You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украина өз аймагынан орус аскерлери чыгарылмайынча сүйлөшүүлөргө барбайт
Украинанын президенти Зеленскийдин жардамчысы убактылуу ок атпоо келишимине макул болбой турганын айтып, Украина Москва менен өз территориясын өткөрүп берүүнү караган эч кандай келишимге барбасын кайталады.
21-майда Украина президентинин кеңешчиси Михайло Подоляк, Кремлге жеңилдик берүү Украина үчүн терс кесепеттерге алып келерин айтты.
Анын айтымында, Орусия согуштагы тыныгууну кийин катуураак сокку уруу үчүн колдонорун билдирди. “Мына ушундан улам Киевдин согушка карата позициясы барган сайын принципиалдуу болуп баратат”, - деп билдирди Подоляк.
"Согуш [тигил же бул чегинүүлөрдөн кийин] токтобойт, ал бир азга токтотулат", - деди ал Reuters агенттигине берген маегинде. "Орустар аскердик күчүн арттырууну, жумушчу күчүн топтоону, жаңылоону, каталардын үстүнөн иштөөнү, генералдарын ротациялоону улантат жана кийинчирээк алар жаңы күч менен, андан да кандуу жана масштабдуу жаңы чабуулга киришет".
Подоляк Батыштын чукул ок атышууну токтотуу чакырыгын "өтө кызык" деп атады, анда орус аскерлери Украинанын түштүгүндө жана чыгышында оккупацияланган аймактарда кала берет: орус аскерлери "өлкөдөн чыгып кетиши керек, андан кийин гана тынчтыкты калыбына келтирүүгө процесси мүмкүн болот", - деди Зеленскийдин кеңешчиси Рейтер агенттигине.
«Европалык жана америкалык элита Россияны жарым жолдо калтырууга болбостугун түшүнүшү керек, анткени реваншисттик маанай аны ого бетер ырайымсыздыкка алып барат... Ал мүмкүн болушунча азаптуу жеңилүүгө дуушар болушу керек”, - деп кошумчалады Подоляк.
Бүгүн украиналык тарап да, орусиялык тарап да тынчтык сүйлөшүүлөрү туңгуюкка кептелгенин айтып жатышат. (MDa)