You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түркияны өзгөрткөн төңкөрүш аракети
- Author, Би-Би-Синин Түрк кызматы
- Published
- Окуу убактысы: 6 мүнөт
10 жыл мурдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети болгону бир нече саатка созулган, бирок анын кесепеттери андан кийинки он жылда Түркиядагы саясий кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөрттү.
Көчөлөрдөгү атышуулар, эч нерсеге карабай токтобой бараткан танктар, өкмөттүк имараттардын үстүнөн ылдый учкан истребителдер, парламенттин имаратын аткылоо – мына ушунун баары телевидение аркылуу түз эфирде көрсөтүлдү.
Үч мамлекеттик төңкөрүштү жана дагы эки аскердик кийлигишүүнү башынан өткөргөн өлкө үчүн 2016-жылдын 15-июлуна караган түн буга чейин болуп көрбөгөндөй окуяга айланды.
Буга чейин Түркиянын парламентине эч качан кол салуу болгон эмес жана Стамбулдагы Босфор көпүрөсү – азыр расмий түрдө "15-июлдагы шейиттердин көпүрөсү" деп аталат – эч качан мындай кан төгүүгө күбө болгон эмес. Ошол түнү карапайым тургундар президент Режеп Тайып Эрдогандын төңкөрүшчүлөргө каршы туруу чакырыгына жооп катары көтөрүлүп чыгышкан.
Президент Эрдоган белгисиз жерден мобилдик телефон аркылуу түз эфирге чыкканы мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалган түндүн эң эсте каларлык учурларынын бири болду.
Түз эфирде Эрдоган тарапташтарын ушул эле түнү көчөгө чыгууга үндөгөн. Жалпы өлкө боюнча мечиттерде анын кайрылуусу үн күчөткүчтөрү аркылуу угузулуп турган.
Таңга жуук мамлекеттик төңкөрүш аракети күч менен басылган. Жалпы жонунан ошол түнү 253 адам, анын ичинде 184 жай тургун, ошондой эле кутумдун катышуучусу деп болжолдонгон 34 адам каза болгон.
Түркиянын аскердик кийлигишүүсүнүн узак тарыхына карабастан, парламентке буга чейин эч качан түз чабуул коюлган эмес.
Мамлекеттик төңкөрүш аракети болгону бир нече саатка созулганы менен, анын кесепеттери кийинки он жылда Түркиядагы саясий кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртүп, өлкөнүн ичиндеги күчтөрдүн теңдемин бузуп, анын чет мамлекеттер менен мамилелерин кайра карап чыгууга мажбурлаган.
Жапырт репрессиялар
Түрк бийлиги аскердик төңкөрүштүн артында АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы турат деп айыптаган. Гүлен 2024-жылы каза болгонго чейин бул айыптарды четке кагып келген.
Төңкөрүш аракетинен бир нече күндөн кийин өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, ал 2018-жылга чейин күчүндө болуп, жети жолу узартылган.
Ошол мезгилде түрк бийлиги өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң ири тазалоолорду баштаган. Өкмөт бул чаралар Гүлендин кыймылын толугу менен жок кылуу үчүн зарыл болгонун билдирген.
Президент Эрдоган менен динаятчы Фетхуллах Гүлен элдешкис атаандаштарга айланганга чейин ондогон жылдар бою жакын союздаш болушкан.
Бир кездери президент Эрдогандын жакын союздашы Гүлендин диний кыймылынын мүчөлөрү ондогон жылдар бою Түркиянын мамлекеттик органдарында жана бюрократиялык аппаратында таасирдүү кызматтарды ээлеп келген.
Мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин он миңдеген аскер кызматкерлери, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлер жана генералдар, ошондой эле соттор, прокурорлор, полиция кызматкерлери, илимпоздор жана мамлекеттик кызматчылар камакка алынып, жумуштан бошотулуп же кызматтан четтетилген.
Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деп болжолдонгон жүздөгөн жеке менчик мектептер жана окуу жайлар, ошондой эле бир нече университеттер жабылган.
Сынчылардын айтымында, репрессиялар төңкөрүштү даярдаган деп шектелгендер жана Гүлендин кыймылынын тарапкерлери менен гана чектелип калбастан, бийликтин саясатына кошулбаган адамдардын кеңири чөйрөсүнө да жеткен.
Оппозициянын өкүлдөрү мындай тазалоодон кийин убакыттын өтүшү менен башка диний жамааттар мамлекеттик мекемелерде өз таасирин бекемдей алганын ырасташууда. Бийлик мындай айыптоолорду четке кагып келет.
Эрдоган бийлигин бекемдей алды
Мамлекеттик төңкөрүштүн эң маанилүү саясий кесепети президент Эрдогандын бийлигинин бекемделиши болду.
Сынчылар мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөртүүлөрдүн натыйжасында эбегейсиз бийлик бир адамдын колунда топтолгонун айтышат.
2017-жылы шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Конституцияга өзгөртүүлөрдү колдоп беришкен. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, өлкө парламенттик системадан кеңири ыйгарым укуктарды алган президенттик системага өткөн. Бул өзгөртүүлөр кийинки жылы күчүнө кирип, премьер-министрдин кызматы жоюлуп, президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.
Тарапкерлердин айтымында, жаңы система саясий туруктуулукту камсыз кылып, чечимдерди кабыл алуу процессин тездетип, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатты.
Бирок сынчылар бул система бийликтин бир адамдын колунда ашыкча топтолушуна алып келди деп ырасташууда.
Америкалык "Freedom House" аналитикалык борбору президенттик системанын шартында мыйзам чыгаруучулардын саясатка таасир этүү жөндөмдүүлүгү кыйла начар болуп калганын белгилейт.
"Эрдоган мырза анын айткандарына көнбөгөн министрликтердин жана көз карандысыз мамлекеттик органдардын ишине көп кийлигишет", - деп белгилейт уюм Түркия боюнча акыркы баяндамасында.
Стамбул университетинин доценти Доган Четинкая бул көз карашты колдойт.
Анын баамында, президенттик система "өзүм билемдик жана көп маанилүү институционалдык структура" катары мүнөздөлөт.
Авторитаризмге карай жол
Көп жылдар бою түрк өкмөтү ансыз деле адам укуктарына жана жарандык эркиндиктерге байланыштуу сынга алынып келген, бирок мамлекеттик төңкөрүш аракетинен жана андан соң башталган репрессиялардан кийин мындай тынчсыздануу күч алды.
"Акыркы он жылдан бери Түркия авторитардык мамлекетке айланып баратат", - деп белгилейт Freedom House уюму.
Гүлендин кыймылы менен байланышы бар деп айыпталган миңдеген судьялар жана прокурорлор кызматтан четтетилгендиктен, укук коргоо уюмдары жана европалык институттар сот системасынын көз карандысыздыгына тынчсыздануусун билдиришти.
"15-июлдан кийин Түркиянын саясий жана административдик системасына кирген институттар жоюлуп, көз карандысыздыгынан ажыраган", - дейт профессор Четинкая.
"Сот жана мыйзам чыгаруу бутактары бийликтин маанилүү борборлору катары иштебей калды".
15-июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин демонстрацияларды уюштуруу барган сайын кыйын болуп калды: бийлик митингдерди өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизип, коопсуздуктун катаал чараларын көрүүдө.
Өкмөттүн жалпыга маалымдоо каражаттарына таасири күчөп, белгилүү журналисттер куугунтукталып жаткан чакта басма сөз эркиндигинин абалы да начарлады. Учурда Түркия "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун 2026-жыл үчүн Дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин индексинде 180 өлкөнүн ичинен 163-орунда турат.
Сөз эркиндиги дагы деле талаш-тартыштардын предмети бойдон калууда. Жакында эле таанымал стендап-комик президентти мазактады деп камакка алынып, иши тергелип жаткан журналисттердин, саясатчылардын жана коомдук ишмерлердин узун тизмесине кошулду.
"Он жылдан бери Түркия барган сайын авторитардык өлкөгө айланып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, саясий каршылаштарын, көз карандысыз журналисттерди жана жарандык коомдун өкүлдөрүн түрмөгө отургузуп, бийликти бекемдеп жатат", - деп белгилейт Freedom House уюму.
Прокурорлор Экрем Имамоглуну 2400 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратууну талап кылышууда.
2025-жылдын март айында Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу ондогон муниципалдык аткаминерлер менен бирге камакка алынган. Алар коррупциялык иштерге аралашкан деп айыпталууда, бирок өздөрү бул айыптарды четке кагууда. Экрем Имамоглуну көпчүлүк келечектеги президенттик шайлоодо Эрдогандын эң күчтүү атаандашы болот деп болжолдоп жаткан. Экс-мэрдин иши боюнча соттук териштирүү уланууда.
Түрк бийлиги төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөртүүлөр жана андан кийинки тазалоолор саясий туруктуулукту, улуттук коопсуздукту жана демократиялык институттарды бекемдегенин ырастайт. Бийлик муну мамлекетке коркунуч туудурган уюмдарга байланышы бар адамдарды четтетүү аркылуу ишке ашырып жатканын айтууда.
Куралдуу күчтөрдүн ролу азайды
Ондогон жылдар бою түрк куралдуу күчтөрү өздөрүн Мустафа Кемал Ататүрк негиздеген светтик республиканын сакчылары деп эсептеп, саясий толкундоолор учурунда бир нече жолу саясатка кийлигишип келишкен.
2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин бир катар түзүмдүк реформалар куралдуу күчтөрдүн үстүнөн ишенимдүү жарандык көзөмөлдү камсыз кылды.
Көптөгөн талдоочулар акыркы он жылда киргизилген өзгөрүүлөр иш жүзүндө аскерлердин Түркиянын саясатына кийлигишип келген дооруна чекит койду деп эсептешет.
Аскердик академиялар жана госпиталдар кайра түзүлдү же жабылды, ал эми аскердик бөлүктөр шаарлардын борборлорунан алыс жайгаштырыла баштады.
"Армия ар дайым саясатты көзөмөлдөө механизми катары иштеп келген", - дейт профессор Салик.
Түркиянын жаңы тарыхында [15-июлда] адамдар биринчи жолу аскердик интервенцияга жигердүү каршылык көрсөттү. Бул жагынан алып караганда, бул окуя маанилүү бурулуш болду.
Салик аскерлер ушул тапта Түркиянын саясатына таасир этүү жөндөмүн "толугу менен жоготкон" деп эсептешет.
Коопсуздукту камсыз кылууга багыт алган саясат
Мамлекеттик төңкөрүш аракетинен соң Түркиянын тышкы саясаты да олуттуу өзгөрүүлөргө туш болду.
Төңкөрүш аракетинен кийинки айларда жана жылдарда Анкара Сириянын түндүгүндө үч ири чек аралык аскердик операцияларды жүргүзгөн. Бул операциялар "Ислам мамлекети" тобуна каршы да, Элдик коргонуу отряддарына (ЭКО) каршы да багытталган.
Анкара Сириянын түндүгүндөгү ЭКОнун жетекчилиги алдындагы күчтөргө каршы аскердик операцияларды улантып, ошол эле учурда алар менен тынчтык процессин жандандырууга умтулууда.
Түркия ЭКО Күрдстандын жумушчу партиясы (PKK) менен байланышы бар деп эсептейт. PKKны Түркия, АКШ жана Европа Биримдиги террордук уюм деп тааныган. Акыркы жылдары РКК менен тынчтык процессин жандандырууга аракеттер көрүлүүдө, бирок азырынча мындан көп жакшы майнап чыга элек.
Профессор Салик мамлекеттик төңкөрүш аракети Түрк мамлекетинде коопсуздукту камсыз кылууга багытталган көз карашты бекемдегенин айтат.
"Мамлекетти коргоо башкы артыкчылыкка айланды", - дейт ал.
НАТОнун саммитине катышуу үчүн Анкарага келген АКШнын президенти Дональд Трампты чоң сый-урмат менен тосуп алышты.
Түркия НАТОнун негизги мүчөсү бойдон калганына карабастан, Орусия менен байланышын бекемдеп, ар тараптуу тышкы саясатты жүргүзүүдө. Түркиянын орусиялык С-400 абадан коргонуу комплексин сатып алышы Вашингтон менен мамилелерин олуттуу түрдө начарлатты. Мунун натыйжасында АКШ санкцияларды киргизип, Түркияны F-35 истребителдерин түзүү программасынан чыгарып салган.
Анткен менен өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп санкцияларды алып саларын айтып, F-35 истребителдерин сатуу маселесин кайрадан карап чыгууга даяр экенин билдирди.
Ошол эле учурда Түркиянын Европа Биримдигине кирүү процесси узакка созулуп, 2018-жылдан бери мүчө болуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтык бере элек. (ZMa)