Эмне үчүн аялдар ысыкты эркектерге караганда начар көтөрүшөт?

    • Author, Эмили Аткинсон
    • Role, Би-Би-Си
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

Би-Би-Синин аптап маалында өздөрүн кандай сезери тууралуу суроосуна аялдар абалын ушундайча сүрөттөп беришкен. Улуу Британиянын тургундары июнь айындагы адаттан тыш ысыктан кийин эми гана өзүнө келе баштаганда арал кайрадан бул сыноого туш болуп жатат.

Адаттан тыш ысык аба ырайы ар бир адамдын абалын начарлатышы ыктымал. Бирок аптап аялдын жүрөк-кан тамыр системасы үчүн чыныгы "стресс-сыноо" болот. Ысык аба ырайында эркектерге караганда аялдардын жүрөгүнө жана кан тамырларына бир кыйла жүк түшөт.

Бул тууралуу Би-Би-Си менен маектешүү маалында Улуу Британиянын Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын (NHS) жалпы практика дарыгери Нигат Ариф айтты. Ариф аялдардын ден соолугу боюнча адис.

"Аялдарда ошондой эле эркектерге карганада ысыктан улам өмүрү менен кош айтышуу тобокелдиги жогору болушу мүмкүн", - дейт Глобалдык саламаттыкты сактоо институтунун (Лондондун Университеттик колледжи) коомдук саламаттыкты сактоо боюнча илимий кеңешчиси Кэт Пиньо-Гомес. Ошол эле учурда ал дарыгерлик тажрыйбага негизделген бул тыянакты тастыктоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү талап кылынарын белгиледи.

Эксперттер аялдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл бурууга үндөп, ысыктан улам аялдар дуушар болгон тобокелдиктер тууралуу эскертип жатышат. Алар ысык аба ырайынын аялдарга тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн шарттарды түзүүгө үндөшүүдө. Британияда ысык аба ырайы көбүрөөк катталып жаткан чакта бул өзгөчө маанилүү маселе. Ошол эле учурда аба ырайынын табы буга чейинки рекорддорду улам жаңылап жатат.

Гормондор жана терморегуляциянын өзгөчөлүктөрү

"Биологиялык көз караштан алганда, аялдар үчүн ысык аба ырайынын терс кесепеттеринин жогорку тобокелдиги эки факторго байланыштуу болот. Алар: бир айдын ичинде гормондордун өйдө-төмөн болушу жана организмдин ысыкка жасаган реакциясы, ал эркектердин реакциясынан айырмаланат", - дейт Нигхат Ариф.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар эркектерге караганда азыраак тердешет. Анын үстүнө алар эркектерге караганда жогорку температурада тердей башташат.

Бул аялдардын организминин ашыкча жылуулуктан тез арылуу жөндөмүнө терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, аялдарга алардын организмине оор жүк түшүп жатканын түшүнүү кыйыныраак болот, себеби аларда белгилер байкалбайт, мисалы, тердебейт.

Ошол эле изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдардын дене табы жана организминдеги майдын пайызы эркектерге караганда жогору болот, ал эми бул болсо тез ысып кетүүнүн фактору болуп саналат.

"Буга мээнин терморегуляция системасынын ишин бузган аялдын гормондорунун табигый түрдө өйдө-ылдый болгону да кошулат", - дейт Нигхат Ариф.

"Аялдын" гормондору эстрогендин жана прогестерондун деңгээли айыз, перименопауза, менопауза, кош бойлуулук маалында жана баланы эмизген учурда олуттуу түрдө өзгөрүп турат, бул организмдин температураны жөнгө салуу жөндөмүн төмөндөтүшү ыктымал.

Мунун баары айрыкча ысык аба ырайында аялдын жүрөк-кан тамыр системасына олуттуу жүк келтирет.

Социалдык шарттар жана жаш курак

"Бирок ысыктын аялдардын ден соолугуна тийгизген терс таасиринин тобокелдигин биологиялык факторлор гана жогорулатпайт", - дейт ысыкка байланышкан өлүмдөрдүн гендердик айырмачылыктарын изилдегендердин бири Кэт Пиньо-Гомес.

Изилдөөчү белгилегендей, социалдык-экономикалык шарттар, мисалы, эмгек акынын төмөндүгү же жакындарына кам көрүү зарылдыгы аялдын аптапта өзүнө канчалык жакшы кам көрө аларына дагы көбүрөөк таасир этет.

Маанилүү факторлордун дагы бири – жаш курак. Адамдын жашы өткөн сайын ысык аба ырайына көп жакшы туруштук бере албай калат. Ал эми орто эсеп менен алганда аялдар эркектерге караганда узагыраак жашагандыктан, алар аптаптын ден соолукка тийгизген терс таасиринин көбүрөөк тобокелдигине дуушар болушат, деп түшүндүрдү Пиньо-Гомес.

Мындан тышкары, улгайган адамдарда деменциянын белгилери байкалышы мүмкүн же ушундай диагноз коюлган болушу ыктымал. Ал эми деменция адамдын суусаганын же кан басымын төмөндөтүү үчүн колдонулган диуретиктерди колдонууну талап кылган абалды таанып-билүү жөндөмдүүлүгүн чектеп коет. Изилдөөчүнүн айтымында, бул экөө тең ашыкча ысып кетүү тобокелдигин андан ары жогорулатышы мүмкүн.

Айыз маалында аялдар ысыкты кантип көтөрүшүүдө?

Нигхат Арифтин айтымында, айыз маалында гормондордун деңгээли өйдө-ылдый болуп тургандыктан, ысыкка сезгичтик да жогорулайт.

Прогестерондун деңгээли циклдин экинчи жарымында, айыз башталардын алдында көтөрүлөт. Мунун натыйжасында дене табы да көтөрүлүп, сыртта ансыз деле ысык болуп жаткан чакта ыңгайсыздыкты күчөтөт, дейт изилдөөчү.

Айыз башталганда, терморегуляциялык системага да таасир этүүчү гормондун – эстрогендин деңгээли эң төмөнкү деңгээлге чейин түшүп, жүрөккө кошумча күч келет.

"Мен көп чарчап, башым айланып, тынчсызданып, уктай албай калганымды байкадым", - деди Лондондун тургуну Микаэла Финн. Микаэланын айыз күндөрү июндун этегинде аба ырайы катуу ысыган маалга туш келген.

"Менин иш нөөмөтүм да ушул күндөргө туура келди. Эртең менен душка түшүп жатканда эле өзүмдү алсыз сездим. Өзүмө кам көрүшүм керектигин түшүнүп, жумушума чалып, ооруп калганымды айттым. Мен ал-күчтөн тайып, денем ооруп, карышып калды", - деди Микаэла Финн.

Лондондун 27 жаштагы тургуну Чарли Пэддоктун айтымында, ысык мезгилде башталган айыз маалында эки жолу эс-учун жоготуп, кан адаттан тыш көп келген. 26 жаштагы Жесс Аллингем өзүн такыр алсыз сезип, ой жүгүртүү оңой болбогонун айтты.

"Айыз маалында кан кетип, аны менен кошо организмде темир да жоголот, бул уйкуга таасирин тийгизиши мүмкүн", - деп белгилейт Нигхат Ариф.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, темирдин деңгээлинин төмөндүгү, айрыкча айыз маалында кан көбүрөөк келген аялдарда кездешет – бул болсо өз кезегинде мээге кычкылтектин жетишине да таасир этет. Дарыгердин айтымында, бул жүрөк-кан тамыр системасына түшкөн жүктү ого бетер күчөтөт.

Аптап менопауза учурунда аялдын абалын кыйла начарлатат

Нигхат Арифтин айтымында, эстрогендин деңгээлинин төмөндөшүнөн улам перименопауза жана менопауза мезгилинде аялдар түнкүсүн көбүрөөк тердешет.

"Айрыкча түнкүсүн абдан кыйналдым, өзүмдү өтө жаман сездим", - деди 57 жаштагы Чеширдин тургуну Хилари Сериф.

"Уктап жатканда бир заматта башталат: сен ансыз деле ысып жатсаң ага ысык агымдар кошулат. Бул кош сокку сыяктуу. Гормоналдык терапия абдан жардам берет, бирок муну көзөмөлдөй албайт", - дейт ал.

Кеттеринг шаарынын тургуну Розалин Уэст 41 жашта, ал перименопаузада. Анын айтымында, ысыкта жашоо аман калуу аракеттерине окшош болгон.

"Мен ич кийимимди тынбай алмаштырып турдум, акыры курбум экөөбүз тең бюстгальтерден таптакыр баш тарттык, себеби абдан тердеп, өзүбүздү ыңгайсыз сездик", - дейт Розалин Уэст.

Аптап маалындагы кош бойлуулук

Ушул жылдын башында Lancet журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, метаболизм жогорулап, суюктукка болгон керектөө көп болгондуктан кош бойлуу аялдын организми дене табын оңою менен жөнгө сала албайт. Мындан улам кош бойлуу аялдар көбүрөөк стресске дуушар болушат.

Гормондор да бул жерде чоң ролду ойнойт. Изилдөөлөргө ылайык, кош бойлуулуктун башында жана ортосунда прогестерондун деңгээлинин өзгөрүшү дене табынын жогорулашына алып келиши мүмкүн. Андан кийин төрөттүн алдында эстроген менен бирге көбөйүп, дене табын төмөндөтөт.

Салмак да мааниге ээ. "Салмагыңыз канчалык көп болсо, жүрөк-кан тамыр системасына ошончолук күч келет, себеби сиз курсагыңызда баланы көтөрүп жүрөсүз да", - деп түшүндүрөт Нигхат Ариф.

35 жаштагы Жесс Блум июлдун этегинде көз жарат. "Жайдын ортосунда кош бойлуулуктун акыркы айлары чыныгы тозокко айланды", - деп мойнуна алды Жесс.

Ал ашкананын полунда уктаганга аракет кылды, түнкүсүн муздак сууга жуунуп турду.

"Аялды аял гана түшүнөт"

Ысык аба ырайынын ден соолукка тийгизген таасири боюнча бир нече масштабдуу изилдөөлөр көрсөткөндөй, жогорку температура жүрөк-кан тамыр ооруларын күчөтүп, өзгөчө аялдардын арасында өлүм санын көбөйтүүдө.

Аптапта жүрөккө кошумча күч келип, бул болсо кан басымынын төмөндөшүнө алып келиши ыктымал. Адам тердеген сайын организм суюктукту жана тузду жоготуп, бул алсыроо абалына алып келиши мүмкүн.

Эгерде кан басымы өтө төмөн көрсөткүчтөргө чейин түшүп кетсе, жүрөк кармайт деген тобокелдик да жогорулайт.

Нигхат Арифтин кеңештери: "Суудан көбүрөөк ичип туруңуз, желдеткичтерди, муздатуучу каражаттарды колдонуңуз. Спорт менен күн чыкканга чейин же күн баткандан кийин машыгыңыз. Күндөн коргоочу кремди колдонуп, айыз циклин көзөмөлдөп туруңуз. Аптапты жүрөк-кан тамыр системасы үчүн стресс-сыноо катары кабылдаңыз. Азыраак кыймылдап, денеңизге кам көрүңүз".

Эксперт ошондой эле жумуш берүүчүлөрдү, кесиптештерди жана саясатчыларды ысык мезгилде аялдардын ден соолугуна "көбүрөөк көңүл бурууга" чакырды.

Доктор Пиньо-Гомес бул чакырыкты колдоп, буларды кошумчалады: "Бизге жетектөөчү жана таасир эте алчу кызматтарда чечимдерди кабыл алган аялдар көбүрөөк керек. Себеби, аялдардын муктаждыктарын аялдар гана жакшы билишет".

"Бул аялдарга гана тиешелүү көйгөй эмес, - дейт Нигхат Ариф. – Бул бүтүндөй коомдун көйгөйү. Эгерде биз аялдар үчүн жакшы нерсе кылсак, анда биз баары үчүн жакшы иш кылган болобуз". (ZMa)