Бишкекте тамактан массалык уулангандардын арасында балдар да бар

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Бишкектеги "Даамдуу" аттуу тез тамактануучу жайдан тамактангандан кийин ууланып, ооруканага кайрылган 23 бейтаптын абалы туруктуу. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев Би-Би-Сиге билдирди.

Айтымында, 15-январда саат 10:30дан тарта ооруканга аталган жайдан тамактангандар кайрыла баштаган. Кечки саат 19:00дөн кийин кайрылгандардын саны көбөйгөн.

"Жалпысынан 23 бейтап кайрылды. Алардын 18и ооруканага жаткырылды. Бешөөнө керектүү жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө коё берилди. Жабыркагандардын бешөө 4 жаштан 15 жашка чейинки балдар, калгандары 20–30 жаштагылар. Баарынын абалы туруктуу, дары-дармек менен камсыздалып жатат. Бүгүн эртең менен палаталарды кыдырып баарынан кабар алып чыктым, бейтаптардын абалы канааттандырарлык",- деди Гүлжигит Аалиев.

Дарыгердин маалыматына ылайык, бул жыл башынан бери катталган массалык ууланган биринчи учур.

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү Назгүл Абамуслимованын айтымында, тиешелүү анализдер алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Тез тамактануучу жай убактылуу жабылып, 41 миң сом айып салынды.