You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Курулуш компанияларына көзөмөл күчөйт: оңолобу же ойрону чыгабы?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Үй-жайлуу болуу кыялы кыргызстандыктардын эң башкы маселелеринен. Дал ошол мүдөсүн орундатам деп миңдеген киши чиедей балдарын таштап мигрант да болуп кеткен. Алды үйгө жетип кубанса далайы ичпей-жебей тапкан каражатынан кол жууп калганы ачуу чындык.
Үй сатып алдым эле, анда балам жаңы төрөлгөн ал азыр студент, бирок дагы деле ал үй бүтө элек деген дагы мисалдар бар. Буга кошул-ташыл болуп турак жай кооперативи деген ат менен чыккан бир топ компаниялар дагы бир миңдеген кишилерди сызга олтургузду. Алданып калгандардын кайрылууларынны арбындыгынан улам эми тиешелүү мекеме курулуш тармагына жаңы эреже киргизип, жарандарды коргойбуз деп жатат. Ошол эле учурда бул жеке бизнеске кийлигишүү, табигый жараяндарды бузуу деген сындар да айтылууда. Айрымдар көзөмөл же ортомчулук деген шылтоо менен курулуш компаниялар менен жарандардын жеке каражатынан пайда өөнөп калуу аракети деп сыпаттоодо.
Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы курулушчулар менен жолуккан. Анда өтө зарыл делген канализация, газ, суу сыяктуу кошо турган жумуштарга уруксат алууда кыңыр иштер болсо маалымат бергиле деген. Андан сырткары курулушчуларга салык төлөөнү да эскерткен.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) мындан ары курулуш компанияларына көзөмөлүн күчөткөнү жатат. Эми үй курууну каалаган компаниялар алдын ала депозиттик эсеп ачышы шарт.
Башкача айтканда, мындан ары кардарлар акчасын курулуш компаниясына төлөбөй, банкта атайын ачыла турган депозиттик эсепке салышы керек, компания ал эсептен акчаны өз алдынча ала албайт. Ал акчаны курулуш компаниялары жумушту бүтүргөнүнө жараша гана ала алат.
Бул чара өлкөдө соңку кезде үлүштүк негизде үй алам деп ара жолдо калган жарандардын арызы көбөйгөндүктөн киргизилип жатат.
Жаркынай 2019-жылы декабрда “Алтын ырыскы” аттуу курулуш фирма менен келишимге келип, үй алмакчы болгон. Бирок андан бери үйдөн жок же акчадан жок отуруп калды. Учурда жок дегенде акчасын кайрып алайын деп, сызга отургузуп кеткен курулуш компаниясы менен соттошуп келет.
“Мен барганда үй курулуп, бешинчи этажга чейин көтөрүлүп калыптыр болчу. 2020-жылы март үй бүтөт деп убада кылышкан. Пандемия дешти, анан акча жок дешти, ошентип үй бүтпөй койду. 11 миң доллар акчамды салгам”,- дейт Жаркынай.
Аталган курулуш компаниясына алданып, жалпысынан бир миллион доллардай акчага күйгөн 57 үлүшчү быйыл мартта аталган курулуш компаниясынын үстүнөн сотко кайрылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, бирок жарандар дагы деле акчасын кайтара албай жатышат.
Өлкөдө курулуш иштерин жүргүзүүгө 685 компания уруксат алган. Иш жүзүндө алардын 30 чактысы гана реалдуу иштеп келишет.
Курулуш материалдарынан кыш, цемент жана бетон гана Кыргызстанда өндүрүлөт, калганы сырттан ташылат. Борбор калаада жер дагы абдан кымбат болгондуктан курулушчулар кардарларынан алдын ала акча чогултуп, үлүштүк негизде үй куруу тажрыйбасы кенен жайылган.
Бирок соңку жылдары жоопкерчиликсиз курулушчулар айынан ортодо акчасын алдаткандар көбөйүп, кыргыз өкмөтү турак жай куруу тармагында көзөмөлүн күчөтүүнү көздөп жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун көрсөтмөсү менен Мамкурулуш жаңы жобо иштеп чыкты.
““Көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруу жөнүндө” жобо иштелип чыкты. Бул жаатта Мамкурулуш көзөмөл функцияларын күчөтүп, куруучулар эми банктан атайын эсеп ачышат жана ал эсептеги акча аталган мекеме курулуштун ар бир этабы тапшырылганын ырастагандан кийин гана куруучунун эсебине которулат. “Проблемалуу объект жана куруучу” деген түшүнүк киргизилет. Бардык керектүү маалымат Мамкурулуштун сайтына жайгаштырылат”, - деди профилдик агенттиктин жетекчиси Нуртазин Жетыбаев.
Бирок бул жаңы эрежеге курулуш компаниялары бушайман.
“Имарат Строй” курулуш компаниясынын директору Данияр Иманалиев Мамкурулуштун жаңы саясатына карата курулушчулар атайын билдирүү даярдап жатканын айтты.
Дагы бир курулуш “Шерой” компаниясынын директору Мамажан Анарбаев өкмөттүн чечиминин күңгөй-тескейин таразалап көрдү.
“Дүйнө өлкөлөрүндө, мисалы араб өлкөлөрүндө, Түркияда же Европада үйдү жарандар банк аркылуу алышат. Кардарлар курулуш компаниялары менен түзмө-түз байланышпайт. Курулуш компаниялары турак жай тургузуп, аны банкка сатышат. Бизге да мындай шарт киргизилсе үлүшчүгө да, курулуш компанияларына да кепилдик болмок. Бирок курулуш компанияларын дароо эле үй курууга жеткен акчаңды көрсөт дегенде оор болуп калышы мүмкүн. Анда рынокто бир-эки компания гана калып, алар тааныш-билиш аркылуу чоң компаниялардан насыя алышат, үй курушат. Кайра эле коррупция башталат, конкуренция жок болот, ал болбосо өнүгүү да болбойт".
Адатта курулуш компаниялары кардарлары менен алдын ала келишим түзүп, турак жайды алардын акчасына куруу тажрыйбасы кенен жайылган.
Келишимге ылайык, кардарлар акчасын күрүнөн же бөлүп төлөй алат. Батирдин курулушу качан аяктайт мөөнөттөрү так белгиленет, бирок ал убактыдан өтүп же болбосо аягына чыкпай калган объектилер дагы болот.
Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: