"Бийликти күч менен басып алууга аракет". УКМК уюшкан топту кармады

Published

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети "бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар" кармалганын билдирди. 5-июндагы атайын операция убагында отуздан ашык адам кармалып, анын ичинде бийликти басып алууну көздөгөндөрдүн негизги уюштуруучусу жана идеялык шыктандыруучусу катары "Элдик Кеңеш" саясий партиясынын төрагасы менен анын негизги шериктери күнөөсүн мойнуна алышканы кабарланды.

Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасоону көздөгөн күчтөрдү кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлүп жатканы тууралуу кабар кечээ эле тараган, бирок расмий маалыматты УКМК бүгүн гана таркатты.

"УКМК тарабынан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштү коргоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду",-деп айтылат расмий билдирүүдө.

Топтолгон маалыматтардын жана аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды.

УКМК оор кылмышка шектүү топтогу негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист жана “Элдик Кеңеш” саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. аныкталды деп билдирди.

Ачык булактагы расмий маалыматтарга караганда, "Элдик кеңеш" саясий партиясынын жетекчиси Роза Нурматова. УКМК анын жетекчилиги астында бийликти күч менен кулатууга тымызын даярдык көрүү боюнча жашыруун жыйындар өткөрүлүп келген деп айтууда. Анын тымызын сүйлөшүүлөрү деген аудио да таркатылды. Анда "в любом случае заварушка болот балдар" деген сөздөрдү, күрөш боюнча тренер деген адамдын "он баланы топтоп алып баратам" деген сөздөрүн угууга болот.

Роза Нурматова 2012-жылы өкмөттүн социалдык бөлүмүн жетектеп иштегени жана андан кийин К. Ташиев менен С. Жапаровдун жактоочуларынын штабынын жетекчиси болгону белгилүү.

"Тергөөдө аныкталгандай, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн",-деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттар келери күтүлүп жаткан.

Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн.

"2023-жылдын 5-июнунда КР УКМК 30дан ашык катышуучу алынып келинди, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. күнөөсүн мойнуна алышкан".

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалгандардын тарапташтары жана жакындары өздөрүнүн версиясын билдирген маалымат менен чыгыша элек. Ошол эле убакта социалдык тармактарда расмий маалыматтын чындыгынан шектенген ар кандай пикирлер болууда.

Бийликти күч менен басып алууну пландаган күчтөр жөнүндө билдирүү Кыргызстанда күтүлгөн окуя эмес эле. Анткени, бийликти кулатууну көздөгөн уюшкан күчтөр жөнүндө мурда-кийин эч кандай сөз да жок эле.

Анын үстүнө азыркы бийликке оппозиция болгон саясий лидерлердин бир тобу камакта, айрымдары дипломатиялык кызмат алып сыртта жүрөт.

Өткөн жылы Кемпир-Абад иши боюнча жыйырмадан ашык адам "массалык тополоң чыгарууга" даярданган деген шек менен кармалып, тергөө создугуп кетип, бир тобу үй камагына чыгарылган.

Азыркы бийликке эрегишкен саясатчы катары белгилүү Адахан Мадумаровду Башкы прокуратура массалык тополоң чыгарууга айыптап, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттен макулдук сураган. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия иштеп жаткан болчу.

Кыргызстан эгемендик алган отуз жылдан ашуун убакыттан бери бийлик үч жолу күч менен алмашты. Соңку жолу 2020-жылы күзүндөгү парламенттик шайлоонун арты чырга айланып, демонстранттар Ак үйдү күч менен ээлешип, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетип, бийликке Садыр Жапаров келген. (КС)