“Бул аңчылык сыяктуу”. Иран полициясынын кызматкери кармалган Махса Амини тууралуу айтып берди

WANA NEWS AGENCY

Сүрөттүн булагы, WANA NEWS AGENCY

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ирандын гезиттеринде Махса Амининин өлүмү башкы бетте
Published

Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу кыздын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциялары алтынчы күндөн бери уланууда. Ал Ислам Республикасындагы бардык аялдар үчүн милдеттүү болгон хиджаб кийүү эрежелерин бузду деген айып менен адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалган. Кыз комага түшүп, үч күндөн кийин ооруканада каза болгон. Полиция кыздын башына союл менен ур-токмокко алган деген маалыматты бийлик четке какты.

Тегеранда башталган нааразылык акциялары буга чейин Ирандын ондогон шаарларына жайылып, барган сайын катаал болуп баратат. Акциялардагы зомбулуктан кеминде 17 адам, анын ичинде бир полиция кызматкери каза болгону кабарланууда. Бул акыркы жылдардагы эң ири толкундоолор болуп эсептелет. Бийлик көптөгөн аймактарда интернетти жаап же чектеп койду.

Иранда аялдардын кийимин адеп-ахлак полициясы көзөмөлдөйт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Иранда аялдардын кийимин адеп-ахлак полициясы көзөмөлдөйт

“Коштоп жүрүүчү патруль” же “Гашт-э Эршад” деп аталгандар аялдардын сырткы көрүнүшүн жана ислам адеп-ахлагын (Иран бийлиги түшүнгөндөй) сакташын көзөмөлдөөгө бекитилген. Негизи алар адеп-ахлак полициясы, анын кызматкерлери аялдарды токтотуп, хиджабдын астынан чачтар көрүнүп турабы, бетинде макияж көпбү, кийимдер өтө тарбы, баалоого укуктуу. Эрежелерди бузгандыгы үчүн жаза катары аялдарга айып пул, түрмө же камчы салуу колдонулат.

Ирандын адеп-ахлак полициясынын офицерлеринин бири, атын атагысы келбей, Би-Би-Сиге интервью берүүгө макул болду, анда ал бийлик алардын алдына кандай милдеттерди койгону жана бул милдеттер кандай аткарылганы тууралуу айтып берди.

"Аңчылык"

"Бизге адеп-ахлак полициясынын негизги милдети аялдарды коргоо экенин айтып келишет, - деди Би-Би-Сиге Гашт-е Эршад офицери. "Анткени аялдар туура кийинбесе, бул эркектерди дүрбөлөңгө салып, анан аялдардын өздөрү да жаман абалга алып келет".

"Бизге адеп-ахлак полициясынын негизги милдети аялдарды коргоо экенин айтып келишет, - деди Би-Би-Сиге Гашт-е Эршад офицери. "Анткени аялдар туура кийинбесе, бул эркектерди дүрбөлөңгө салып, анан аялдардын өздөрү да жаман абалга алып келет".

Сүрөттүн булагы, Махса Аминини үй-бүлөлүк архивинен

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Махса Амини дресс-кодду бузганы үчүн кармалып, үч күндөн кийин каза болгон

Милиция кызматкеринин айтымында, алар алтыдан – төрт эркек жана эки аялдан турган топ болуп иштешкен. Негизги көңүл эл көп чогулган жөө жүргүнчүлөр арбын жерлерге бурулчу.

"Бул таң калыштуу болду, анткени биз акыл айтып, насаат айтышыбыз керек болсо, керек болсо, анда эмне үчүн бир эле учурда көп адамдарды камакка алууга мүмкүн болгон мынчалык көп жерлерде жасайбыз? Бул аңчылык сыяктуу эле"...

Ошол эле маалда милиционер дресс-кодду бузгандарды жетиштүү аныктай албаса, командири аны урушуп же же жакшы иштебей калганын айтчу.

Өзгөчө эл камоого каршылык көрсөткөндө ага кыйын болчу. "Кармалган адамдарды фургонго түртүшүбүз керек болчу. Билесиңерби, мен муну кылып жатканда, канча жолу ыйлагам?" "Эми мен адеп-ахлак полициясына менин аларга эч кандай тиешем жок экенин айткым келет. Көпчүлүгүбүз кадимки аскер кызматын өтөшү керек болгон катардагы жоокерлербиз. Ошон үчүн мен мунун баарына ичим ачышып турат", - деп кошумчалайт милиционер.

Аялдардын укугуна кол салуу

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Иран бийликтеринин аялдардын кийимине каршы күрөшү (алар ойлогондой) 1979-жылдагы Ислам революциясынан көп өтпөй башталган. Ал кезде маселе аялдардын жупуну кийинүүгө мажбурлоо болчу.

Ирандын аялдарынын көпчүлүгү ошондой кийинишсе деле, Шах Мохаммед Реза Пехлевинин тушунда борбордун көчөлөрүндө мини юбка кийген, чачтары жайылган кыздарды көрүүгө мүмкүн болчу. Шахтын аялы да заманбап батыш аялынын үлгүсүн көрсөтүп жашачу, бул албетте диниятчыларга жаккан эмес.

«Бул бир заматта болуп кеткен жок, акырындык менен болду, - дейт милдеттүү жоолукка каршы биринчи нааразылык акцияларын уюштурууга жардам берген 78 жаштагы активист жана укук коргоочу Мехрангиз Кар. - Революциядан кийин дароо эле эркектер менен аялдар көчөлөрдө белек кагазга оролгон хиджабдарды таратышты ".

Иранда Ислам Республикасы негизделгенден көп өтпөй аялдардын укуктарын коргогон мыйзамдар жокко чыгарылган. 1979-жылдын 7-мартында хиджабсыз аял жылаңачтай болот деп эсептеген Аятолла Хомейни өзүнүн жарлыгы менен аялдарга коомдук жайларда хиджаб кийүүнү буйруган.

Аялдар дароо реакция кылып, 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө 100 000ден ашуун адам Тегерандын көчөлөрүнө нааразылык акциясына чыгышкан.

Хиджаб кийүүгө каршы нааразылык акциялары Иранда 1979-жылы март айында башталып, бир нече күн токтогон эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хиджаб кийүүгө каршы нааразылык акциялары Иранда 1979-жылы март айында башталып, бир нече күн токтогон эмес.

Аятолланын жарлыгына карабай, өлкөнүн ислам бийликтери аялдар үчүн дресс-кодду кылдат иштеп чыгуу үчүн көп убакыт талап кылынган.

1981-жылы аялдарга жана кыздарга жупуну ислам кийимин кийүүгө буйрук берилген, бул денени толугу менен жашырган паранжа жана андан тышкары жоолук салынып, анын астынан чач көрүнбөшү керек дегенди түшүндүргөн.

1980-жылдардагы хиджабга каршы нааразылык акцияларында аялдар жоолуктарын абада булгалап турушкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1980-жылдардагы хиджабга каршы нааразылык акцияларында аялдар жоолуктарын абада булгалап турушкан.

1983-жылы парламент коомдук жайларда башын жаппаган аялдарга 74 камчы урулат деген чечим чыгарган. Кийинчерээк бул жазага 60 күнгө чейин камоо да кошулган. Бирок бийлик өз мыйзамдарын ишке ашырууга жетише элек. Ирандык аялдар чыпыйып жабышкан кийимдер жана жаркыраган жоолуктардын астынан чачтары түшүп турган боюнча көчөдө бийликке каршы чыгууну улантууда.  

Катаал саясат

Адеп-ахлак полициянын активдүүлүгү жана жазалардын ырайымсыздыгы бийликке ким келгенине жараша жылдан жылга өзгөрүп турган.

Тегерандын ошол кездеги мэри, ультраконсерватор Махмуд Ахмадинежад 2004-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгү маалында телеберүү маегинде дресс-код боюнча прогрессивдүү көрүнгүсү келип, адамдардын табити ар кандай экенин, алардын баарын эске алуу керектигин айткан.

Бирок ал жеңишке жеткенден кийин расмий түрдө “Гашт-э Эршад” бөлүктөрү түзүлгөн. Буга чейин адеп-ахлак полициянын функциялары расмий эмес түрдө  тартипти сактоо кызматкерлери жана жарым аскерий түзүмдөргө жүктөлгөн болчу.

Адеп-ахлак полициясын көп учурда оройлукка жана катаал жүрүм-турумга айыпташат

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адеп-ахлак полициясын көп учурда оройлукка жана катаал жүрүм-турумга айыпташат

Адеп-ахлак полициясы кызматтык абалынан аша чапканы үчүн көп сынга кабылат. Алар көбүнчөсү аялдарды кичине эле эреже бузууга кармап, эркек туугандары келечекте мындай көрүнүш дагы бир жолу болбой турганына кепилдик бергенден кийин коё берет.

“Кызым экөөбүздү помада үчүн кармашты, - деди Исфахандын тургуну Би-Би-Сиге. - Алар бизди полиция бөлүмүнө алып барышты. Күйөөм ал жакка келгенден кийин бизди эшикке “хижабсыз үйдөн чыгарбайм” деген тил катка кол коюуга мажбурлашты".

Тегеранда жашаган дагы бир аялдын айтымында, полиция кызматкери ага бут кийими “өтө эротикалык” көрүнгөнүн айтып, аны камакка алган. "Мен күйөөмө чалып, башка бут кийим сурадым, - деди ал Би-Би-Сиге. - Анан мен адепсиз кийим кийгенимди мойндаган кагазга кол койдум, эми менин соттуулугум бар".

Дагы бир аял камакка алынганда полицейлер анын кийиминин астына “таракандарды ыргытабыз” деп коркутушканын айтты.

Жаңы чектөөлөр

Өткөн жылы бийликке келген президент Ибрахим Раиси көптөгөн жаңы чектөөлөрдү киргизип, 15-августта мыйзам күчүнө кирген. 

Президент Ибрагим Раиси аялдарга жаңы чектөөлөрдүн толук тизмесин киргизди

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Ибрагим Раиси аялдарга жаңы чектөөлөрдүн толук тизмесин киргизди

Чектөөлөрдүн ичинде: жоолук кийбеген аялдарды табуу үчүн байкоочу камераларды орнотуу жана алардын "консультацияларга" алып баруу.

Ошондой эле жаңы мыйзамдарга шек келтирген же соцтармактарда хижаб кийүүгө каршы кандайдыр бир билдирүүлөрдү жарыялаган ирандыктар эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Махса Аминин өлүмү кайрадан нааразылык толкунун жаратты

Сүрөттүн булагы, BBC PERSIAN

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Махса Аминин өлүмү кайрадан нааразылык толкунун жаратты

Анткен менен бул чаралар бир гана камакка алуулардын санын көбөйтүүгө эмес, көптөгөн аялдардын хижабсыз сүрөттөрүн жана видеолорун социалдык тармактарга жарыялай баштаганына алып келди.

Ал эми Амини каза болгондон кийин бул процесс мындан да күчөп, жоолуктар менен хижабдар көчөдө эле жулуна баштады. (MD/EB)

X баракчаны өткөрүп жиберүү, пост
X мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Би-Би-Си тышкы сайттардын мазмуну үчүн жооп бербейт.

X посттун аягы