You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Куралдуу спецназ операциясы: журналистти кармоонун мыйзамдуулугуна суроо көп
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек
Бишкекте аттары окшош журналист менен төкмө акындын спецназ менен кармалып, коомчулуктун кысымы астында бошотулганы бийликке жана күч түзүмдөрүнүн беделине шек келтирген урунтуу учур болуп калды. Болот Темиров менен Болот Назаров кармалганда жарандык активисттер жапырт аларды бошотууну талап кылып, митингге чыгышты. Кырдаалдын курчуп баратканын көрүп, милиция кармалгандарды тил кат менен жекшембиде бошотту. Алардын күнөөсү эмнеде экендиги эми тергөө, иликтөө иштери менен аныкталууга тийиш. Бирок болгон окуя өлкөдө жарандарга мыйзамдуулук, сот акыйкаттыгын камсыз кылууда ээнбаштык көп экенин көрсөтүүдө.
Орундуу суроо
Албетте, иликтөөчү журналисттин мамлекеттик мунай компаниясындагы иликтөөсү чыккандан кийин кармалышы аны саясатташтырбай койгон жок. Иликтөөдө КПКдан чыккан мазутту ортомчу компания сатып, эки күндө эле 37 млн сом таап жатканы айтылган.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев «Кыргыз Петролеум Компанинин» башкы директору өзүнүн бир тууган жээни экенин ырастап, ошол эле учурда ага чаң жугузбай катуу коргоого алды, иликтөөдөгү маалыматтын баарын жалганга чыгарды. Ошол себептүү коомчулукта анын бир тууган жээни болгон үчүн ушул кызматка коюлдубу беле деген суроо чыгууда.
“Ишкерликтин субъектилерин жогорку кызмат адамдары калкалаган практиканы Ташиев туура көрөбү? Мындай практика коррупциялык көрүнүш эмеспи? Башка кызмат адамдары дагы башкаларды ушундай калкалай турган болсо, анда кандай карайт эле?”- деп суроо салды Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова.
Башкы көзөмөл органы каякта?
Кармоолордун мыйзамдуулугу, милициянын иш-аракетинин негиздүүлүгү көп суроо жаратууда. Мындайда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылган Башкы прокуратура алдыда болуш керек эле, бирок болгон окуяларда башкы көзөмөл органынын үнү да чыккан жок, карааны да көрүнбөдү. Мамлекеттик мунай компаниясындагы жемкорлук фактысы барбы, жокпу деп дароо текшерүүлөрдү башташы керек эле. Бул прокуратурага ошончолук сын-дооматтарды күчөттү.
“Кармоо учурунан баштап, протоколду түзүш керек болчу. Протоколду түзбөй эле кармап кетишкен, бул мыйзамсыз. Бүгүн бир протоколду чыгарды, кийин жазып алышкан. Ошону биз сотко айттык. Сот болсо милициянын аракети баары мыйзамдуу болгон дегенге аракет кылып, анын ордуна иштеп берип атат. Мына президенттер алмашкан менен, мыйзамсыз буйрук аткарган тергөөчүлөр, соттор кайра эле калып атат. Булар жөн эле бирөөнүн буйругун аткарып атышат. Прокурор дегенди унуткула, алар УКМКнын кулу болуп калбадыбы, прокурорлор унчукпай эле отурат”,-деди адвокат Нурбек Токтакунов.
Бүгүн ЖК депутаты Дастан Бекешов Башкы прокуратурага арыз жазып, Ташиевдин бир тууган жээни башкарган компаниядагы кыңыр иштер боюнча Темировдун командасы жүргүзгөн иликтөөдөгү фактыларды өзүнчө иликтөө жүргүзүү зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле иликтөө жүргүзгөн Болот Темиров жана башка адамдарды милиция менен УКМКнын кысымынан коргоону, журналист менен төкмө акынга козголгон кылмыш ишинин далил базасын кылдат изилдөөнү да баса белгиледи.
Айткандай эле, Башкы прокуратура кармоонун мыйзамдуу болгону жөнүндө соттун чечими бар деп бекемдеп, кылмыш ишинин мыйзамдуулугуна көзөмөл болот деген гана билдирүү таратты.
Бир күн мурдакы чуу басыла электе, бүгүн Болот Темировдун эки жактоочусун милиция сабап койгону жөнүндө кабарлар чыгууда. Милиция өз кезегинде мушташка катышкан адамдар кармалганын ырастап, бирок түшүнүк кат алгандан кийин кое беришкенин билдирди. Бул жерде дагы прокуратуранын карааны жок.
"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму ЖК төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жолдоп, журналист менен төкмө акынды кармоонун мыйзамдуулук фактысын иликтөөнү парламенттик көзөмөлгө алууну суранды.
"Кыргызстандын жарандык коому болгон окуялар "Кыргызнефтегаз" мамкомпаниясында өндүрүлгөн мазуттун экспортундагы шектүү схемаларды иликтөөдөгү маалыматтар менен байланыштуу деп ишенет, аларга УКМК башчысынын туугандарынын тиешеси бар болушу мүмкүн. Ошондой эле өткөн окуялардын саясий аспектиси болушу мүмкүн, себеби укук коргоо органдары өздөрүнүн аракети менен айрым бир адамдардын саясий заказын аткарып жатканын көрсөттү.
Азыркы учурда биздин юристтер төмөнкү маселелерди көтөрүп жатат:
- Эмне үчүн коомго коркунучу жок журналисттердин кеңсесине куралдуу спецназ кирип барды?
- Эмне үчүн кеңседеги каршылык көрсөтпөгөн адамдарды полго көмкөрөсүнөн жаткырышты?
- Тынч журналисттерге карата күч түзүмдөрүнүн ресурстарын ашкере колдонуу жөнүндө суроо чыгууда.
- Болот Темировдун чөнтөгүнө эмне үчүн бир зат салып коюшту, оргтехника менен редакцияга таандык материалдар эмнеге алынды?",-деп айтылат кайрылуу катта.
Тандалма күрөш
Кыргызстанда Садыр Жапаров бийликке келгенден бир жылдан ашуун убакыт ичинде коррупцияга каршы күрөш анын ишмердигиндеги башкы багыттардын бири болду. Анын УКМК башчысы кызматында турган досу Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштөн өткөн жылы эле сегиз миллиарддай сом өндүрүлгөнүн айтууда.
Бирок бул күрөш тандалма мүнөзгө жана саясий куугунтукка айланып бараткан жокпу деген сындар дагы айтыла баштады. Кирешелүү ишканаларды башкарып турган өздөрүнүн жакындарына келгенде аларды калкалап, коргоп жатканын коомчулук көрүп турат.
Ансыз деле парламенттеги оппозициялык фракциянын башчысын прокуратура чек арага байланышкан документ боюнча кайра-кайра суракка алууда. Ошол эле фракциянын бир мүчөсүн дипломунан ката таап, депутаттык мандатынан ажыратып коюшту. Бул кайсы бир деңгээлде азыркы бийликтин адилет башкаруусуна ишенимди кетирип жаткандай маанай түзүүдө.