You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Мунун артында кимдер турат?" Талкуу жараткан кытай уюмунун каттоосу жокко чыгарылды
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Юстиция министрлигинин Чүй–Бишкек башкармалыгы социалдык тармактарда талкуу жараткан "Борбор Азия менен Кытайдын тынчтык жолу менен кайра биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы" аттуу коомдук бирикменин каттоосу жокко чыгарылганын билдирди.
Мекеменин 14-июлдагы маалыматына караганда, коомдук бирикме 2025-жылдын 30-декабрында үч сааттык ыкчам каттоо кызматы аркылуу мамлекеттик каттоодон өткөн. Бирок кийин жүргүзүлгөн административдик процедуралардын негизинде аны каттоо тууралуу буйрук жокко чыгарылган.
"Социалдык тармактарда ОсОО.kg интернет-ресурсунда жарыяланган маалыматтарга таянып, "Борбордук Азия менен Кытайдын тынчтык жолу менен биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы" коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар тарап жатат. Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы бул юридикалык жактын каттоосу боюнча буйрук административдик жол-жоболордун алкагында буга чейин эле жокко чыгарылгандыгын маалымдайт" деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле башкармалык ОсОО.kg сайты мамлекеттик расмий маалымат булагы эмес экенин кошумчалаган.
"Катталган юридикалык жактар тууралуу ишенимдүү маалыматты Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алуу зарыл. Бул юридикалык жактын каттоосу буга чейин эле жокко чыгарылган. Юридикалык жак 2025-жылдын 30-декабрында Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынын каттоочу адиси тарабынан механикалык түрдө (3 сааттык шашылыш каттоо боюнча мамлекеттик кызматтын алкагында) катталган жана кийинчерээк "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" мыйзамга ылайык, административдик жол-жоболордун алкагында каттоо тууралуу буйрук жокко чыгарылган" деп белгиленет Юстиция министрлигинин Чүй–Бишкек башкармалыгынын атынан таратылган маалыматта.
Айрымдар аталган кытай уюму тууралуу маалымат 14-июлда гана жеткиликсиз болуп калганын жазып жатышат.
OsOO.KG веб-сайты – компанияларды издөө, контрагенттерди текшерүү жана Кыргызстанда комплаенс-контролдоо жүргүзүү үчүн адистештирилген коомдук онлайн аналитикалык сервис. Платформа каржылык тобокелдиктерди баалоого, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишенимдүүлүгүн талдоого мүмкүндүк берет.
Соңку күндөрү Кыргызстандын коомдук сайттарында "Борбор Азия менен Кытайдын тынчтык жолу менен кайра биригүүсүнө көмөктөшүү ассоциациясы" аттуу коомдук бирикме расмий каттоодон өткөнү тууралуу маалымат тараган.
Бул Кытай темасына байланыштуу кезектеги талкууларга жем таштады.
Маалыматтарда аталган уюм 2025-жылдын 30-декабрында мамлекеттик каттоодон өткөн. ОсОО.kg сайтынан алынды делген скриншотторго караганда, ассоциациянын жетекчиси - Шао Куйнин, ал эми негиздөөчүлөрү катары - Сунь Убо, Шао Куйнин жана Ли Женжун деген ысымдар көрсөтүлөт. Каттоо документтери деп көрсөтүлгөн сүрөттөрдө уюм чет өлкөлүк жарандардын катышуусу менен түзүлгөнү да белгиленген.
Социалдык тармактын колдонуучулары бул уюм Кыргызстанда кандай максаттарды ишке ашырууну көздөп жатканы тууралуу суроолорду көтөрүп жатышкан.
"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ушуну үстүнөн иштеши керек. Мындай ой пайда болуп, бир топ адамдар чогулуп, уюм түзүп, аны каттоого барып жатканы акырындап кыймыл пайда болуп бараткандагысы да. Ошондой идея пайда болуп, ошого жетелеп... Мунун артында кимдер турат ошону коопсуздук комитети чукулунан карап, тактап ар бири менен иш жүргүзүүсү керек. Каттоого баргандарга сөзсүз айып тагылышы керек. Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө, эгемендүүлүгүнө каршы иш-аракет үчүн деп туруп", - деди президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев.
"Элдин тынчсыздануусу негизсиз эмес"
Кытай темасына байланыштуу маселелер соңку айларда коомдук талкуунун чордонунда болду.
Өткөн дем алыш күндөрү да Кытай жарандарынын катышуусундагы кем дегенде үч окуянын видеосу социалдык тармактарда талкуу жаратты. Ысык-Көлдө чет элдик жаран автоунаасы менен көлдүн корук жээгине чейин кирип кеткен окуя катталды. Ал эми Нарын облусунда бири жапайы чымчыктарды тор менен кармаса, башкасы тыюу салынган электр кайырмак менен балык уулаган видео тараган.
Балыкчылардын ар бирине 10 миң сомдон айып пул, жана жайыт жерлеринде унаа менен мыйзамсыз жүргөнү үчүн 5 500 сомдон айып салынды. 14-июлда алар өлкөдөн чыгарылганы маалым болду.
Чымчыктарды кармаган жаран 20 миң сом, ал эми унаасы менен суу коргоо зонасына кирген айдоочу 15 миң сомго кесилди.
Ошондой эле Манас шаарында коомдук тартипти бузган кытай жарандары кармалды.
Июнда Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы куруу объектисинде иштеген Кытай жараны жергиликтүү котормочу кызга кол көтөрүп, анын бетине түкүргөн деген маалымат тараган. Окуя видеого түшүп, социалдык тармактарда кеңири талкуу жараткан. Андан кийин шектүү кармалып, милиция ага карата кылмыш иши козголгонун билдирген.
13-июлда президенттин жакын тарапкери саналган Атай Бейшенбек Фейсбуктагы баракчасында Кыргызстандагы кытай жарандары тууралуу темага кайрылган:
"Чет элдик жумушчу күчүнө байланыштуу коомдо айтылып жаткан сын-пикирлерди көрмөксөнгө салууга болбойт. Элдин тынчсыздануусу негизсиз эмес. Ошол эле учурда мамлекеттин позициясы так. Мыйзамды сыйлаган адам иштейт, мыйзам бузган адам жоопко тартылат. Акыркы окуялар боюнча тиешелүү органдардын ыкчам аракеттери мунун ачык далили болуп жатат. Коомдук тартипке шек келтирген ар бир фактыга мыйзам чегинде чара көрүлүүдө".
Сырткы күчтөрдүн шыкагыбы?
Атай Бейшенбек ошол эле убакта ички эмгек рыногу сырттан келген жумушчуларга көз каранды экенин да баса белгиледи:
"Бирок реалдуулукту да түшүнүшүбүз керек. Кыргызстан бүгүн тарыхындагы эң ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу, жаңы ГЭСтер, энергетикалык объектилер, жолдор жана ири инвестициялык долбоорлор өлкөнүн жакынкы келечектеги экономикасына чоң өзгөрүү алып келет. Мындай масштабдагы иштер миңдеген адистерди жана жумушчу күчүн талап кылат экен. Ал эми ички эмгек рыногу азырынча бул муктаждыкты толук камсыздай албай жатат. Мындай сезимтал маселелерди ар кандай кызыкдар күчтөр өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылаарын да унутпашыбыз керек. Анткени өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 сыяктуу ири долбоорлор башталган сайын сырттан башкарылган маалыматтык манипуляциялар жана коомдук маанайды козутууга багытталган аракеттер буга чейин да болбоду беле".
Ушул эле ойду президент Садыр Жапаров өзү да быйыл 14-июнда Балыкчы шаарында айтканы бар. Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна барган мамлекет башчысы бул үчүн айрым "үлкөн мамлекеттерди" айыптап өткөн:
"Мына, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп жатат. Ушул жерден да саясат издегендер көп. Бул жолдун курулбашына башка үлкөн мамлекеттер да кызыкдар. Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, "каптап кетти, жайнап кетти" деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга бут тосуп, кескин токтотушубуз керек".
Президент ири долбоорлорду ишке ашырууда өлкөдө адистерге карата чындап таңкыстык бар экенин, ошол үчүн Кыргызстан сырттан киши жалдоого муктаждык экенин айткан.
"Өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо, өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, өзүбүздүн колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ошол эле кезде өзүбүз да тынч отуруп алган жерибиз жок. Инженерлерибизди, курушчуларыбызды жиберип, окутуп жатабыз. Ал эми "өзүбүз курабыз" деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге блогерлерибизди барбагыла деп мен чакырып кетем", - деген Жапаров.
Соңку жылдары кытай жарандары өлкөгө көп келе баштаганы айтылып жатат. Статистикага кайрылсак, 2026-жылы Кыргызстан 61 миң жумушчу визасын берген, алардын 60% кытай жарандары алган.
"Жумуш визаларынын 60 пайызга жакыны Кытай жарандарына берилген. Алар негизинен ири инфраструктуралык жана мамлекеттик долбоорлордо иштөө үчүн тартылган", - деп билдирди Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу.
Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунан тышкары учурда өлкөдө Барскоон–Бедел автожолу, аэропортторду реконструкциялоо жана Текелик көмүр кенин өнүктүрүү сыяктуу стратегиялык долбоорлор ишке ашып жатат.
Өткөн айда жергиликтүү саясатчы жана жарандык активист Мавлян Аскарбеков кармалып, кийин ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу") боюнча айып тагылды. Кармалар алдында ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө премьер-министрге кайрылып, Кыргызстандагы кытай жарандарынын чакан жана орто бизнеске катышуусу тууралуу маселе көтөргөнүн жазган эле.
Кытайдын "жумшак күчү"
Акыркы жылдары Кыргызстан менен Кытайдын расмий деңгээлдеги кызматташуусу бир кыйла активдешти. Эки өлкө стратегиялык долбоорлорду ишке ашырып, соода-экономикалык жана саясий байланыштарын кеңейтүүдө.
Бирок коомдо Кытайга карата мамиле ар түрдүү бойдон калууда. Айрым окуялардан кийин социалдык тармактарда кытай жарандарына карата терс пикирлердин айтылышы түрдүү суроолорду да жаратат.
Мындай абал Кыргызстанга гана мүнөздүүбү же Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө да кездешеби? Анын тарыхый себептери барбы?
Айрым эксперттер совет доорунда СССР менен Кытайдын ортосундагы идеологиялык карама-каршылык коомдук аң-сезимге олуттуу таасирин тийгизгенин белгилешет. Ошол эле учурда, акыркы жылдары Кытай аймактагы экономикалык катышуусун гана эмес, билим берүү, маданият жана медиа долбоорлору аркылуу "жумшак күч" (soft power) саясатын да жигердүү жүргүзүп жатышы жергиликтүүлөрдү тынчсыздандырат, дейт эксперт Венера Сайпидин:
"Адегенде СССР менен Кытайдын мамилеси аябай жакшы болчу. Ал кезде Кытай тууралуу позитивдүү маалыматтар көп болор эле. Кийин Сталин каза болгондон кийин 1950-жылдардын экинчи жарымынан тартып, Хрущевдин "жазгы баар" саясаты менен Мао Цзедун келише алган эмес. Ошондон кийин Кытай менен ССРдин мамилеси аябай бузулуп, ал тургай, Ыраакы Чыгышта булардын куралдуу кагылуушулары да болгон. Ошондон кийин тээ 1980-жылдарга чейин ич ара мамилелери курч болгон. Ошол учурда анан Кытай жөнүндө бир тараптуу, жамандаган маалыматтар көп болор эле. Ошол негативдер дагы Кытай тууралуу стереотиптерди пайда кылган".
"Ал эми экинчи жагы, бүгүнкү күндө кытай экономикасы аябагандай өнүгүп жатышы жана калкынын саныны өсүп жатышы бизди эмес, тээ океандын ары жагындагы Американы, Батышты дагы тынчсыздандырган геоясаясий чоң маселе. Анан, албетте, Кытайдын өзүнө мүнөздүү саясий мамилелери, карым-катыштарын камтыган стратегиялык күчү бар. Аны soft power деп аташат. Аны акырын билгизбестен, кийиз менен мууздагандай саясат жүргүзөт деген коркунучтар бар. Бул тууралуу Киссинжер дагы "Дүйнөлүк тартип" деген китебинде дагы айтат. Кытай бул дүйнөдөгү Батыш жана Америкага баштаган саясатты жактыра бербесин, өзүнүн саясий түзүлүшүн, саясатын жайылтууну каалай турганын, көп акча менен Африка, Латын Америка , Жакынкы Чыгыш, Бобордук Азия жана Чыгыш Европага жасап жаткан инвестициялары менен таасири күчөп кетет деген чоң негиздүү коркунучтары бар", - деп кошумчалайт эксперт.
Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуусу саясий, экономикалык жана инфраструктуралык багыттарда улам кеңейип баратканы менен, коомдогу пикирлер эки ача. Айрымдар муну экономикалык көз карандылыктын тобокелдиги катары көрсө, башкалары муну тарыхый факторлор жана маалыматтык таасир менен түшүндүрүшөт.
Соңку окуялар бул тема коом үчүн дагы деле сезимтал бойдон калып жатканын көрсөттү.