Абадан коргонуу системасын жарып өтүү, мерчемдерге сокку уруу... Украинага Батыш кыргын учактары эмне үчүн керек?

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
- Author, Павел Аксенов
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден: "Деги АКШ Украинага кыргын учактарды береби?" деген суроого 30-январда: "Жок", – деп жооп берди. Андан бир күн мурда Германиянын канцлери Олаф Шольц да мындай мүмкүнчүлүктү четке каккан эле. Бирок бул маселеге чекит коюуга али эрте.
Украина көптөн бери Батыш өнөктөштөрүнөн заманбап кыргын учактарды алып келүүнү көздөп келет. Ошол сыяктуу эле, ал бир нече ай бою Батышты танктар менен жабдый баштоого үндөп, акыры макулдук алганга чейин, мезгил-мезгили менен анын өтүнүчү четке кагылып келген.
Басма сөздөгү маалыматтарга жана саясатчылардын билдирүүлөрүнө караганда, кыргын учактарды өткөрүп берүү маселеси дагы эле талкууланып жатат. Негизи, Украинага заманбап кыргын учактарды өткөрүп берүү идеясы Батышта өзүнүн арбын колдоочуларына ээ.
Байден "жок" деп айткан күндүн эле өзүндө (2023-жылы 30-январда) Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Варшаванын кадамдары НАТОнун башка мүчө өлкөлөрү менен макулдашылчу болсо, анда өз өлкөсү "Украинага МиГ же башка учактарды өткөрүп бере алат", – деп билдирди.
Ал мындай билдирүүнү Ф-16 кыргын учактарын Киевге берүү ыктымалдыгы тууралуу суроого жооп берип жатып айтты. Анын жообундагы “МиГ жана башка учактар” сөз айкашында америкалык кыргын учактар да камтылды го, деген жоромолго жем ташталды.
Украина президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак ошол эле 30-январда: "F-16 кыргыз учактарын алуу жаатында иштер улантылууда. Польшадан оң маанайдагы жышаана бар. Варшава НАТО менен макулдашып туруп, аларды бизге өткөрүп берүүгө даяр", – деп билдирди.
Ишемби күнү (28.01.2023) Украинанын президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михайло Подоляк: "Биринчиден, сүйлөшүүлөр эчактан бери жүрүп жатат. Экинчиден, сүйлөшүүлөр тездетилген ыргакта жүрүүдө. Үчүнчүдөн, өнөктөш өлкөлөр кырдаалды аңдап жатышат. Төртүнчүдөн, өнөктөш өлкөлөрдө ички психологиялык жагдага байланыштуу айрым өзгөчө жактар да бар", – деп айтты.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Подоляк мырза айткан “ички психологиялык абал” – бул Батыш өлкөлөрүнүн айрымдарындагы мындай курал-жарактар чыр-чатакты ого бетер курчутуп, “дүйнөлүк архитектураны өзгөртүүгө шыкакташы ыктымал” деген кооптонууну чагылдырат.
Подоляк кыргын учактар жөнүндө эле эмес, Украина бир нече айдан бери алгысы келип жаткан жана америкалыктар да бергиси келбей жаткан 300 чакырымга чейинки аралыкка жетүүсү мүмкүн болгон MGM-140 ATACMS күжүрмөн-тактикалык ракеталары тууралуу дагы айтып өттү.
Ал эми Politico басылмасынын жазганына караганда, Пентагондо кыргын учактарды Украинага өткөрүп берүү идеясын жактаган таасирдүү колдоочулар бар. Бул басылма АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлүнө шилтеме жасап, ал аткаминер: "Биз буга каршыбыз деп эч ойлобойм", – деп айтканын маалымдады. Басылманын материалы үч башка булактын сөзүнө негизделген. Politico басылмасы дүйшөмбү күнү Байден "жок" деп айткандан кийин Украинага кыргын учагын жабдууга карата оң пикир камтылган ушул маалыматты шардана кылган.
Мында кайсы учактар жөнүндө сөз болуп жатат?
2022-жылдын июль айында АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйү украиналык учкучтарды америкалык аскер учактарын башкарууга үйрөтүү программасын каржылоо үчүн 100 миллион доллар бөлүү сунушун жактырган. Бул мыйзам долбоору 2023-каржы жылы үчүн Улуттук коргоо тармагындагы ыйгарым укуктар жөнүндө мыйзамдын алкагында кабыл алынган жана ага 2022-жылы 23-декабрда президент Жо Байден кол койгон.
Конгрессте мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда сөз F-15 жана F-16 кыргын учактары үчүн учкучтарды, "ошондой эле абада согушууга ылайыктуу башка жабдуулардын" адистерин даярдоо жөнүндө жүрдү.

Сүрөттүн булагы, AFP
Бирок кийинчерээк европалык саясатчылар Украинага жабдылышы ыктымал болгон учактардын арасында шведдик SAAB JAS 39 Gripen кыргын учагы сыяктуу башка учак түрлөрүн да талкуулап жатышты.
Ырас, Швециянын коргоо министри Пол Йонссон Politico гезитине берген маегинде: “Жакын арада Грипен учактарын Украинага жабдуу тууралуу пландарыбыз деле жок”, – деп ачык айтты.
Украинанын Германиядагы мурдагы элчиси, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Мельник расмий Берлинди Киевге Tornado Panavia учагын өткөрүп берүүгө чакырды. Бирок, Жо Байден сыяктуу эле, Германиянын канцлери Олаф Шольц мырза да кыргын учактарды Украинага өткөрүп берүүнү азырынча четке какты.
Талкуулардын жүрүшүндө сөзгө алынган башка варианттардын арасында француздардын Rafale учагы, ал тургай америкалык А10 чабуул учактары да айтылды, бирок булар конкреттүү сунуштар эмес, жөн гана расмий эмес деңгээлдеги ой толгоолор болчу.
Акыры Словакия өзүнүн эски МиГ-29 кыргын учактарын Украинага өткөрүп берүүгө даяр экенин шардана кылды.
Бирок, эски МиГ-29 учагынан тышкары, Украинанын Аскер Аба күчтөрүнө жабдылышы күтүлгөн эң реалдуу жана логикалык талапкерлер болуп, – АКШнын президентинин "жок" дегенине карабастан, – баягы эле F-16 кыргын учагы (F-15 жөнүндө дээрлик эч кандай сөз жок) менен Gripen учагы кала берүүдө.
Булар кандай сапатка ээ учактар?
F-16 учагы алгач кан майдандык кыргын учак катары иштелип чыккан. Ал кан майдандагы аба мейкиндигинде салгылашуу жүргүзүү максатында иштелип чыккан. Учак 1974-жылдан бери чыгарылып келет жана өзүнүн эволюциясынын жүрүшүндө ал "ит урушу" (Батышта кыргын учактарынын ийкемдүү учуп, аба салгылашууларын жүргүзүүсүн ушундайча аташат) үчүн колдонулчу жеңил кыргын учактан ар кандай татаал тапшырмаларды да аткарууга жөндөмдүү, толук деңгээлдеги көп максаттуу учакка айлана берген.
2022-жылдын июль айында Би-Би-Си Орус кызматы 1980-жылдары Микоян конструктордук бюросунда учак сыноочу болуп иштеген жана МиГ-29дун ар кандай жакшыртылган түрлөрүн сынаган орусиялык учкуч Александр Гарнаевди баарлашууга тарткан.
"Нагыз техникалык жактан гана алганда, МиГ-29 менен Ф-16нын ортосундагы айырма – "Запорожец" унаасы менен "Ауди" үлгүсүндөгү унаанын өз ара айырмасына тете. F-16 кыргын учагы – капталында башкаруу жабдуулары бар, отургучу саал артка ийилген учак... Бирок учакты башкаруунун ыңгайлуулугу – анын артыкчылыктарынын чакан гана бөлүгү болуп саналат. Анын артыкчылыктарынын көпчүлүгү – бул учаккка орнотулган жабдуулар жана курал-жарактарга таандык. Көптөгөн жылдар бою F-16 учагы тынымсыз жакшыртылып жатты, ал эми МиГ-29 учагы болсо эчак эле кароосуз калган. Ал [F-16] кыргын учагы эң заманбап жабдуулар жана курал-жарактар менен жабдылган ", – деди орусиялык учкуч.
Швециянын JAS-39 Gripen кыргын учагы – беркилерден кыйла жаңыраак. Анын өндүрүшү 1990-жылдары башталган. Ал көп максаттуу учак катары иштелип чыкканына карабастан, чын-чынында, ал – америкалык F-16 кыргын учагы менен бирдей даражадагы, бир гана кыймылдаткычтуу жеңил кыргын учагы. Бул Gripen кыргын учагы жакшы учуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. F-16 учагына караганда, Gripen азыраак салмактагы күжүрмөн жүктү көтөрөт. Анын жүк илинчү 10 орунуна болгону 5,3 тонна курал-жаракты артууга болот.
Gripen – заманага алда канча шайкеш кыргын учак болуп саналат жана анын тулкусуна радарга азыраак илине тургандай технологиялык жабдуулар ширелтилген.
Бирок Gripen учагынын негизги артыкчылыктарынын бири – аны тейлөөнүн арзандыгы жана анын ар кыл шарттарга оңой ыңгайлашуусу. Бул учак, бир жагынан, шарттары анчейин дурус эмес аба майдандарынан учуп чыгуу үчүн ылайыкташтырылган. Экинчи жагынан, адистердин айтымында, бул кыргын учак эң сонун экономикалык натыйжа бере алат.
Jane's Defence серепчилик борборунун маалыматы боюнча, 2012-жылы Gripen кыргын учагынын учуу саатынын баасы бар болгону 4,7 миң долларды түзгөн. Бул тармактагы күмүш медалдын ээси болгон F-16 учагынын учуу саатынын баасы – 7 миң долларга тете. Учуу саатына учакты техникалык тейлөөгө жана оңдоого кеткен чыгымдар кирет.
Gripen кыргын учагынын баасы боюнча интернетте так маалымат жок, бирок шведдик жаңы кыргын учагы F-16 кыргын учагыныкынан кымбатыраак турат; F-16 кыргын учагынын баасы АКШнын Аскер аба күчтөрүнүн интернет барагында (F-16C/D түрү үчүн) 18,8 миллион доллар катары көрсөтүлгөн.
Эмне үчүн Украинага учактар керек болуп жатат?
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн орусиядык баскынчы аскерлерге каршы туруштук берүү жөндөмү Батыштын аскердик жабдуусуна толугу менен көз каранды. Бул – ар кандай аскердик техникага тиешелүү. Ошентип, бул чөйрөдө "эмне үчүн?" деген суроого "Украинада бул курал же жабдуу жетишпейт" деген жалпы жооп ылайыктуу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Басма сөздө Польша МиГ-29 кыргын учагынан бир нечесин Украинага учактын тетиктери түрүндө өткөрүп бериши мүмкүн деген аңыз кеп тараган. Польша бул учактардын өздөрүн деле өткөрүп бере тургандыгы жөнүндө кабарлаган, бирок 2022-жылы март айында АКШнын демилгеси менен Варшаванын бул өткөрүп берүү ниети токтотулган экен. Бул тууралуу Spectator басылмасы 2022-жылы ноябрда шардана кылды.
Поэтому Украине в принципе нужны современные самолеты, чем больше, тем лучше.
Айтор, Украина, негизинен, заманбап учактарга муктаж болууда. Батыштан канчалык көп учак жабдылса, ошончолук жакшы.
Заманбап согушта кыргын учактары ар кандай күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат. Душмандын кыргын учактарына каршы абада салгылашуудан тышкары, алар кургактыктагы жана деңиздеги буталарга сокку уруу, абадан коргонуу системасын жарып өтүү, чалгын жүргүзүү, канаттуу ракеталарды, дрондорду (учкучсуз учактарды) жана бомбалоочу учактарды орто жолдо жок кылуу амалдары ж.б. үчүн колдонулат.
Украина кыргын учактарын кантип колдоно турганы тууралуу так маалымат жок болсо да, кыйыр белгилерге караганда, бул кыргын учактар өздөрү аткара алчу бардык милдеттерди аркалоосу күтүлчүдөй.
Орусиялык ракеталарды орто жолдо жок кылуу
Украин аскер аба күчтөрү бул милдетти согуштун эң башкы сааттарынан бери жүзөгө ашырып келет.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн учкучтары канаттуу ракеталарга аңчылык кылып жатышты. Орусиялык аскерлер Иранда жасалган "Шахед-136" дрондорун колдоно баштагандан кийин, украин учкучтары бул дрондорду да оййрон кыла башташты.
Украин басылмаларынын маалымдашынча, 2022-жылы 12-октябрда МиГ-29 учагын башкарган украин учкучу ирандык 5 дронду атып түшүргөн, бирок өз учагы кыйроого учураган. Кантсе да, каарман учкуч өзү аман калган.
Украина аскерлери абадан коргонуу боюнча көп каттуу системасын сактап калууга жетишти. Арийне, Украинадай чоң өлкөнү эч бир ракетадан коргонуу системасы толук жаап коё албайт.
Тиричилик үчүн өзөккү мааниге ээ инфратүзүмдү баскынчылардын аткылоосу – бул согушта украиндер үчүн эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.
Демек, кошумча кыргын учактары абадан коргонуу системасын жакшыртууга кыйла өбөлгө болмок.
Ырас, F-16 жана Gripen кыргын учактары ракета менен дронду орто жолдо ойрон кылуу милдети үчүн жаратылган эмес, бул милдет аларга кийинчерээк гана тагылган, ошондуктан алар бул абадан бөгөттөө милдетин аткаруу үчүн идеалдуу техникалык каражат катары санала беришпейт.
Кургактыктагы мерчемдерге сокку уруу
Украина үчүн, Михаил Подоляктын сөзүнө караганда, жердеги бутага сокку уруу милдеттери да олуттуу мааниге ээ.
"Орусиялык аскерлердин негизги куралын, – алар бүгүн кан майданда эмнени колдонуп салгылашып жатышат, бул, биринчи кезекте, замбиректер тобу, – ушул курал жана жабдууну кескин кыскартуу үчүн бизге алардын кампаларын талкалай турган ракеталар керек", – деп Подоляк мырза FREEDOM сыналгы каналында сүйлөдү.

Сүрөттүн булагы, ANADOLU AGENCY
Мындай сокку уруучу каражаттардын болушунун өзү эле жердеги мерчемдер Украинанын Аскер Аба күчтөрүнүн артыкчылыктуу буталарынын бири боло тургандыгын айгинелеп турат.
Аба чабуулунан коргонууну жарып өтүү
2022-жылдын июль айында Air Force журналы украиналык учкучтар менен маек курган. Бул учкучтар F-16 кыргын учагын каалап жаткандыктарынын негизги себеби катары бул учактын душмандын абадан коргонуу системасын жок кылууга (SEAD) жөндөмдүү сапатын айрыкча белгилешкен.
Америкалыктар тээ Вьетнамдагы согуш маалынан бери душмандын абадан коргонуу системасын жок кылуу техникасын жакшыртып иштеп чыгып келишет. Бул үчүн атайын учактар, атайын техникалык жабдуу жана курал-жарактар иштелип чыккан.
США начали поставлять ракеты AGM-88 HARM в Украину еще осенью. ВСУ научились применять эти ракеты с МиГ-29. Такие ракеты - основное оружие для ударов против комплексов ПВО.
АКШ AGM-88 HARM ракеталарын 2022-жылдын күзүнөн тартып Украинага бере баштаган. Украинанын Куралдуу күчтөрү бул ракеталарды МиГ-29 кыргын учагына орнотуп алып, баскынчы орусиялык аскерлердин радар радиациясынын булагына каршы атуу жолу менен согушта колдонууга да киришти.
Мындай ракеталар абадан коргонуу системаларына натыйжалуу сокку уруу үчүн негизги курал болуп саналат.
Абадагы салгылашуулар
Украиналык учкучтарды окутуу боюнча мыйзам долбооруна кошумча тиркелген маалымдамада айтылгандай, бул учкучтар Sidewinder деп аталган AIM-9X2 же AIM-9M ракеталарын колдонууга дагы машыктырылмакчы.
Бул ракеталар – F-16 кыргын учагы да, Gripen кыргын учагы да колдоно ала турган, кыска аралыкка учуучу аба ракеталары. Ачык булактарда украин учкучтары бул багытта кантип даярдалгандыгы сыяктуу маселелер жаатында эч маалымат жок.
Ошол эле учурда, F-16 кыргын учагы башка көптөгөн учактарга караганда абада салгылашууга көбүрөөк ылайыктуу. F-16ны долбоорлоодо конструкторлор оболу эң жогорку күч-салмактык катышы бар бир кыймылдаткычтуу жеңил кыргын учакты түзүүгө аракет кылышкан. Бул сапат F-16 кыргын учагын өз ыргагын абдан тез ылдамдатууга мүмкүндүк берет, ал эми ар кандай "ит урушу" үчүн бул – маанилүү касиет.
1970-жылдары америкалык аскердик аба техникасынын серепчиси Пьер Спрей бул концепцияны иштеп чыгуунун идеологдорунун бири болгон жана ал атүгүл аны "F-16 кыргын учагынын киндик атасы" деп да атыктырышкан. 2017-жылы Би-Би-Синин Орус кызматынын өкүлү менен баарлашып жатып, Пьер Спрей мырза абадагы салгылашууларда учактар душмандын радарына илинбөө үчүн өз радарын өчүрүп коюп абада салгылашуу жүргүзө башташат, деп айткан.
Радарды өчүрүү тактикасын украиналык учкучтар колдонуп жатышат. Бери дегенде Орусия менен кеңири өлчөмдөгү согуш аракеттеринин башаттык маалында украин учкучтары ушул ыкмага көп кайрылышты.
Атын атагысы келбеген орусиялык аскер адиси Би-Би-Синин Орус кызматына билдиргендей, орусиялык жана украиналык кыргын учактарынын бири-бирине каршы аба салгылашууларынын болжолдуу натыйжасы тигил же бул учактын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөсүнөн эмес, мындай салгылашууларга карата алдын ала даярдыктан көз каранды.
Ошол эле учурда көп нерсе, бул адистин айтымында, учкучтардын өздөрүнүн күжүрмөн аракеттерге даярдыгынан да көз каранды.
Батыштагы аскер аба паркынын кыйынчылыктары
Былтыр жайында, Батыштын учактары Украинага жеткирилиши жаатында жоромолдор алгач айтыла баштаган кезеңде эле, айрым адистер "Украинанын аба майдандары Батыштын учактарын кабыл алуу үчүн даяр болду бекен? " деп суроо салып, шектенүүсүн билдиришкен.
Албетте, ар кандай шартка ыңгайлаша алчу швед кыргын учагы үчүн аба майданынын тиешелүү шарты – эч бир көйгөй жаратпай турган жагдай болчу.
Бирок, кандай болгон күндө да, талаш-тартыш жүрүп жаткан бир нече айдын ичинде украиндер өз аба майдандарын оңдоп коюшу ажеп эмес. Аларга көп аба майданы керек, анткени ар бир аба майданы баскынчылар үчүн артыкчылыктуу бута болуп калат жана учактар улам-улам ар кандай аба майдандарына орун которуп турушу алгылыктуу.
Дагы бир көйгөй – логистика жана тейлөө өңүтү. Батыш учактары жаңы жабдууларга муктаж, анткени бардык системалар, – анын ичинде май куюу, курал-жарактарды тейлөө жана башкалар, – жөн гана башка (эски) технологиялык чөйрөгө ылайыкталып иштелип чыккан эмеспи.
Кыргын учактар, маселен, радардык байкоо жүргүзүүнүн коштолушун көбүрөөк талап кылат. Бул – жердеги радар бекети же учуп жүрүүчү радарлар болушу деле мүмкүн. Азыр Украинанын чек арасына жакын (Польшанын аба мейкиндигинде) жана Молдованын чек арасына жакын (Румыниянын аба мейкиндигинде) аймактарда аба коркунучу жаатында алдын ала эскертүүчү, электрондук чалгындоо жүргүзүүчү жана башка милдеттерди аркалаган учактар тынымсыз нөөмөттүк кызматта турушат.
Алиги орусиялык адис көңүл бурган дагы бир жагдай – бул сандык көрсөткүч. Батыштан Украинага учактарды жабдуунун мүмкүн болгон көлөмү тууралуу расмий түрдө эч нерсе айтыла элек. Путиндин режими таңуулаган бул согушта сандык көрсөткүч сапаттык көрсөткүч сыяктуу эле чоң мааниге ээ экендигин көптөгөн серепчилер белгилешет.
Мында кыргын учактарынын сандык көрсөткүчү да олуттуу мааниге ээ. (TT)































