Атамбаевдин иши боюнча сот отуруму дагы жылдырылды
Мээрим Догдурбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Буга чейин Жогорку сот кримавторитет Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин соттук отурумун 17-январга жылдырган.
Андан мурда ушул эле иш боюнча соттук отурум 22-декабрда болору белгилүү болгон. Бирок ал отурум 17-январга жылдырылган.
2021-жылдын 21-декабрында Калыс-Ордодогу мектеп жана түрк жарандарына Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча эки иш бир өндүрүшкө бириктирилип, жокко чыгарылганын Би-Би-Сиге Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирген.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Атамбаевге кайсы иштер боюнча айыптар тагылууда?
Ошондой эле Жоошев Атамбаевге Батукаевдин ишинен башка дагы кандай айыптар тагылып жатканы тууралуу сөз кылган.
"Жалпысынан кайсы иштер боюнча айыптар тагылып жатканы тууралуу так маалыматым жок, анткени айыптоолор жана иштер дагы көп. Тергөөчү, прокурорлор өздөрү деле адашып калды окшойт. Эсимде калгандары Кой-Таш иши боюнча “массалык башаламандыкты уюштурган”, октябрь окуялары боюнча дагы “массалык башаламандыкты уюштурган” ошондой эле “бийликти күч менен мыйзамсыз басып алууга даярдык көргөн” деп айыпталган. Мындан сырткары Батукаевдин иши боюнча коррупция беренеси, андан сырткары Калыс-Ордодогу мектепке байланыштуу “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси коюлган",-деди Замир Жоошев.
Адвокат бул боюнча өзүнүн фейсбук баракчасына билдирүү жазып, анда ал «Алмазбек Атамбаевды бошотуп, жасалган тарыхый катаны түзөөгө мүмкүнчүлүк бар» деген.
Андан сырткары, Жоошев экс-прокурор Аида Салянованы мисал келтирип, тергөө мыйзамсыз өткөнүн жазды.
"Тергөө менен келишим түзгөндөрдүн көптөрү СИЗОдо отуруп, анан айла жоктон тергөө менен келишим түзгөн. Мисалы, Аида Салянова 73 күн СИЗОдо отургандан кийин тергөө менен келишим түзүп, эркиндикке бошотулган. ИИМдин имаратынан чыгары менен: "Мен коррупция жасаган эмесмин", - деп Фейсбукка пост жазган. Мыйзамга ылайык күнөөсүн мойнуна албаган айыпталуучу менен келишим түзүлбөйт. Албетте бул көрүнүш да тергөө мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүнүн, адамдар аргасыз абалда калганынын бир мисалы. Кийин Салянова айым сотто келишимден баш тарткан жана эч кандай коррупцияга барбаганын дагы бир ирет тастыктаган",-деп жазды Жоошев.
"Батукаев иши"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2006-жылы адам өлтүрүүгө, куралды мыйзамсыз пайдаланууга жана өндүрүүгө, массалык баш аламандыктарды уюштурууга катыштыгы бар деген айып менен 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган кримавторитет Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс дартка чалдыккан» деген корутундунун негизинде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Андан кийин дароо атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, ал жерден Грозный шаарына (Чеченстан, Россия) учуп кеткен.
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев бул ишке байланыштуу ошол жылдын августунда Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.
2020-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин негизинде өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Алмазбек Атамбаев 2011-2017-жылдары КР президенти кызматын аткарган. Ал азыр №47 колонияда камакта. Ал ошондой эле бир спецназдын кызматкери каза болуп, 200дөн ашуун адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алган Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу.
































