Супермаркеттеги "бомба": Илгиз Шаменовдун кандай тиешеси бар?

Бишкектеги Asia Mall соода борборунун кардарлары ыкчам түрдө эвакуацияланды. Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы саат 13:56да аталган соода борборундагы “бомба” тууралуу анонимдүү маалымат түшкөнүн билдирди.
Соода борборго милициянын ыкчам тергөө тобу жана УКМКнын кызматкерлери барды. Учурда издөө иштери жана териштирүү жүрүп жатат.

Сүрөттүн булагы, 24.kg
Соцтармактарда супермаркеттин унаа коюучу жайында ишкер Илгиз Шаменовдун унаасынан “жарылуучу зат табылган” деген маалымат тарады. Окуя болгон жерге жетип барган “Медиахабдын” журналисттерине Шаменов өзү унаасында “граната табылганын” ырастады.
“Офисим "Азия Моллдун" жанында. Соода борбордогу супермаркетке кирейин деп машинамды унаа жуучу жайга токтотуп киргенбиз да. Анан жууп жатканда “алдымда зым чыга калды" [дейт]. Эмне зым экен деп айдоочумду жөнөтсөм, ал жерде граната байланган экен деп атпайбы. Милицияны чакырдык”, - деди Шаменов.

Сүрөттүн булагы, facebook
"Шаменов эс-учун жоготуп, өзүнө келе албай жатат" деп тез жардам унаасында жаткан кишинин сүрөтү социалдык тармакта тарап жатат.
Саат 16:20 чамаларында милиция кызматкерлери курчоону алып, кардарлардын “Азия Моллго” кирүүсүнө уруксат берди.
Ал эми Шаменовдун унаасынан граната болушу ыктымал делген буюмду тапкан унаа жуучу жайдын кызматкерин милиция иликтөө, тактоо иштери үчүн алып кетти.
Бул окуя боюнча интернет колдонуучулар түрдүү пикирлерди жазып жатышат. Алардын бири Акыйкатчынын басма сөз бөлүмүн жетектеген кызматкердин Facebook баракчасына жарыяланды. Ал муну өзүн-өзү таанытайын деген эле аракет эмеспи деп суроо салды.

Сүрөттүн булагы, facebook/screenshot
Бир апта мурун Шаменов Бишкек эркин экономикалык зонасы жана Айыл чарба министрлигиндеги мыйзам бузуулар боюнча УКМКга сурак берип чыккан. Ошондой эле анын Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы чыгып келатканы да белгилүү. (EB)

































