ИИМ экс-депутат Атазовдун үйүн тинтүүгө байланыштуу тараган видеого түшүндүрмө берди

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мурдагы депутат Шайлообек Атазовдун үйүндөгү тинтүү тууралуу тараган видеого түшүндүрмө берди.

Ички иштер министрлиги бул видео актуалдуу эместигин жана тасмадагы көрүнүштөр 2025-жылдын июнь айында болгон тергөө иш-аракеттерине тиешелүү экендигин билдирди.

Ал иш-чаралар Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү маалымдалды.

"Азыркы учурда Атазовго карата эч кандай процессуалдык иш жүргүзүгөн жок. Эски материалдардын таралышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, маалыматтын булагын жана дезинформациянын жайылыш себептерин аныктоо аракети жүрүп жатат",- деп айтылат маалыматта.

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Шайлообек Атазовду каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Маалыматка караганда, шайлоо документтерин текшерген жумушчу топ тарабынан Атазов талапкер катары мыйзам талаптарына туура келбеси аныктаган.

БШК Ички иштер министрлигине шилтеме берип, Шайлообек Атазов 2024-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топко байланыштуу адамдардын каттоосунда турганын билдирген.

Мындан тышкары, Чек ара кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы маалыматына ылайык, Атазов шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы айтылган.

Тагыраагы, ал 2024-жылдын13-мартынан 29-ноябрына чейин Кыргызстандан тышкары жүргөн аныкталган.

Шайлообек Атазов 2022-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Свердлов шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Анын мандатына байланыштуу соттук иштер да болгон.

Убагында анын штабы менен иштеген эки адам шайлоочулардын добушун сатып алды деген айып менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 100 миң сомдон айып пул төлөгөн.

Ал бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Райымбек Матраимовдун эң жакын адамдарынын бири болгону дагы айтылып келген.

Атазов бул айтылып жаткан айыптоолордун баарын негизсиз деп, өзүнө карата атайын каралоо жүрүп жатканын билдирип келет.