Эрендик (сперма) жана энелик жумуртка жок: окумуштуулар укмуштуу түйүлдүктү өстүрүштү

Сүрөттүн булагы, Вейцман атындагы илимий институт
Израилдик окумуштуулар эмбриондун өнүгүүсүнүн алгачкы этабындагы, адамдыкынан дээрлик айырмаланбаган миниатюралык тирүү организмди жасоого жетишти.
Бирок, ал сперматозоид менен энелик жумуртканын биригүүсүнөн пайда болуп, жатындын ички бетине жабышып өсчү чыныгы эмбриондон айырмаланат. Бул “лабораториялык көчүрмөнү” жасоодо жогорудагы үч (аталык, энелик урук жана жатын) элементтин бири дагы керектелген эмес.
Израилдин Вейцман институтунун окумуштууларынын айтымында, алар өзөк клеткаларынан өстүргөн “эмбриондун модели” бойго бүткөндөн эки жума өткөндөн кийинки дени сак адамдын түйүлдүгүнө толугу менен окшош.
Ал тургай өсүү процессинде ал, кош бойлуулукту аныктоо үчүн тест жасоодо колдонулган гормондорду бөлүп чыгарган. Лабораторияда жүргүзүлгөн кош бойлуулуктун тести оң жыйынтыкты көрсөткөн.
Окумуштуулардын мындай эмбриондук моделдерди жасаганынын себеби, адам өмүрү пайда болгон алгачкы күндөрдү изилдөө жана ал изилдөөнү этикалык жактан эң ылайыктуу түрдө жасоо.
Сперматозоид энелик жумуртканы уруктандыргандан кийинки алгачкы жумаларда адамдын келечеги үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгон эң укмуштуудай өзгөрүүлөр болот. Дал ушул убакта белгилүү бир функциясы жок, дээрлик бирдей клеткалардын топтому кийинки УЗИ менен текшерүүдө бала катары таанылат.
Бирок, ушул чечүүчү мезгилде, көптөгөн бойдон түшүп калуулар болуп, келечектеги организмдин тубаса кемтиктери пайда болот, ошол эле учурда мындай көрүнүш көп изилденбей келет.
“Бул биз үчүн белгисиз нерсе жана биз ага кадыресе мамиле кылбашыбыз керек. Эмбрион тууралуу биздин билимибиз өтө чектелүү”, - дейт Израилдеги Вейзман илим институтунун профессору Якоб Ханна.
Баштапкы материал
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Адамдын эмбриондорун изилдөө жолу укуктук, этикалык жана техникалык тузактарга толгон. Ошондуктан илимде адам эмбрионунун табигый өнүгүүсүн имитация кылган, тез өнүгүп жаткан багыт пайда болгон.
Бул изилдөөнүн жыйынтыгы Nature журналында жарыяланды. Анын авторлору чыныгы эмбриондун өнүгүүсүнүн баштапкы этабында пайда болгон бардык негизги структураларын кайталаган, анын алгачкы “толук” моделин жасоого жетишкенин айтышат.
“Ал адамдын кадимки 14 күндүк түйүлдүгүнүн эле өзү”, - дейт профессор Ханна. Анын айтымында, буга чейин эч ким мындай ишти жасаган эмес.
Эрендиктин (сперма) жана энелик жумуртканын ордуна, баштапкы материал катары жөнөкөй өзөктүк клеткалар колдонулган. Аларды бир катар химиялык заттарды колдонуу менен кайра программалап, адамдын эмбриондук өнүгүүсүнүн эң алгачкы этабында пайда болгон клеткалардын төрт түрүнө айлантышкан:
- чыныгы эмбрионго (түйүлдүк) айланган эпибласт клеткалары
- плацентага айланган трофобласт клеткалары
- колдоочу сары баштыкчага айланган гипобласт клеткалары
- эмбриондун сыртындагы мезодерма клеткалары
Жалпысынан илимпоздор 120 клетканы керектүү өлчөмдө аралаштырып, андан соң аларды козгобой туруп байкоо жүргүзө башташкан.

Адам эмбрионуна куйгандай окшош болбосо да, аралашманын бир пайызга жакыны ошол сыяктуу структурага өзүнөн-өзү чогула баштаган.
Профессор Ханна: "Клеткалар таң калаарлык жыйынтык көрсөттү. Жөн гана туура аралашманы жасап, аны туура чөйрөгө салсаң эле, калганын алар өздөрү жасап жатышат. Бул укмуштуудай көрүнүш."
Уруктангандан кийин эмбриондордун моделдерине адамдын кадимки эмбриону менен тең деңгээлге чейин өсүп-өнүүгүү үчүн 14 күн берилген. Көптөгөн өлкөлөрдө мыйзамга ылайык адамдын 14 күндөн ашкан эмбриондорун изилдөөдө колдонууга болбойт. (14-күндөн кийин гаструляция процесси башталат, ал кезде болочок организмдин өзгөчөлүктөрү калыптана баштайт. Мисалы, ушул учурдан баштап, эгиздердин пайда болушу мүмкүн эмес болуп калат).
Мен видеочалууну кеч жасаганыма карабастан, профессор Ханна берилүү менен эмбрион моделинин үч өлчөмдүү “укмуштуу архитектурасын” тааныштырып берди.
Мен трофобластты, бластоцисттин үстүнкү катмарын көрүп турам, ал кадимки өнүгүүдө түйүлдүктү азыктандыруучу плацентанын бир бөлүгү болуп калат. Анын лакуна деп аталган көңдөйлөрү бар, алар аркылуу эненин каны балага азыктарды ташыйт.
Ошондой эле боордун жана бөйрөктүн кээ бир функцияларын аткарган сары баштык, эмбриондун өнүгүүсүнүн ушул баскычындагы негизги белгилеринин бири - эки катмарлуу эмбриондук диск бар.
"Маанилүү изилдөө"
Эмбриондук моделдер илимпоздорго клеткалардын ар кандай түрлөрү кантип пайда болоорун так түшүнүүгө, дене органдарынын түзүлүшүнүн эң алгачкы этаптарын өз көзү менен байкоого жана тукум куучулук жана генетикалык оорулардын келип чыгышын түшүндүрүүгө жардам берет деген үмүт бар.
Жадагалса ушул алгачкы изилдөө дагы, мисалы, плацента клеткалары курчап албаса эмбриондун башка бөлүктөрү жөн эле пайда боло албасын көрсөткөн.
Эгерде, натыйжада дарыгерлер эмне үчүн кээ бир эмбриондор өнүгүп, башкалары өнбөй калганын түшүнө алышса, анда бул моделдер экстракорпоралдык уруктандыруунун (ЭКУ) натыйжаларын жакшыртууга жардам берет деп ишенишет дарыгерлер. Алар ошондой эле дарылардын кайсынысы коопсуз экенин аныктоо үчүн ар кандай дарылардын кош бойлуулукка тийгизген таасирин текшерүүдө пайдалуу болушу мүмкүн.
Британиянын Фрэнсис Крик институтунда эмбриондордун өнүгүшүн изилдеген профессор Робин Ловелл Бейдж мага бул эмбрион моделдери “жакшы” жана “кадимки абалда” экенин айтты.
"Мен абдан жакшы иш жасалды деп ойлойм, мындай изилдөө өтө маанилүү. Бул жумуш мени абдан таасирлентти", - деди ал.
Бирок, профессор Бейдждин айтымында, азыр биз клеткалардын бир пайыздан көбү моделге чогула башташын камсыз кылуу үстүндө иштешибиз керек. Токсон тогуз пайыз учурда көрсөткүчтүн ийгиликсиз болушу сөзсүз түрдө жакшыртылышы керек. Эгерде модель өзүнөн өзү “топтоло” баштабаса, мынчалык көп ийгиликсиз учур менен боюнан түшүп калуу жана тукумсуздук көйгөйлөрүн түшүндүрүү кыйын.
Юридикалык айырма
Бул иш эмбриондун 14 күндүк баскычтан кийинки өнүгүүсүн симуляциялоо мүмкүнбү деген суроону да козгойт.
Бул Улуу Британияда да мыйзамсыз болмок эмес, анткени эмбриондордун моделдери мыйзамдуу түрдө эмбрион болуп эсептелбейт.
"Кээ бирөөлөр аны жакшы кабыл алышат, бирок башкаларга ал жакпайт" дейт профессор Бейдж.
Барселонадагы Помпеу Фабра университетинин Эксперименталдык жана медициналык илимдер факультетинин профессору Альфонсо Мартинес Ариас бул "укмуштуудай маанилүү изилдөө" экенин айтты.
“Бул эксперимент биринчи жолу лабораторияда өзөк клеткаларынын толук (адам эмбрионунун) түзүлүшүн курууга мүмкүндүк берди”, “ушуну менен ал адам эмбрионунун, дене планынын түзүлүшүнө алып келген процесстерди изилдөөгө жол ачат", - деп айтты ал.
Окумуштуулар бул эмбрион моделдерин колдонуу менен кадимки кош бойлуулукка жетишүү этикага туура келбесин, мыйзамсыз жана физикалык жактан мүмкүн эмес экенин баса белгилешет — бул 120 клетка жөн гана жатындын былжыр катмарына ийгиликтүү имплантация кыла турган деңгээлге чейин өнүгө албайт. (ДО)
































