминид түрү катары жок болушуна алып келген.

Илимпоздор гоминиддердин башка бир түрүнө – Денисово кишисине байланыштуу ушул сыяктуу суроолорго жооп бериши керек болуп турат. Бул жооп гомо сапиенс түрүнүн башка да жоголуп кеткен эң жакын киши түрлөрү менен кандай мамиледе болгондугун аңдоого көмөкчү болмокчу.

Денисово кишиси — бул Алтай аймагындагы Денисово деп аталып калган үңкүрдө табылган эң байыркы киши сөөгүнүн сыныктарынын негизинде илимде аталып калган эң байыркы киши түрү. Бул киши түрү да тукум курут болгон.

Денисово кишиси деп аталган дал ошол түр жашаган мезгилдик жана мейкиндиктик алкакты эске алсак, дал ошол түр жашаган азиялык аймактарда жана эң байыркы доорлордо неандерталдар менен гомо сапиенс (азыркы кишинин түрү) бирдей эле учурда коңшулаш жашашкан, деп жоромол кылынып келет. (TT)