You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Адамдын эң байыркы бабасы табылды
- Author, Николай Воронин
- Role, Илим жана технология боюнча кабарчы
- Published
Ондогон миң жылдар мурда жерде илимге белгилүү боло элек, адамга окшош приматтар жашаган, алар адамдын бизге белгилүү бабалары менен активдүү аралашып кеткен. Германия, Испания жана Финляндиянын окумуштууларынын эл аралык командасы Азия регионунан чыккан бир топ адамдардын геномун компьютерге изилдөөгө салганда жасалма интеллект мына ушундай сенсациялык ачылышты берди.
ДНКнын структурасына караганда, эчак сөөгү сөпөт болгон примат неандарталец менен денисов адамдарынын аралашмасы болгон, ал биздин Африкадан чыккан ата-бабалар менен Азиянын аймагында аралашкан болушу ыктымал.
Бул ачылыш өткөн жылы Денисов үңкүрүнөн табылган жана окумуштууларды ойго салган калдыктардын келип чыгышын түшүндүрөт: табышмактуу приматтын энеси неандарталец болгон, атасы - денисовдук адам болгон.
Бул түрлөрдүн аралашуусунун өзүнчө бир уникалдуу учуру эмес, азиаттардын ДНКсында из калтырган жайылган көрүнүш экени эми эми түшүнүктүү болду,
Бул деген байыркы адамдардан окумуштууларга али белгисиз болгон приматтын түрүнөн тукум калганын билдирет.
Үчүнчү баба
Биологдорго түрлөрдүн ортосундагы чек араны тактаганга мүмкүнчүлүк берген негизги принциптердин бири жөпжөнөкөй: өз ара жакын түрлөр аралашат, бирок көбөйүп кетүүгө жөндөмдүү тукум бере албайт. Мисалы, ат менен эшектин аралашмасы качырды айтса болот.
Бирок жок болуп кеткен түрлөр боюнча иш кыйла татаал. Мисалы, адамдын ДНК анын Африкадан чыгып, Евразияга 40 миң жыл мурда тараган неандарталецтер менен да, денисовтор менен да көп жолу аралашканын кашкайта көрсөтүп турат.
Эми окумуштуулар түзгөн алгоритм Азиядан чыккандардын геномунда из калтырган дагы бир приматтын түрүн таап отурат.
"80 миң жыл мурун адамдын ата-бабаларынын бир бөлүгү Африка контингентин таштап башка континенттерге отурурукташа баштаган, ошондон азыркы адамзат тараган, - деп түшүндүрөт изилдөөнүн авторлорунун бири Хауме Бертранпетит (Эволюциялык биология институту).
"Биз билебиз азыркы адамдар неандарталецтер менен да (Африкадан башка бардык континенттерде), денисовдук адамдар менен да (Океания, Түштүк-Чыгыш Азия) аралашканын билебиз. Бирок приматтардын жок болуп кеткен дагы бир үчүнчү түрү менен аралашканы жөнүндө ишенимдүү далилдер бүгүнкү күнгө чейин жок болчу",-дейт окумуштуу.
Адамдын үчүнчү бабасынын болгондугу адамдын ДНКсында кээ бир фрагменттердин келип чыгышын түшүндүргөн теория катарында сунушу кылынууда. Бирок геномдун бөлүктөрү менен адамдын байыркы туугандарынын ортосунда конкреттүү параллель жасоо компьютердик терең анализдин жардамы менен гана мүмкүн болду. (КС)