You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Этиканы буздубу же саясий чечимби? Ош мэри тартиптик жазага тартылды
Ушул тапта интернет айдыңында президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш бергени кызуу талкууланып жатат. Социалдык тармактардын колдонуучуларынын бир бөлүгү калаа башчысына болушуп, ага саясий себептерден улам жаза берилгенин божомолдошсо, айрымдары мэр этикалык ченемдерди сактабай чектен ашып кеткенин айтышууда.
Соңку сегиз айдан бери эл оозунан түшпөй, интернет "жылдызына" айланган, өлкөнүн эң эле популярдуу мэри аталып жаткан Жеңиш Токторбаевге президент Садыр Жапаров кече, 16-сентябрда катуу сөгүш жарыялады.
Расмий маалыматта ал эмгек милдеттерин жана этика талаптарын так аткарбаганы гана белгиленген.
Бирок мэр кайсы иш-аракети үчүн сөгүш алганы айтылган эмес. Азыр дал ушул бүдөмүк жагдай кызуу талкууланып, ар түрдүү пикирлерге жем таштап жатат. Токторбаев өзү сөгүш тууралуу комментарий бере элек.
"Азаттык" радиосу жеке булактарына таянуу менен ага сөгүш жарыялоого "Ош Сити" турак жай комплексиндеги рейд себеп болгонун жазды.
"Ишкерлерге орой мамиле кылсак, өлкөгө ким келип акча салат?"
Президенттин администрациясына жакын делген блогер Атай Бейшембектин Фейсбук баракчасындагы пикири айтылып жаткан божомолдор чындыкка жакын экенин тастыктагандай болду:
"Айрымдар бул чараны "Ош Сити" турак жай комплексиндеги жагдай менен байланыштырып жатышат. Бирок кандай болгон күндө да, менимче, бул сөгүш негиздүү жана өз учурунда берилди. Эмнеге?! Азыр өлкөгө бир тыйын болсо да инвестиция салам деген ишкер менен жергиликтүү бийлик же министрлик –- баары мамилесин түп-тамырынан өзгөртүшү керек. "Көчө сөзү" менен урушуп, алардын жеке аброюна шек келтирбей, тескерисинче, ачык сүйлөшүп, жакшы мамиле менен кызматташууга тартуу гана экономикага натыйжа берет.
Эгер биз ишкерлерге ушинтип орой мамиле кылсак, анда өлкөгө ким келип акча салат?".
Бул арада Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Ош Ситинин" айланасындагы жагдай тууралуу маалымат берди.
Ал акыркы акыркы күндөрү бул долбоордун тегерегинде ар түрдүү талкуулар, түшүнбөстүктөр жана талаш-тартыштар пайда болгонун, натыйжада, батир сатып алууга кызыкдар болгон кардарлар арасында да шектенүүлөр жаралганын белгиледи. Орунбеков текшерүү жүргөнүн, кооптонууга негиз жок экенин, компания ишин ийгиликтүү улантып жатканын билдирди:
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен "Ош Сити" курулуш долбоорунун ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иликтөө жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштери өз нугунда жана план боюнча жүрүп жатканы аныкталды".
Жеңишбек Токторбаев "Ош Сити" комплексине 13-сентябрда барган. Мэр иш ыргагы жай жүрүп жатканын сынга алган. Ал компаниянын ишин текшерип, жетекчилерине сыртка чыгууга тыюу салуу керектигин билдирген:
"Улукбек мырза, иштеңиз. Мамлекет башчы сизге ишенип 74 гектар жер берди. Сиз менен тең баштаган элдер 12-кабатын көтөрүп, чатырын жаап жатат. Болбогон иш менен алектенип жатасыз. Эч кандай жумуш жок. Бекер жеринен сизди "кидальщик деп айтышпайт".
"Ош сити" шаарчасын "Бизнес Хаус КГ-Ош Сити" компаниясы куруп жатат. Бозгунда жүргөн оппозициячыл журналисттер "Бизнес Хауска" бажыдагы коррупцияга тиешеси бар делген чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр ээлик кыларын жазышкан.
Бирок муну ачык булактардан тастыктоого мүмкүн эмес.
Юстиция министрлигин сайтында анын директору Абдулазимов Улугбек Азизуллаевич экени көрсөтүлгөн, башка негиздөөчүлөрү туурасында маалымат жок.
"...саясий өңүттөгү жаңылыштык бар"
Ош мэри буга чейин деле курулуш компанияларын кыдырып, эски базарларды көчүрүп, каналдардын жээгин тазалатып, мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп, жолдорду кеңейтип жаткан. Жеңишбек Токторбаевдин бул аракетин көпчүлүк кубаттаса да, айрымдар жеке менчик укугу бузулуп жатканына даттанышкан.
Ал гана эмес апрелде Новои көчөсүндө "кызыл чийинден" чыгып кеткен үйдү түрттүрүү учурунда 11 жаштагы кыз жаракат алган. Бирок анда "Ынтымак Ордодон" азыркыдай реакция болгон эмес. Ошондуктан катуу сөгүш жарыялоого саясий маселе себеп болгонун божомолдогондор бар.
"Дүйнөдөгү көп өлкөлөрдө Мэрлик кызмат – чарбалык кызмат. Кыргызстанда болсо обьективдүү-субьективдүү себептерден улам саясий кызмат болуп келген. Ошол жасалма "стандартты" Жеңишбек Токторбаев ойрондоп тытып таштады... Кудайым буюрса, ишмердүүлүгүнүн бир жылдыгында Шермаматовичтин элге-журтка, Өкмөттүн, Мамлекеттин жетекчилигине бере турган отчеттору опол тоодой болот! Опол тоодой! Албетте, Президент жөн жерден Мэрге катуу сөгүш бергени жок. Жазанын жүйөсү ачык айтылбаганына караганда, саясий өңүттөгү жаңылыштык бар. Өлүп-талып иштеген жерде өкүрөңдөп кеткен каталар да болбой койбойт эмеспи. Эмоцияга алдырат, эйфорияга кирет дегендей. Ансыз толгон тоскоолдуктарды жарып өтүү да мүмкүн эмес. Менимче, бул сөөмөй кезөөдөн кийин иштерман Мэр бир силкинип алып, кайрадан ишке катыра киришет", – деп жазды Эл акыны Кожогелди Култегин Фейсбуктагы баракчасына.
Мэрдин "эйфорияга кирип кеткенин" жакында эле медицина кызматкерлери сындап чыгышкан. Сентябрдын башында ал шаардагы стоматологиялык бейтапканалардын бирине барып, жаңы башкы дарыгердин дайындалышына каршы чыккан жамаат менен жолуккан. Алардын арыз-муңун уккан соң жашыруун добуш берүү уюштурган.
Көз карандысыз медициналык кесиптик кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова мэрдин бул аракетин чагымчылдык катары мүнөздөйт:
"Мэр Саламаттык сактоо министрлигинин ишине кийлигишпей, өзүнүн берилген милдеттерин аткарсын. Ал өзү дарыгерлерди кызматтан алганга, кызматка дайындаганга укугум жок деп коюп, ошол замат башкы дарыгерди кызматтан алуу маселесин добушка койду. Бул чагым, шоу болду. Ал өзүнүн популярдуу инсан экенинен пайдаланып жатат. Кайдагы этика?! Ал ыйгарым укуктарынан аша чаап, түздөн түз функционалдык милдетин бузуп жатат".
УКМК төргасы Камчыбек Ташиевдин жердеши, жакын саналашы катары дагы белгилүү Жеңишбек Токторбаев дээрлик сегиз айдан бери Ош шаарын жетектеп келе жатат. Бул аралыкта ал кол алдындагыларга талапты катуу коюп келет: ишке кызматтык унаа менен келүүгө тыюу салган, таң агара электе жоон топ жумушчулары менен жүгүрүп, шаар ичинде рейддерди өткөргөн. Ашыкча иш үчүн кызматкерлерге акы төлөнүп берилген-берилбегени белгисиз. Коомчулукта мэрдин адаттан тыш башкаруу ыкмасын колдогондор да, сындагандар да бар.
"Эмгек келишимин бузуп жатканын ал кызматка жаңы киришкенде эле айтып чыкканбыз. Жумуш убактысын так сактабай, элдерди таң атпай ишке чыгарып жүрбөдүбү. Кийин адамдардын жеке сапатына асылып, кызматкерлерди кагып-силкип жатканына депутаттардан тарта президентке чейин эле күбө болду окшойт. Бирок ошол маалда көз жууп коюшту да. Ошентип, бул тажырыйба башкаларга да жайылып, көнүмүш аракет катары кабыл алынып калды. Макул, мазактоого кабылган кызматкерлер эч нерсе дей албайт экен, Эмгек инспекциясы эмне үчүн үн катып койгон жок?!" – дейт "Интербилим" коомдук уюмунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева.
Өлкөдө жетекчи кызматтагы адамдар кол алдындагыларды кескин сындап, зекиген учурлар арбын. Маселен, мурдараак курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Оштогу сапары учурунда кызматкерлерди сөккөнү кызуу талкуу жараткан. Жакында эле УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна барганда атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн башчысынын телефонун ыргытып жиберген.