"Болоттордун чуусу": Президенттен баштап төкмөлөргө чейин түп көтөрдү

Published

Абдыбек Казиев Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

"Болот мокоп калбайбы?" дегендерге жооп берди...

Эч жакка чыкпоо чечими менен бошотулган журналист Болот Темиров мындан ары дагы журналисттик иликтөөлөрүн уланта турганын билдирди.

Темиров укуктук бир топ маселелерге жактоочусу жооп берерин дагы кошумчалады. "Мен ачык булактагы маалыматтар менен мындан ары дагы иштеп, эгер тиешелүү жетекчилерден интервью алууга мүмкүн болсо интервью алууга даярмын" деп айтты. Ошондой эле буга чейин жарыялаган соңку материалынын тактыгына ишенээрин белгиледи. Ал өзү бул чуулгандуу иш сотко чейин жетет деп болжоп жатат. Анын айтымына караганда, төкмө акын Болот Назаров экөөнө эки башка иш козголду. Мындан сырткары ал башка кишилердин телефонунан эле коомдук колдоону көрүп, дем күч алганын айтып, "эмне кылсаңар дагы сындыра албайсыңар" деп сөзүн жыйынтыктады.

Президент пикир билдирди...

Болот Темиров чыгып, суроолорго жооп берээрден бир аз мурун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы бул окуя боюнча билдирүүсүн Facebook баракчасына жарыялады. Анда журналисттерге басым-кысым болбой турганын дагы бир жолу белгилеп, бирок, ошол эле учурда журналисттерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Болот Темиров күмөн санап жаткан иш боюнча баарын ачык-айкын айтып бериптир деп белгиледи. Президент Камчыбек Ташиевдин керек болсо иликтөөчү журналисттерди сөз болгон өндүрүштүн өзүнө барып көрүп келүүгө чакырганы абдан туура болду деп жазды.

Камчыбек Ташиев чийме менен чечмеледи...

Журналисттер, активисттер Болот Темиров кармалган соң 23-январда тынч жыйынга чогулуп, мыйзамдуулукту талап кылууга чакырышкан. Бул жыйындын алдында атайын кызматтын жетекчиси маалымат жыйын курду. Камчыбек Ташиев адегенде журналисттик иликтөө чындыкка коошпой турганын айтып, андагы келтирилген жүйөлөргө каршы өз аргументин чийме аркылуу көрсөттү. К. Ташиевдин пикиринде, мазут экспорттолгон күндө дагы бул жерде эч кандай коррупция жок. Ал бул жөнүндө бир нече жолу айтты. К. Ташиев тескерисинче мазутту чет өлкөгө сатуу оңой иш эместигин айтып, кымбат баада ала турган кардарды табууну ийгилик катары баалады. УКМК төрагасы муну ички базарда сатылган мазут менен ошол эле экспортко чыккан мазуттун баасындагы чоң айырма менен түшүндүрдү. Ал эгер сыртка канчалык көп мазут сатылса ошончо көп салык төлөнөрүн айтып өттү.

Айрым журналисттер аталган өндүрштөгү жетекчилердин бири Камчыбек Ташиевдин жээни экенин, ал сыяктуу эле билимдүү, тажрыйбалуу башка адамды койсо болбойт беле деп сурады. Атайын кызматтын төрагасы атасынан эрте калган жээни өз күчү менен Орусиядан билим алып, дасыгып, муктаждарга купуя жардам берип келгенин, жээни миллиондоп чыгымга баткан бөлүмдү 30 жылда болуп көрбөгөндөй чоң киреше менен жыйынтыктаганын айтып берди. Жээнине чейин бул кызматты аркалган айрым жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын, миллиарддаган каражаттар башкалардын чөнтөгүнө түшпөгүдөй система түзүлгөнүн билдирди. Ошентсе дагы башка эле фирмалар ортомчу болсо же ортомчусуз түз экспорттосо болот беле деген суроого жооп издегендер бар.

Акыйкатчынын аппарат жетекчиси

Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков кармалган төкмө акын Болот Назаровго жолугуп чыкты.

"Болот Назаров мурда баш мээси чайкалгандыктан (кармаганга чейин) бир аз кыйналып турганын айтты. Төкмө акын колунан же чөнтөгүнөн маңзат табылбаганын, учурда ур-токтомкко кабылбаганын айтып берди. Ал буга чейин дагы ар кандай коркутуп, үркүтүүгө кабылганын, бирок, кимдер экенин билбегендиктен милицияга арызданбаганын кошумчалады. Болот Назаров азыр наркотик алмак турсун нан алганга акчам жок деди",- деп билдирди Аскат Азарбеков.

Адам укугун коргоо боюнча талаптар байма-бай айтылды...

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Кыргызстан адам укугу боюнча эл аралык коомчулук алдында дагы милдеттенмелерди алганын, мамлекет жетекчилиги чет жакка барган сайын журналисттерге, сөз эркиндигине байланышкан суроолор негизги маселелердин бирине айланаарын эскертти. Болот Темировдун жактоочусу Нурбек Токтакунов мыйзамсыз иштерге каршы күрөшүүгө, журналисттерди кысымга албоого чакырды. Ал Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго байланышкан чуулу окуяга башкалар дагы кабылып калбайт деп ким кепилдик берет деген суроону кабыргасынан коюп, баары мыйзам чегинде болсун деп талап кылды.

Төкмө акындар төгүп ырдай турган болду...

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев баштаган бир топ төкмө акын үзөңгүлөшү Болот Назаровду бошотууну талап кылып, мөөнөтсүз төгүп ырдоо демилгеси менен чыгышты. Баш кескмек бар, тил кесмек жок деген байыркы ураанды айтып, акынды бошотууну суранышууда. Алар карт тарыхтагы Токтогул ырчы, тоо булбулу Токтогул Сатылганов баштаган өнөрлүүлөрдүн башынан өткөргөн сыноолорун мисал тартып, бул ишти өнөргө болгон өгөй мамиле деп сыпаттап жатышат. Төкмө акындардын бул билдирүүсүнөн көп өтпөй Болот Назаров дагы тергөөнүн чечими менен үй камагына бошотулганы маалым болду.

Журналист Болот Темиров 2020-жылы мурдагы бийликтин тушунда дагы кол салууга кабылганы белгилүү.